Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Жалал-Абад мэринин окуясы териштирилет


Урниса Турдиева.
Урниса Турдиева.

Жалал-Абад шаарынын 72 жаштагы тургуну Урниса Турдиева мэрден өз иш бөлмөсүндө ыдык көргөнүн билдирип, прокуратурага кайрылды.

Бул маселе президентке чейин жетип, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков окуяны териштирип, чара көрүлө турганын айтты. Шаар башчы Мураталы Тагаев күнөөсү болсо мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Урниса Турдиева шаардагы эски эки кабаттуу үйдүн экинчи кабатында жалгыз жашайт. Карыганда экинчи кабатка чакалап суу ташуудан кыйналып, бузулуп калган газ плитасын оңдоп берүүнү өтүнүп шаар бийлигине кайрылган. Дагы башка социалдык маселелер боюнча калаа башчысына барган Турдиева мэрден ыдык көргөнүн айтты:

- Кыш жакындаганда батиримдеги мештен газ чыга бергендиктен ошону алмаштырып берүүнү, үйдө даараткана маселесин чечип берүүнү суранып, мэрдин атына кат жазганмын. 28-ноябрда мэрге бардым, иш бөлмөсүнө киргенде эле Тагаев мени карап эле: "Бар, чык!" деди. “Мен эмнеге чыкмак элем? Бул сенин жеке үйүң эмес, мен мамлекеттик мекемеге келдим” дедим. Дароо колумдан катуу кармап жетелеп жөнөдү. "Кадыр-барктуу мекемеге келдим, чыкпайм" деп каршылык көрсөттүм. Дагы эки эркек адам пайда боло калышып, үчөөлөп мени сыртка чыгарып коюшту. Ыза болуп келдим. Тагаев мурда шаардык кеңештин төрагасы болуп турган кезде да бир маселе менен барып, сөз талаша кеткен жайыбыз бар. Балким ошондо кек сактап, мени жаман көрүп калганбы деп ойлоп жатам.

Жалгыз бой эне Турдуева 53 жылдан бери шаарда жашайт. Ал кезегинде Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында 23 жыл эмгектенип, үйү жок мугалимдердин катарында 1981-жылы дал ушул бир бөлмөлүү батирге ээ болгон. Урниса Турдиева 3-декабрда Жалал-Абад шаардык прокуратурасына мэрге каршы кайрылганын айтты:

- Прокуратурада иштеген тааныш кызматкерге окуяны айтып берсем, "арыз жазыңыз" деди. Мен ага чейин "жыйынтык чыкпаса керек" деп көңүлдөнбөй койгом. 3-декабрда шаардык прокуратурага мэрге каршы арыз жаздым. Алардан жооп болбогон соң 6-декабрда кайрадан прокуратурага барсам, соттук-медициналык экспертизага жөнөттү. Ал жактан мага шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө колумду текшертүүгө жолдомо беришти. Дарыгерлер карап, оң колум чоюлуп калганын айтышты. Ал кагаздардын баарын соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө алып келип тапшырдым. Андан бери прокуратурадан дайын жок.

Урниса эне 2005-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигине каршы чыккан Жалал-Абаддагы жигердүү аялдардын бири. 2010-жылдагы апрель окуяларына да катышкан. Бирок айрымдары аны арызчыл аял катары сыпатташат. Жалал-Абад шаарынын прокурору Арсланбек Мурзаев мэрге байланышкан окуя териштирилип жатканын билдирди:

- Ал эженин арызы бизде катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык кароодон да өткөн. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев прокуратурага жазылган арыздан кабары жок экенин айтты. Мэр улуу адамга кол көтөрүп, мэриянын имаратынан чыгарып коюуга абийири жол бербей турганын, анын айткандары жалган жалаа экенин кошумчалады:

- Менин үстүмдөн прокуратурага жазылган арыз боюнча сизден угуп жатам. Шаардык мэриянын кире беришинде мэр бейшемби күндөрү жарандарды кабыл алаары жазылып турат. Ошентсе да ар күнү кайрылгандарды кабыл алууга аракет кылам. Бирок менин үстүмдөн кайрылган эжени жакшы тааныбайт экенмин. Бир күндө жүздөгөн тургундарды кабыл алууга туура келет. Эми биздин жумуш көп тармактуу түйшүк да. Ал эми бизге кайрылган эже мага чейин 1-орун басарыма да кирип чыккан экен. Эже "үйүмө газ плита сатып бергиле" деп келген экен. Мага келгенде мен кабыл алганмын. Бирок жыйынга шашып жаткандыктан: "Эже, кандай гана арызыңыз, жеке маселеңиз болсо мэриянын биринчи кабатында бирдиктүү терезе деген бар. Ошол жерге арызыңызды таштап кетиңиз. Мыйзамга ылайык 14 күн ичинде жооп беребиз" деген жообум болгон. Эмоцияга алдырып, ар кандай сөздөрдү айтып, жеке беделиме акаарат сөздөрдү айтып кирди. Мага орун басарым Руслан Алтымышов кирип калып, ал да ар кандай ачуу сөздөрүнө туура мамиле кылып, узатып койгон. Мен жыйынга кирип кеткенмин. Анан бөлмөдө эже айткандай терс мамиле жасабайм. Эгер күнөөм болсо жооп бергенге даярмын.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад мэринин шаардын 72 жаштагы тургунуна мэрия имаратында кылган мамилеси териштирилерин 19-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында журналисттин суроосуна жоп берип жатып билдирди. Мындан суроону “Ачык саясат” гезитинин журналисти узаткан.

"Мэрдин бул аракетин териштирейин, эгерде 72 жаштагы адамга андай мамиле кылса мыйзам чегинде жооп бериши керек", - деп жооп кайтарган Сооронбай Жээнбеков.

Жалал-Абад шаарынын мэринин атына Урниса Турдиева сыяктуу шаар тургундарынан быйылкы жылы 1327 кайрылуу келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгүматериалдык жардам жана жер тилке сурап кайрылган. Былтыр 2017-жылы болсо миңден ашык кат келген. Мэрия аппараты алардын баарына өз убагында жооптор берилгенин айтууда.

Мураталы Тагаев мурдагы спикер жана президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG