Кайым айтышуунун себеби
7-мартта Бишкекте өткөн уюмдун өкмөттөр аралык жыйынында Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков менен Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өз ара кайым айтышканга чейин барышты.
ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк
ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк
Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.
Андрей Кобяков расмий Минск Орусия мунайга бааны жогору кармоо менен аны Беларуска экспорттоого чектөө койуп жатканын дагы бир ирет кайталады. Ал буга карата Евразиялык экономикалык комиссия эч кандай чара көрбөгөнүнө нааразылыгын билдирди. Ошентип кеңешменин бул жолку интригасы беларустун өкмөт башчысы Андрей Ковяковтун билдирүүсүнө байланыштуу болду. Ал Беларус уюмга кирип жатканда бекитилген макулдашуунун шарттары аткарылбай жатканын сындады. Андрей Кобяков беларус жетекчилиги былтыр декабрь айында Санкт-Петербургда өткөн жыйынга катышпай койушуна Орусияга карата нааразылыгы себеп болгонун белгиледи. Бирок Кобяков эки ортодогу чыңалган мамиле мына ошондон бери жөнгө салына электигин билдирди:
- Бүгүнкү күнү Евразия экономика биримдигинин алкагында түзүлгөн укуктук база аткарылбай жатат. Мына ушуга байланыштуу биз Орусия чектөө киргизген мунай-газ тармагындагы маселенин чечилбей жатканына кабатыр экенибизди билдиребиз. Мындагы эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуунун шарттары сакталбай жатканын белгилейбиз. Бирок ошого карабастан Евразиялык экономикалык комиссия эч кандай чара көрбөй жатат. Ошондон улам ар кандай жаңы тоскоолдуктар жана чектөөлөр кирип жатат.
Кремлдин жообу
Беларус премьер-министринин мындай билдирүүсүнө карата Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев курч мүнөздө жооп кайтарды. Дмитрий Медведев беларус премьеринин дооматын четке кагып, расмий Минск биримдиктеги укугун кыянатчылык менен пайдаланып, Орусияны опузалап жатат деп айыптады. Ошондой эле Дмитрий Медведев Беларус өкмөтү уюмга киргенин колко кылып, улуттук кызыкчылыгын негизсиз жерден көтөрүү менен Орусияны опузалап жатат деп айыптады:
- Жол берилгис кырдаал пайда болуп жатат. Мындай абал опузалоо менен барабар. Биримдиктин укугунан кыянатчылык менен пайдалануу кабыл алынбайт. Союзга кирген мүчө мамлекеттердин бардыгы кызматташтык боюнча бир топ жеңилдиктерди алышканына көңүлүңүздөрдү бурат элем. Мисалы, Орусиянын эмгек рыногу кенен ачылды. Ошондой эле бул уюмга кирбеген болсоңуздар азыр газды европалык баада сатып алмаксыздар.
Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешмесинин кеңейтилген жыйынында Беларус менен Орусиянын ортосундагы бул курч маселе ачык бойдон калды. Андан соң кеңешме күн тартиби боюнча маселелерди кароого өтүп, экономикалык биримдиктин аймагына аткезчилик менен кирген товарлардын агымына каршы чараларды талкуулады. Анан интеграциялык мүмкүнчүлүгү бар тармактарды аныктоо жана аларды өз ара колдонуу шарттарын иштеп чыгуу маселеси каралды.
"Чечимдер кагазда калбаса"
Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков чечимдерди кабыл алууну жөнөкөйлөштүрүү жана анын шарттарын өз убагында аткаруу механизмдерин киргизүүнү сунуштады:
- Кыргызстан Евразиялык экономикалык уюмдун башкаруу органдарында чечим кабыл алуу эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү демилгесин көтөрөт. Биз чечимдер өз убагында кабыл алынып, маселелер өз нугу менен чечилишин белгилейт элек. Практикалык кадамдар гана интегарциялык жараян боюнча коомчулуктун пикирин өзгөртөт деп эсептейм.
Буга жооп катары Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев расмий Астана Кыргызстан Евразиялык биримдикке кирерден мурун убада кылган каржылык жардамдын жарымын жакында берүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
2012-жылы Казакстан Кыргызстанга көргөзө турган каржылык жардамдын көлөмү 100 миллион АКШ доллары деп жарыяланган болчу. Жыйындын аягында Евразиялык экономикалык комиссиянын мүчөсү Татьяна Валовая Кыргызстан биримдиктин шарттарына батыраак ыңгайланышып жатканын айтып, анын экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырганын билдирди.
Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык жыйынында жалпысынан 14 маселе каралып, он документке кол койду. Алардын арасында Контрафактка каршы күрөшүү боюнча эл аралык форум, 2015-2016-жылдардагы ЕАЭБдин алкагындагы соода алакасы, үчүнчү өлкөлөрдө чыгарылган айыл чарба техникаларын жана машиналарды биримдиктин алкагында чыгаруу жана аларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо сыяктуу маселелер бар.