Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Оштун базарын импорт басты


Оштогу соода жайларын Украина, Орусия, Казакстан, Беларус жана кошуна өлкөлөрдүн товарлары басып калды. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр ички керектөөнүн жок дегенде 10% камсыздай албай жатышат.

Ички рынокту өңчөй импорт товарларына алдырып коюуга эмне себеп болду?

Оштогу азык-түлүк базарында Орусия жана Казакстандын товарлары арбын. Базар текчелеринде тизилген товарлардын дээрлик көпчүлүгү ушул өлкөлөрдүн өндүрүшүнө таандык. Сатуучулардын бири буларга токтолду:

- Мисалы, тоок эттери Кытайдан келет. Момпосуйлардын 99% Орусияныкы десе болот. Акыркы жылдары гана Бишкектен сүт азыктары чыга баштады. Колбасалар да Бишкектен келет. Оштон бир гана каймак чыгат. Бирок ал аз сатылат.

Керек болсо Кыргызстанда кеңири өндүрүлөт деп саналган өрүк кактары да Тажикстанга таандык экени таң калдырат. Мисалы, Оштогу дүң соода борборлорунун биринде жалаң кургатылган жемиштер сатылат. Бирок ал дүкөндөгү товарлардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан, Иран, Тажикстанга таандык болуп чыкты.

Бул көрүнүштү Вахид Каимов мындайча түшүндүрдү.

- Бизге Кыргызстандын товары келсе алып сатат элек. Бирок бизден эч нерсе чыкпайт да. Мисалы, бадамдар Түркиядан келет. Өрүктөрдүн көбү, чагылган данек, туздалган шор данектер Тажикстандан чыгат. Кантка буланган, ширеге чыланган жер жаңгактар, чала чагылган бадамдар, мейиздер Өзбекстандан келет. Жаңгак гана Кыргызстандан чыгат.

Оштун базарын импорт басты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Жергиликтүү бийлик базарды каптап калган импорттук товарлардан коргонуу аракеттери тууралуу маалымат бере алышкан жок. Өкмөткө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү кеңешинин өкүлү Мыктыбек Осмоналиев ишкердикти колдоо максатында келген Орусиянын насыясы да жыйынтык бербей жатканын айтат:

- Жергиликтүү базардагы азыркы көрүнүш жакшы эмес. Бул акчанын баары сыртка чыгып кетип жатат. Жергиликтүү эл жумушсуз отурат, казынага акча түшпөй жатат дегенди билдирет. Экономиканын негизги кыймылдаткычы акча да. Жергиликтүү ишкерлерге акча жетишпейт. Ошол ишкердикти жандандыруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ачылган болчу. Бирок ал фонддун арзан насыясын чакан жана орто бизнес өкүлдөрү алалбай жатышат.

Экономикалык иликтөөчү Эркин Абдразаков жергиликтүү өндүрүштү көтөрүү үчүн ишкерлерди мамлекет коргоого алышы керектигин айтат:

- Жергиликтүү өндүрүштү көтөрүү жолу бар. Ал үчүн мамлекет жергиликтүү ишкерлерди ар тараптан коргоого алышы керек. Мисалы, чек аралардан аткезчилик жол менен келген товарларды тосуу, арзан насыя алуу жолдорун жеңилдетүү, насыя алууга күрөөсү жетпеген ишкерге кепил болуп берүү, өндүргөн товарын өзү сатып алуу. Буларсыз ишкерлерибиз көтөрүлө албайт. Анткени биз ири чарбаларды талкалап, майдалап салганбыз. Мисалы, азыр сүттү айылдардан 1-2 литрлеп, пахта, буудайды килограммдап чогултуп алууга туура келет. Бул машакат ири көлөмдү камсыздап бере албайт. Ошондуктан ишкердикти өнүктүрүү багытында иштеген мамлекеттик мекемелер жаңы талапка өтө ыкчам ыңгайлашышы керек.

Ишкерлердин айтымында, Кыргызстандын рыногун бир жагынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер каптаса, экинчи жагынан Өзбекстан жана Тажикстандан аткезчилик жолу менен кирген товарлар талкалап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG