Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Өткөндү эстеткен "өзгөчө пикир"


Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имараты.
Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имараты.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алмазбек Курманалиевдин президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн салыштырган макаласы кызуу талкууга түштү.

Анда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө байланыштуу баяндамасы сынга алынып, "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда бул багытта жасалган иштерди жокко чыгаруу аракети бар" деген кине коюлган. Президенттин аппараты буга азырынча комментарий бере элек.

Эски топтун "эскертүүсү"

Макаланын башында эле "Эгерде Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү баштаса, анда Атамбаевдин тушунда эмне жасалган?" деген суроо кабыргасынан коюлган. Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров мурдагы катчынын кайрылуусу тууралуу мындай деди:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Анын "коррупцияга каршы күрөштү баштаганы жатам" дегени саясий өңүттөн алганда моралдык жактан туура эмес. Аны жарыялабай эле жасай берсин. Бул анын түздөн түз кызматтык милдети. ИИМди, УКМКны, Башкы прокуратураны сындап, бирок кайра "ичиңердеги коррупция менен, өзүңөр менен өзүңөр күрөшкүлө" дегени түшүнүксүз болуп калды. Алар өз айыбын өздөрү ачмак беле? Атамбаев анын талапкерлигин көргөзүп, "мен айткан жол менен кетет, чектен чыкса түздөп, ордуна коюп коём" деп ачык эле айтпады беле. Анан арыктан аттап өтүп алгандан кийин азыр асмандан түшө калгандай болуп, "коррупция менен күрөшөм" дегени күтүүсүз болсо керек. Бирок коррупция менен чыныгы күрөш болоруна мен ишенбейм. Бул жөн эле айтылган сөз.

Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттин укук коргоо органдарын айыптаганын орунсуз деп атаган. Анан ал "президенттин айланасындагылар Атамбаевдин мезгилинде коррупцияга каршы жасалган иштерди жокко чыгарып, Сооронбай Жээнбековду жолдон адаштырып жатканын" белгилеген.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев муну Алмазбек Атамбаевдин командасынын президентке берген одоно эскертүүсү катары мүнөздөдү:

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

- Курманалиев мындай материалды жазып чыкмак эмес. Менимче мунун артында мурдагы аппарат башчы Фарид Ниязов турат. Тексттин стили ошонукуна окшошуп турат. Мүмкүн жамааттык негизде чогулуп, отуруп жазышса керек. Президент өткөндө укук коргоо органдарынын жетекчилери жакшы иштебей жатканын, коррупцияга өздөрү малынып калганын айтып, акыйкат сындаган болчу. Бул материал ошого жооп катары даярдалып, эскертүү берилиптир. Анда ачык эле "эгерде ушундай жол менен кете турган болсоң, анда Кыргызстанда туруктуулук жоголот" деп коркутуу менен белги берилгени көрүнүп турат. Ушундай жагдайдан кийин биздин эл шайлаган, эл таяна турган президенттин кадамы кандай болот?

"Унчукпай жүргөн" мезгил жана учур талабы

Макалада Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде анын дарегине укук коргоо органдарын реформалоо жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча талаптар айтылып келгени көрсөтүлгөн. "Ал аткарылган жыйынтыкты көрүп туруп, укук коргоо органдарын сынга алганы кандай?" деген маселе коюлган.

Бирок мурдагы аскер прокурору жана юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев Жээнбековдо коррупцияга каршы чыныгы күрөштү баштоого эми гана мүмкүнчүлүк пайда болгонун айтып, макаланы эски команданын дооматы катары мүнөздөдү:

Кубатбек Кожоналиев.
Кубатбек Кожоналиев.

- Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Курманалиевдин пикири - бул жөн эле куру доомат. Президенттин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү демилгеси мүмкүн бирөөлөрдү тынч уктатпай жатат окшойт. Азыр эми "Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда эмнеге коррупция менен күрөштүн жыйынтыгы тууралуу унчуккан эмес?" деген маселени айтып жатышат. Ал кезде Сооронбай Жээнбековдо өз алдынча күрөш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү ага караган эмес. Мына азыркы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да өкмөт башчы болуп турганда 14 жыл бою унчукпай жүргөн. Качан гана бийликти колуна алып, президент болгондо коррупцияга каршы күрөштү баштады. Биздин президент деле ошондой жагдайда өзүнүн саясий эркин билдирип, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырып жатат.

"Кайраштыруунун кажети жок"

Президенттин күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алган баяндамасы Коопсуздук кеңешинен сырткары даярдалып, анда дал келбестик жана кемчиликтер бар экени да сөз болуп жаткан макалада көрсөтүлгөн.

Президенттин баяндамасынын артында саясий оюндар жатканын жазган Алмазбек Курманалиев ал туруксуздукка алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Парламенттин КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркуловдун пикиринде, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча президенттин чакырыгында мамлекеттик кызыкчылык турат, андыктан тараптарды кайраштыруунун кажети жок.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

- Бул жерде негизи коррупцияга каршы келишкис күрөш болушу керек. Анда эң эле башкы нерсе - бул мамлекеттин кызыкчылыгы. Анан дагы мамлекеттик кызматкерлердин тазалыгы башкы маселе. Башка жол жок. Коррупция менен күрөш мурда башталган. Азыр аны улантыш керек. Коррупция менен күрөштү күчөтүү зарыл. Тазалануу керек. Кадрларды кароого туура келет. Терең талдап чыгып, коррупцияга каршы күрөштү токтотпош керек.

Алмазбек Курманалиев президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаев мезгилиндеги коррупцияга каршы иштерди унутуп калышы мүмкүн эмес экенин жазып, буга баяндаманы даярдаган "балдардын" атайылап адаштыруусу себеп болушу мүмкүн деп болжолдогон.

Генерал-майор Кубатбек Кожоналиев коррупцияга каршы чаралардын артында дасыккан адистер иштеп жатканын белгиледи.

Коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгууда президент өзү багыт берип, көзөмөлдөп, абалды жөнгө салуу боюнча иштер башталып жатканы байкалып турат.

- Президенттин жанында азыр коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгыш үчүн дасыккан, тажрыйбалуу кеңешчилер иштеп жатат. Бир кеңешчиси - Асылбек Кожобеков деген жигит - атайын кызматта иштеп келген кесипкөй чекист. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Дамир Сагынбаев да жаш болгону менен абдан тажрыйбалуу жана демилгелүү адис экен. Коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгууда президент өзү багыт берип, көзөмөлдөп, абалды жөнгө салуу боюнча иштер башталып жатканы байкалып турат.

Алмазбек Курманалиев өзгөчө пикири тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Ошондой эле президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү да бул боюнча азырынча комментарий берүүгө шашыла элек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен жолугушуу учурунда суроолорго жооп берип жатып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен каршылашууга барбай турганын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG