Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

ИИМ: кадр дайындоодогу калпыстыктар


Ички иштер министрлигинин учурдагы кадр саясаты милициянын аброюна көлөкө түшүрүп жатканы тууралуу президентке жазылган кайрылуу деген арыздын көчүрмөсү интернетке тарады.

Анда мурда оор кылмышка шектелген жана буга чейинки ишмердиги суроо жараткан адамдардын ички иштер органдарындагы жетекчи кызматтарга дайындалып жатканы боюнча маселе көтөрүлүп, мамлекет башчысына муну текшертип, ага чара көрүү зарылдыгы айтылган. Кадр маселеси акча аркылуу чечилип, таза иштеген күчтүү кызматкерлер иштен кетип жатканы белгиленген.

Мындай кадр саясатына катышы бар адам катары министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун ысымы аталып, анын кызматтык ишмердигин иликтөө жагы сунушталган.

Өлкө жетекчилигине жолдонгон кайрылуу

Президент Алмазбек Атамбаевдин наамына жана өкмөт менен парламенттин дарегине жолдонгон бул кайрылууда ички иштер органдарындагы кадрдык калпыстыктар тууралуу сынчыл маалыматтар келтирилген.

ИИМ министри Улан Исраилов менен президент Алмазбек Атамбаев.
ИИМ министри Улан Исраилов менен президент Алмазбек Атамбаев.

Ички иштер министрлигиндеги кадр маселесин учурда министр Улан Исраилов эмес эле, анын орун басары Данияр Абдыкаров чечип, жетекчи кызматка туруунун же ээлеген ордун сактап калуунун баасы 30 миңден 100 миң долларга чейин жеткени кайрылууда көрсөтүлгөн.

Анда мунун натыйжасында капчыгы калың, бирок ишмердиги күмөндүү адамдар ички иштер органдарын каптап гана тим болбостон, учурда алар жетекчилик кызматтарга дайындалып жатканы, бере турган акчасы жок, бирок кесипкөй адистер кызматтан негизсиз жерден сүрүлгөнү белгиленген.

Ички иштер министрлигине караштуу коомдук кеңештин төрагасы Толкунбек Исаков бул кайрылуудагы маалыматтар жакынкы жыйындардын биринде карала турганын билдирди:

- Азыркы учурда коомдук кеңештин көп мүчөлөрү эмгек өргүүсүндө жүрөт. Мына ошого байланыштуу биз азырынча бул маселе боюнча жыйынга чогула элекпиз. Биз август айынын аягында же сентябрдын башында кезектеги жыйынды өткөрөбүз. Ошол жыйында эл эс алып жүргөн учурда топтолуп калган жагдайлардын баарын чогултуп туруп, талкууга чыгарып карап, анан өзүбүздүн сунуштарыбызды беребиз. Эгерде чынында эле мына ошол министрдин орун басары туура эмес кыймыл-аракеттерге шектелсе, ошондой иштерде байкалса, биз ал боюнча дагы маселени карайбыз. Биз министрликтин бир органы эмеспиз. Биз коомдук кеңеш болгондуктан, коомчулуктун атынан келген өкүлдөрдөн турган уюм болгондон кийин өз алдынча пикирибизди айтуу колубуздан келет. Анан албетте, ар бир ошондой одоно укук бузуу же этикалык эрежелер бузулган жагдайларды карап, ага реакция жасайбыз.

Абдыкаровдун жообу

Ошондой эле президенттин наамына жолдонгон кайрылууда ички иштер органдарын реформалоо шылтоосу менен жүргүзүлүп жаткан күмөндүү дайындоолорго жана орун которуштурууларга ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун тиешеси бар экени айтылып, анын милициядагы мурдагы кыңыр иштерине карабастан чоң секирик менен кызматынан жогорулап, ал тургай "Эрдик" медалына ээ болгону алар үчүн түшүнүксүз экени айтылган.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров өз дарегине айтылган дооматтарды жалган жалаа катары гана четке кагып, буга байланыштуу кыска гана жооп узатуу менен гана чектелди:

- Мен кадр маселесин эч кандай көзөмөлдөбөйм. Кадр маселесине менин эч кандай тиешем жок. Кечирип коюңуз, бул мага тиешелүү суроо эмес. Кадр маселесин мен карабайм.

Жетекчиликке кимдер келишти?

Кайрылууда милициянын полковниги Анвар Алиевдин атып өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген шек менен мурда 25 жылга соттолуп, кийин акталган Шавкат Жунусов Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция башчылыгына дайындалганы, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Мирлан Каниметов күбөлөрдү коргоо бөлүмүн жетектеп калганы мисалга алынган.

Анан дагы 2013-жылы Өзгөндөгү күрөөканадан 9 килограммдан ашуун алтын буюмдарынын жана ири өлчөмдөгү акчанын уурдалышына байланыштуу кылмыш иши боюнча шектелген райондук милиция башчысынын мурдагы орун басары Арабидин Акунбеков кийин акталып, ушул жылдын июнь айында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүн жетектөөгө дайындалган.

Милицияны сынаган каргаша

Милицияны сынаган каргаша

Июнь каргашасында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы элдин тынчтыгын сактоо учурунда жалпысынан 9 милиция кызматкери каза тапкан. Алар: Адылбек Султанов, Мыктыбек Сулайманов, Уран Шамурзаев Ибрагим Кулбаев, Кыялбек Бегалиев, Нурбек Жумабаев, Бакыт Байкишиев, Канжарбек Шадыбеков жана Бекали Айдаровдор эле.

Учурунда Өзгөн райондук прокуратурасы Акунбековго алты кылмыш беренеси боюнча иш козгоп, айыбын угузган. Өзгөн районунун мурдагы прокурору Сүйүндүк Мамыров Арабидин Акунбековго байланыштуу бул кылмыш иши кезинде толугу менен тергелип, сотко өткөрүлгөнүн билдирди:

- Мен ал айыптоо корутундусуна колумду коюп туруп, сотко жөнөткөм. Адатта, айыбы угузулгандан кийин анан ал иш сотко жөнөтүлөт да. Кийин анан мен башка жакка жумушка которулуп кеттим. Ал соттун биринчи инстанциясында акталган. Анан кийин кайра жазып, андай-мындай болуп жүрүшкөн. Бул иштин акыры эмне болгону белгисиз. Менимче, бул иштин чоо-жайы аягына чейин чыга элек болушу дагы мүмкүн. Мен аны азыр так биле албайт экем. Бул тууралуу так маалымат азыр облустук прокуратурада. Аны кийин облустук прокуратура тергеп, анан өздөрү, мына ошол облустук прокуратуранын тергөөчүлөрү көзөмөлгө алган.

Кылмыш ишинин материалдары боюнча Куршаб айылынын тургуну Бурул Маткеримованын үйүнөн сейфин бузуп, алынган алтын буюмдарын жана ири өлчөмдөгү акчаны уурдоого шектүү эки адам 2012-жылы 3-ноябрда Жалал-Абаддан кармалган. Ал кездеги Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп турган Арабидин Акунбековдун оозеки буйругу менен кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоо жайынан сырткары жерде мыйзамсыз кармалганы аныкталган. Арабидин Акунбековду айыпкер катары жоопко тартуу боюнча токтомдо ал кызматкерлери менен биргеликте жеке пайда көрүү максатында кармалган адамдар катып койгон жерден табылган далил заттардын көлөмүнүн бир топ азайтылышына катышы бар кызмат адамы катары айыпкер деп табылган.

Соттошуу бүтө элек...

Бирок Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Арабидин Акунбеков буга чейинки эки жолку соттук баскычта тең толугу менен акталып чыкканын айтып, муну ага жабылган курулай жалаа болгон деп атады:

- Бул эми курулай эле доомат болгон да. Чын. Кылмыш иши козголгон. Соттун биринчи инстанциясынан акталгам. Анан экинчи инстанциядан дагы акталып чыккам. Азыркы учурда дагы соттошуп жатабыз. Мен бул боюнча аябай көп комментарий бердим да. Сиз бул тууралуу чындыкты адвокаттан сурасаңыз, ал толугу менен кенен кылып, туурасын айтып берет. Бул курулай эле доомат. Ал мага жалаа жапкан тарап өзү сүткорлор.

Милициянын абройу сыноодо

Ички иштер министрлигинин коомдук кеңеши Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүн жетектөөгө Арабидин Акунбековду алып келген ал дайындоодон кабары бар. Адатта кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттук териштирүүлөр аягына чыга электе кызматкер жетекчиликке дайындалбайт. Бул тууралуу айткан министрликтин коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков буга окшогон дайындоолор милициянын аброюна шек келтире турганын айтып, бул багытта өзгөчө пикирин билдирди:

- Бул жерде мына ошондой чечим кабыл алууда "мыйзамдуу күчүнө өкүм кире элек, ал адамдын соттолду деген макамы жок" деген ой менен дайындалган экен. Ал киши зер буюмдарына тиешелүү жасалган кылмыш иши боюнча шектелген болушу керек. Бул боюнча сөзсүз түрдө биз өз пикирибизди айтабыз. Бул укуктук жактан туура болгон күндө дагы, ал этикалык жактан туура эмес. Райондук милициянын башчысы деген мына ошол райондогу тартиптин жана мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзө турган адам. Анан кийин ал мына ошондой репутациясы менен кызматка келгени биздин оюбуз боюнча туура эмес.

Адатта ички иштер органдары аскерлештирилген күч түзүмү болгондуктан өздүк курам жетекчиликке сын айтып, ага карата арызданган учурлар сейрек кездешет. Бирок бул кайрылуунун башында Ички иштер министрлигиндеги моралдык-психологиялык абал чегине жеткендиктен, алар президенттин өзүнө кайрылууга аргасыз болгону жазылган. Өлкө жетекчилигинин наамына жазылган бул кайрылууга Ички иштер министрлигинде иштеген жети адам кол койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG