Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Бишкек мэри жетекчи кадрларды алмаштырды


Бишкектин мэриясы.
Бишкектин мэриясы.

Бишкек мэриясынын жетекчилик курамында ири кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Катары менен үч вице-мэр, бир аким жана айрым шаардык кызматтардын башчылары кызматынан алынып, ордуна жаңы жетекчилер келди. Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бул кадрдык жүрүштөрдү шаар мэринин иштин натыйжалуулугун арттырып, жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу аракети катары мүнөздөдү. Ошол эле кезде жарандык активисттер кадрдык өзгөрүүлөрдүн чыныгы себептери коомчулукка ачык жарыяланбаганын башкаруу тутумунун саркындысы катары баалашты.

Каз-катар дайындоо

Бишкек мэриясынын шаар курулуш иштерин караган вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев ордун бошотуп, шаардык суу чарба кызматын жетектөөгө кетти. Анын ордуна мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Уланбек Азыгалиев вице-мэрликке дайындалды. Социалдык тармакты караган вице-мэр Асел Куламбаева кызматынан алынып, ордуна Октябрь районунун акиминин орун басары Татьяна Кузнецова келди. Транспорт тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэр Максим Ситников Октябрь районунун акимдигине которулуп, анын ордун мэриянын жер ресурстар башкармалыгын жетектеп келген Азизбек Алымкулов ээледи. Коомдук-мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев кызматынан алынып, анын ордуна Октябрь районунун мурдагы акими Ренат Айтымбетов дайындалды. Төртүнчү вице-мэр Рыспек Сарпашев кызмат ордун сактап калды.

Бишкек мэриясынын өкүлү Гуля Алманбетова мэрдин соңку кадрдык жүрүштөрүн шаар жетекчилигинин иштин жыйынтыгын чыгаруу аракети менен байланыштырды:

Гуля Алманбетова.
Гуля Алманбетова.

- Мэр жаңыдан кызматка киришкенде эле өзүнүн ар бир орун басарына жоопкерчиликти бөлүштүрүп, иштин натыйжасын карап, анын жыйынтыгын байкоого алды. Бул киши жарым жыл ичинде кимдин колунан кандай иш келерин байкады окшойт. Ошонун негизинде соңку чечимдерди кабыл алды. Анан калса шаарда, айрыкча жаңы конуштарда орун алган бир катар көйгөйлөр бир топ жылдан бери чечилбей, курч маселеге айланган. Анан барып эле бардык жоопкерчилик мэрдин өзүндө калып, ага доомат койгондор көп болуп жатпайбы. Анын баарын чечкенге жалгыз мэр өзү жетишпейт. Ал эми көйгөйлүү маселелердин көпчүлүгү чечилбей турат. Ушул иштердин жөнгө салып, чечкенге тажрыйбалуу, кесипкөй жана иштин көзүн билген жетекчилер керек.

Бишкек мэриясындагы жетекчилик кызматтан алынгандардын, башка жумушка которулгандардын жана жогорку кызматка дайындалгандардын көпчүлүгүн буга чейин бул системада иштеп келгендер түзөт.

Жаш жетекчилердин толкуну

Бирок алардын арасынан шаар курулуш тармагын кароого жана транспорт тармагын көзөмөлдөөгө келген вице-мэрлер Уланбек Азыгалиев менен Азизбек Алымкулов мэрдин командасындагы эң жаш кадрлар катары мүнөздөлүүдө.

Шаар тургундарынын укугун коргогон, жарандык активист Калича Умуралиева бул эки жетекчиден үмүтү чоң экенин айтып, бирок азыркы башкаруу системасы аларды бузуп салбайбы деп кабатыр болуп турганын билдирди:

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Уланбек Азыгалиев менен Азизбек Алымкуловдун жетекчилик сапаттарын алар шаардык мэриядагы капиталдык курулуш башкармалыгы менен жер ресурстар башкармалыгын аз убакытта жетектеп турган учурдан бери билип калдык. Мисалы, Азизбек Алымкулов жаңы эле кызматка келип, жер ижараларын инвентаризация кылып, бюджетке акча түшүрүүнү көбөйткөнүн көрдүк. Булар мурдагы жетекчилерден айырмаланып, ачык-айкын жана так иштегенге аракет кылган жигиттер экенин көргөзө алышты. Алар шаардын жетекчи кызматтарына барганына сүйүндүк. Бирок эми биздеги азыркы башкаруу системасы иштеп турганда аларды да ичине сиңирип алып, бузуп коюшпайт бекен деген кооптонуу бар. Жаңы көз караштагы жетекчилер эски системада эми кандай иштейт экен деп турабыз.

Ошол эле кезде Бишкектин айрым тургундары мэриянын жетекчилик курамындагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн чыныгы себептери эмнеге ачык жарыяланбаганына түшүнбөй турушат. Алардын айтымында, кызматтан алуунун себептери жана алардын ордуна кызматка келе тургандардын татыктуулугу боюнча маселе ачык коюлганда жоопкерчилик жогору болмок.

Себеби жашырылган кадрдык жүрүштөр

Мисалы жарандык активист Айбек Бузурманкулов кызматын тапшырган айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү:

Айбек Бузурманкулов (Айбек Мырза).
Айбек Бузурманкулов (Айбек Мырза).

- Дүйшөмбиевдин кызматтан кеткенин туура эле көрөм. Анткени бул адам вице-мэр болуп тургандан бери шаардагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу иштерде анын аты аябай көп аталган. Буга байланыштуу аны кызматтан алуу талабы менен нааразылык акциялары да болгон. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин аны кызматтан алууга эч кимдин кызыкчылыгы болбой, ал шаардагы «түшпөс ханга» айланган жайы бар эле. Негизи бул адамды кызматтан алып, кайра башка кызматка которуп жибербей, анын жоопкерчилиги каралышы керек болчу. Негизи кайсы жетекчи эмнеге кызматтан алынганы жана анын ордуна бара жаткан адам эмне себептен ал жакка барууга тандалганы коомчулукка ачык түшүндүргөндө алардын жоопкерчилиги жогоруламак.

Анткен менен Бишкек шаардык мэриясынын өкүлү Гуля Алманбетова 2010-жылдан бери вице-мэрлик кызматта жүргөн жана ага чейин шаардык архитектура башкармалыгын жетектеген Бакытбек Дүйшөмбиевди шаардын суу чарбасын жетектөөгө которууда эч кандай саясат жок экенин айтты:

- Бул кадрдык жүрүштөрдүн негизинде Бакытбек Дүйшөнбиев шаардык суу чарба тармагын жетектөөгө кетти. Анткени ал жакка кесипкөй курулушчу керек болуп жаткан болчу. Ал жакта өндүрүш жана эксплуатация функциясы гана бар болчу. Эми анын функциясын кеңейтиш үчүн ал тармакты жетектөөгө курулушчу керек эле. Ошондуктан ал киши ушул кызматка которулду.

Баш калаа макамындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети 2018-жылдын эсеби боюнча 8 миллиард сомдун айланасында бекитилген. Бишкек мэриясынын өз алдынча башкаруу макамына ылайык, шаардык мектептер менен бала бакчаларды жергиликтүү бюджеттен каржылоого укук алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG