Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Статистика: эки айда өскөн көрсөткүч сыры


Ош базары. Бишкек. 2014-жыл.
Ош базары. Бишкек. 2014-жыл.

Улуттук статистика комитети Кыргызстанда өткөн эки айда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр өйдөлөгөнүн жарыялады.

Кызмат көрсөтүү, өнөр жай, айыл чарба жана курулуш тармактары өзгөчөлөнүп, ички дүң өнүм өткөн эки айдын жыйынтыгы боюнча тогуз жарым пайызды түзгөн. Бирок талдоочулар бул статистиканы чындыкка коошпогон, элдин чыныгы турмушунан алыс көрсөткүч катары сынга алышууда.

Өлкөдө өсүш?

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандын жалпы социалдык-экономикалык абалында негизги тармактар боюнча жогору карай өсүү тенденциясы байкалган. Адатта үч айда, тогуз айда же жылдык көрсөткүчтөрдү чыгарган Статистика комитети бул жолу эки айдын жыйынтыгын жарыялоого шашты. Анын жыйынтыгы боюнча 2015-жылдын январь жана февраль айларында ички дүң продуктунун көлөмү тогуз жарым пайызды түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин жалпылаштырылган статистикалык маалыматтарды таратуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева өсүү ыргагын мындайча баяндады:

Кыргыз сому
Кыргыз сому

- Ички дүң өнүмдүн көлөмү январь-февраль айларында 51 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу ички дүң өнүм 9,5 пайызды түзгөнүн белгилейт. Мында негизинен кызмат көрсөтүү жана тейлөө беш пайызга, өнөр жай 24 пайызга чукул болсо, курулуш төрт жана айыл чарбасы тогуз пайызга өскөн.

Талдоочулар жыл аягы менен жыл башында өз ара эсептешүүлөр жыйынтыкталып, анын негизинде берилген көрсөткүчтөр статистикалык маалыматтарга кошулуп, өсүү тенденциясы байкалгандай элес калтырган жагдайды белгилешти.

Кумтөрдүн эсебинен эрдемсинүү

Улуттук статистика комитети менен өкмөт жалпы ички дүң өнүмдү көрсөткөндө Кумтөрдүн өндүрүшүн кошуп эсептегенди адатка айлантып алган. Талдоочу Эдил Байсалов бул жагдайга мындайча токтолду:

- Ички дүң өнүм өстү дегени бул баягы эле Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын эсебинен. Бирок анын биздин элибизге көңүл жылытарлык пайдасы жок экени бардыгыбызга белгилүү. Мына ошону кошуп эсептегенде биздин ИДӨ жогорку көрсөткүчтү берип калат. Бирок аны кошпогондо өнөр жай көлөмү үч пайызга азайып жатат. Жеңил өнөр жайы менен курулуш тармагы эки эсе кыскарган. Анан дагы сырттан келген инвестиция көлөмү менен тышкы соода жүгүртүү кескин төмөндөгөн. Анан каяктагы өнүгүү, анан каяктагы өсүш?

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Өкмөт менен улуттук статистиканын өлкөдөгү өсүшү тууралуу берген маалыматтары менен элдин турмушунун айырмасы ат чабым дегендер аз эмес. Эдил Байсалов өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин улуттук экономиканын күрөө тамырын кармай билүү жөндөмүн мындайча баалады:

- Жоомарт Оторбаев дайыма эле экономикада өсүш болуп жатат деп айткандан жадабайт. Эмнеге негизденип ошентип айтып жатканын түшүнбөйм. Бирок өкмөт өлкө чоң кризиске киргенин дагы деле сезе элек. Сезсе бир ордунан козголуп, ойгонуп, эки жагын карап абалды жеңилдетүү үчүн бир чара көрөт эле го.

Өкмөт былтыркы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң өнүмү алты пайызды түзгөнүн жарыялаган болчу. Кумтөрдү кошпогондо бул көрсөткүч үч жарым пайызды түзгөн. Жогорку Кеңеш буга чейин өкмөткө антикризистик программаны иштеп чыгууну тапшырган. Бирок учурдагы өкмөт курамы кризиске каршы чараларды ишке киргизүүгө батыл кирише элек.

XS
SM
MD
LG