Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Жогорку Кеңештеги "Келиндер козголоңу"


Парламенттин өткөн чакырылышында да аялдарга "экинчи пландагы ролдор" берилип келген.
Парламенттин өткөн чакырылышында да аялдарга "экинчи пландагы ролдор" берилип келген.

Жогорку Кеңештеги айым депутаттардын саясаттагы аялдардын катышын көбөйтүү аракеттери эркек кесиптештеринин колдоосуна ээ болгон жок.

Шайлоо кодексине партиялык тизмедеги ар бир үчүнчү талапкер башка жыныстан болсун деген чен-өлчөмдү караган өзгөртүүнүн өтпөй калышына депутат айымдар нааразычылыгын айтып чыгышты.

Парламенттеги депутат айымдар "Шайлоо тууралуу" мыйзамына киргизилген сунуштарынын өтпөй калышын эркек кесиптештеринин аларга карата тең ата мамиле жасабагандыгы катары кабыл алышты.

Үстөмдүктү алдыруудан корккон депутаттар

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева муну эркек депутаттардын үйдө гана эмес, саясатта да өзүнүн үстөмдүгүн сактап калууга умтулуп жатышкандыгы катары баалады:

- Мына азыр парламентте аялзатынын өкүлдөрү 25 пайыз деп айтылат. Бирок азыр ага жетпей калды. Анткени парламенттеги партиялар тизмелериндеги айрым аялдарды чыгарып салышты. Мындай куулук менен парламентке өткөндөн кийин аралыктар ар кандай шылтооолор менен сакталбай калды.

Парламенттин мурдагы чакырылышынын депутаттары Гүлжамал Султаналиева жана Галина Куликова
Учурда парламентте жыйырма жети айым, токсон үч эркек депутат бар. Бул жалпысынан аялзатынын парламенттеги өкүлчүлүгүнүн жыйырма беш пайыздан ашыгыраагын түзөт. Мыйзамга аталган өзгөртүү киргизилсе аял депутаттардын саны отуз жетиге чейин жетмек.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору өтүп кетсе, парламенттин жарымына жакынын аялдар "басып кетмек" деген чочулоосун жашырган жок:

- Ар бир төртүнчү тизмедеги талапкер башка жыныстан болсун деген чен-өлчөм калтырылды. Бирок эми ар бир экинчи, же ар бир үчүнчү талапкер аялзаты болуш керек деп эле догуруна беришкени да туура эмес. Эгерде ошондой боло турган болсо парламенттин теңинен көбү аялзаты болуп кетет экен. Мына буга чейинки квота менен эле келип, депутат айымдарыбыз иштей беришсе жаман болбойт. Аял киши үйдүн куту дейт. Үйдө кожоюндарын карашып, бала багышып, аларга тарбия беришсе. Анан эми саясатка нерв коротконду көбүрөөк эркектерге эле беришсе дейм.
Мыйзамдарды кароодо жана кабыл алууда аял депутаттар эркек депутаттардан кем калышпайт.
Гүласал Садырбаева


Депутат айымдар өздөрүнүн өнөктөшү президент Роза Отунбаевага айтып, мыйзамга вето койдурганга чейин барабыз деп коркутушту. Бирок алар мындай чараларга баруу жалпы кызыкчылыкка туура келбей калаарын айтып, кайра айнып калышты.

Анткен менен КСДП фракциясынан депутат Эркингүл Иманкожоева эркек депутаттар аял саясатчыларга кандай мамиле кылса, мындан ары ошондой жооп алыша тургандыгын кыйытып өттү:

- Гендердик теңчиликти сакташ үчүн парламенттин элүү пайызы аял депутаттардан болуш керек эле. Бирок биз болгону ар бир үчүнчү талапкер гана аялзатынан болсун деп жатабыз. Биздин эркектерибиз буга каршы болушту. Мунун өзү туура эмес.

Согуш учурунда тылда аялдар болбосо жеңиш болот беле? Албетте жок. Бирок биздин эркектердин мындай мамилеси дагы деле аялзатынын үстүнөн үстөмдүк кылгысы келишерин билгизет. Бирок мындай жагдайга жараша жообу боло тургандыгын унутушпаса болмок
.

Акчасы саман “балыктар

Аялзатынын парламенттеги өкүлдөрү партиялардын ичинде аялдарга карата басмырлоо бар экендигин жокко чыгарышпайт. Бул айрыкча партиялык фонддорду каржылоо учурунда байкалаары айтылды. "Жашылбайлар" жашоонун маңызын түзүп калган саясий чөйрөлөрдө аял депутаттарга ачык эле "акчаңар жок" деген кодулоолор болгондугу ачыкка чыгып кетти.

Анткен менен “Ата Мекен” фракциясынан депутат Гүласал Садырбаева акчасы асман чапчыган азамат саясатчыларга караганда аял депутаттардын аракети бар экендигине токтолду:
Эгемендүүлүк алгандан бери аялдар негизги жүктү көтөрүп келет.
- Шайлоо боюнча мыйзамда квота болбосо булар деги эле аялдарды парламентке жолотушмак эмес. Бирок мыйзамдарды кароодо жана кабыл алууда аял депутаттар эркек депутаттардан кем калышпайт.

Бирок акча маселеси биринчи орунда болуп жатат. Анткен менен акчасын төлөп коюп, депутат болуп келген көпчүлүк эркек депутаттарыбыз бир ооз ачпай отурганын көрүп жатпайбызбы
.

Жогорку Кеңештин бул чакырылышында аялзатынын өкүлдөрү мурдагыга караганда көп экендиги Бириккен Улуттар уюмунун "Гендердик теңчилик" программасы тарабынан белгиленген. Буга аялдардын парламентке келүүсүнө шарт түзүүнү караган Шайлоо кодексиндеги 2007-жылкы чен-өлчөмдүн киргизилиши түрткү берген. Бул чен-өлчөм кабыл алынганга чейинки парламенттин үчүнчү чакырылышында бир дагы депутат айым болгон эмес.

XS
SM
MD
LG