Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Жабырлануучуларга берилчү жардам көйгөйү


Июнь коогасынын жабырлануучулары тополоңдо дайынсыз жоголгон жакындарын таап берүү талабы менен чыгышты. Ош, 2010-жылдын 18-июну.
Июнь коогасынын жабырлануучулары тополоңдо дайынсыз жоголгон жакындарын таап берүү талабы менен чыгышты. Ош, 2010-жылдын 18-июну.

Июнь коогасынын жабырлануучуларына бир жолку акчалай жардам көрсөтүү маселесиндеги так эместиктер талаш жаратууда.

Жардам көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтомун кароо учурунда буга тынчсызданган эл өкүлдөрү аны берүүнүн тартибин так аныктоо зарылдыгын белгилешти.

Казынадан “казылып” табылган жардам


Июнь коогалаңынын жабырланчууларына акчалай жардам көрсөтүүгө жана алардын социалдык пенсиясынын өлчөмүн көтөрүүгө республикалык бюжеттен бир миллиард сом каралган. Анын алты жүз миллион сому бир жолку берилүүчү акчалай жардам катары бөлүнөт.

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев бул каражат бюджеттеги башка чыгымдарды кыскартуунун эсебинен алынгандыгын белгиледи:

- Жалпысынан корголбогон жана артыкчылыктуу эмес бюджеттин беренелерин кыскарттык. Бирок анын натыйжасында жакында бекитилген бюджеттин чыгаша бөлүгүндө өзгөрүү болгон жок. Бөлүнгөн акчадан июнь коогасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, оор жаракат алгандарга жүз миң сомдон жана жеңил жараат алгандарга элүү миң сомдон берилет. Мындан сырткары калган 400 миллион сом сентябрь айынан баштап көтөрүлө турган социалдык пенсияларын көтөрүүгө жумшалат.

Өткөн жылкы июнь каргашасында башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 427 адам ажал таап, эки миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Мындан сырткары 33 адамдын жасаты тааныла элек. Ошол эле учурда 23 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. Токтомдо жабырлануучулардын бардык категориялары так көрсөтүлгөн эмес.

Андан улам, Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров акчалай жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктай турган өкмөттүн токтому чийки даярдалгандыгын сынга алды:

- Биринчи комитеттин олтурумунда биз өкмөттөн жок дегенде токтом менен ошол жарадарлардын, кайтыш болгондордун жана башка жабырлангандардын тизмесин тактагылачы деп сурандык эле. Анын ичинен кылмыш иши козголуп, далилденгендерге же июнь окуяларына катышы болушу мүмкүн деп тергөө иштеринде жүргөндөрдү өзүнчө алып кароону сунуштаган болчубуз. Бериле турган акча кимге берилиш керек, аялынабы, балдарынабы же ата-энесинеби? Мына ушул боюнча алдын-ала механизмдер иштелип чыгышы керек. Бирок беш айга жакын убакыт өттү өкмөт анын тартибин иштеп чыгып, тактап койсо болмок.

Күмөндүүлөргө акча берилбейт

Айрым депутаттар 7-апрель окуясында курман болду деп өкмөттөн бир миллион сом жардам көрсөтүлгөн Маралбек Максымбековду мисал келтиришти. Мына ошондуктан жабырлануучулардын тизмесин кылдат текшерүү маселеси көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков июнь окуясында каза тапкандардын же жарадарлардын арасында кылмышка шектүүлөрү болушу мүмкүн экендигин эскертти:

- Биз жабырлануучуларга акчалай жардам берилишине каршы эмеспиз. Бирок мына ошол каза болгондордун, же болбосо жарадарлардын ичинен июнь коогалаңында кылмыш кылгандары да болушу мүмкүн. Бул жагын жакшы караштырбастан акчаларын берип коюп, кийин уят болуп калып жүрбөйлү.

Июнь коогалаңында каза тапкандардын же жаракат алгандардын ичинен кылмыш иштерине катышы бар деп шектелгендерге акчалай жардам берилбейт. Бул боюнча билдирген вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов акчалай жардам берүүнүн тартиби тергөө органдарынын жана атайын комиссиянын тыянагынын негизинде аныктала тургандыгын кошумчалады:

- Мына ошол окуялар учурунда каза болгондордун ичинде же жараат алгандардын арасында жаңжалга аралашып, кандайдыр бир кылмыш иштери боюнча шектелип, кылмыш иши козголгондор бар. Булардын катышы жок экендигин тастыктаган сот чечими болмойунча акчалай жардам берилбейт.

Кылмышка "шектүүнү" аныктоонун кыйындыгы

Анткен менен июнь окуясында каза болгондордун же жарадарлардын арасынан кылмышка шектүүлөрдү аныктоо тергөөчүлөр үчүн дагы кыйын маселе экендиги айтылды. Анткени ал учурдагы кагылыштын масштабы жана ага адамдардын аралашып калуусунун себептери да ар түрдүү болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Сабыржан Атажанов мындай жагдайларды так аныктоо татаал экендигин белгиледи:

- Бул окуяга жакында бир жыл толот. Эмне үчүн буга чейин аталган маселе кеңири иликтенип, каралган жок. Мына ошолордун жагдайлары боюнча критерий табылбай жатпайбы. Мисал үчүн кимдин аракетин кандай карайбыз. Өзүнүн үй-мүлкүн коргогонду баатыр дейбизби же Кыргызстандын улуттук намысын коргоп чыккандарды баатыр дейбизби? Бул жерде бир жактуу баа берүүгө оор болгон өтө эле татаал жагдайлар бар. Бирок ар кимисинин өзүнүн чындыгы бар. Муну эми комиссия териштирет болуш керек.

Жогорку Кеңеш өткөн жылы июнь окуяларында кайтыш болгон жарандардын туугандарына жана жараат алгандарга акчалай бир жолу жардам көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтомун жактырды. Бирок аны берүүнүн тартибин так аныктоо жагы өкмөткө тапшырылды.

XS
SM
MD
LG