Анын алдында аталган министрлик өзүнө караштуу бардык бөлүм-мекемелердин жетекчилерине маалымат кызмат менен кеңешпей туруп кабар берүүгө тыюу салганы белгилүү болгон эле.
Бул окуя ушул кезге чейин бир да жолу маалымат жыйын бербеген, түнт премьер катары сыпатталган Сооронбай Жээнбековдун өзү жана анын өкмөтүнүн маалымат менен камсыздоо саясаты, ачыктыгы тууралуу талкууларды да жаратты.
“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Саламаттык сактоо министрлигин сотко берүү максатында документтерди даядап жатат. Бул бейөкмөт уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова министрлик, дегеле өкмөт жарандардын маалымат алуу укугун чектеп жатат деп сынга алды:
- Өкмөт жарандардын фундаменталдык, эл аралык, жарандык жана саясий укуктарын чектебеши керек. Ушундай трагедияда өкмөт тескерисинче мүмкүн болушунча жардам бериши керек эле. Булар болсо акча чогултуу менен алек. Даректүү жардам элге, жабыр тарткандарга жетпей жатат. Азыр эми дарыгерлерди чектеп жатат. Алар деген тескерисинче баарын айтып турушу керек эле. Жабыркагандарды мейманканага, ооруканага жаткырып коюшту, чечилбеген проблемалар калды.
Ушундай трагедияда өкмөт тескерисинче мүмкүн болушунча жардам бериши керек эле. Булар болсо акча чогултуу менен алек. Даректүү жардам элге, жабыр тарткандарга жетпей жатат.Төлөкан Исмаилова
Өткөн аптада Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаеванын көрсөтмөсү жарыяланып кеткен. Анда министрликке караштуу өлкөнүн бардык аймагында жайгашкан бөлүмдөрдүн, мекемелердин жетекчилерине, дарыгерлерге жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүүгө тыюу салынган. Ошондой эле жумуш маалында социалдык тармактарды колдонууга жана өздөрү иштеген тармакка байланышкан маселелер боюнча пикир жазууга болбой турганы жазылган. Министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова муну авиакырсыкка байланыштуу убактылуу гана чара деп түшүндүрдү:
- Бул дарыгерлердин баарына такыр эле маалымат бербегиле деп тыйган көрсөтмө эмес. Негизи ошол авиакырсыкка байланыштуу жана Дооталиева деген социалдык тармактарга кырсык тууралуу табалаган мазмундагы пикирлерди жазбады беле. Ушундай учурларга байланыштуу чыгарылган ички көрсөтмө болчу. Бул көрсөтмө азыр ишке кирген, өзгөрө элек. Бирок ал көрсөтмөнү кайра карап чыгышат окшойт.
Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берүүнү чектеген учур негизи буга чейин да болгон. 2013-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө кара тумоо оорусу катталганына байланыштуу дүрбөлөң чыккан. Министрликтин ошол кездеги маалымат катчысы Елена Баялинова өкмөт маалыматты “ашкере” таратты деп айыптап, кысмакка алганын айтып чыккан эле.
Жабык өкмөт, түнт премьер...
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат берүүнү чектегени өкмөттүн өзүнүн жабыктыгы тууралуу талкуу жаратты. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул кызматка киришкенине бир жылга жакындап калса да маалымат жыйын өткөрө элек. Медиа эксперт Азамат Тынаев анын өкмөтү маалымат менен камсыздоодо аксап жатат деп баа берди:
- Эгер маалымат болбосо ошол боштукта ар кандай ушак, божомолдор жана так эмес маалымат жайылып кетиши мүмкүн. Сооронбай Жээнбековдун учурунда маалымдоо иштери аксап калды. Премьерликке киришип жатканда, өкмөттү чогултуп алып прессадан алыс болгула деген маанидеги сөздөрдү айткан болчу. Ошондо эле анын багыты каякка барары түшүнүктүү болгон. Бирок азыр деле кеч эмес. Эгер ушундай сындарды таарынбай туура кабыл алып, туура чечим чыгарып жөнгө салып кетсе болот. Маалымат таңкыс деген коомчулук деле тынчып калмак. Анткени өкмөттүн маалымат кызматында иштегендер ишбилги адистер, журналисттик чөйрөнү жакшы билет, аларга буйрук берилсе эле иштерин жөндөп кетет. Өкмөттүн маалымат таратууда катуу аксай турганы айрыкча мобул авиакырсыкта даана байкалды.
Талдоочу Турат Акимов Сооронбай Жээнбековдун журналисттик чөйрөдөн өзүн оолак кармаган себебин мындайча чечмеледи:
- Сооронбай Жээнбековдун өзүнө чейинки айрым премьерлерге окшоп президент болом деген амбициясы деле жок. Анын болгон, жеткен даражасы ушул. Мындан жогору жакка умтулбайт. Экинчиден, ал кызматка киришип жатканда Алмазбек Атамбаевден өзүңдү жарнамалаганды, көрсөткөндү токтотуп иште деген өңдүү насаат да алса керек. Анткени анын кетерине деле бир жыл калды ошондуктан колунан келишинче баштаган иштерди, кичинекей долбоор болсо да ошолорду бүтүргөнгө аракет кыл деп сунуштады го дейм.
Анткен менен премьер-министрдин иштөө ыкмасын анын артыкчылыгы деп баалагандар да бар. Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов аны сөздөн ишке өткөн жетекчи катары баалады:
- Бул киши көп сүйлөбөй, билегин түрүнүп алып эле иштей берген адам экен. Ушундай артыкчылыгы бар экен. Кичине эле кар түшсө 10 метрей жерди тазалатып коюп, мына муну мен жасадым деп мактанып чыккандан алыс экен. Шарттан, учурдан пайдаланып бир упай топтоп ала калайын дебейт экен. Отуруп алып эле иштей берген илгерки жетекчилердей экен. Бирок ошол эле учурда өзүнүн алдындагы кызматкерлерге, өкмөт мүчөлөрүнө талапты кое билет экен. Мына, он чакты министр, мекеменин жетекчилерине сөгүш бербедиби. Мен байкагандан анын аппараты премьердин ушундай, ачыкка чыкпай эле иштеген ыкмасын жактырышат экен.
Апрель ыңкылабынан кийин Сооронбай Жээнбековго чейин өкмөт башкаргандардын баары эле журналисттердин эсинде ачыктыгы менен калды. Алтургай “ачык өкмөт” деген программа киргизип, өкмөт мүчөлөрүн маалы-маалы менен жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугуп турганга милдеттендирген премьерлер да болгон.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.