“Азаттык”: Сиз эксперт катары бюджет тууралуу талкууларга аралашып келатасыз. Кандай дейсиз, ушул жылдын бюджетинин долбоорунда мамлекет короткон каражат көптүк кылып жаткан жокпу? Анын үстүнө мамлекет каражатты натыйжалуу пайдаланбай атканы, чиновниктердин саны керек болгондон көп экени туурасында көптөгөн суроолор бар.
Азамат Акелеев: Ооба. Быйыл бизде мамлекеттин короткон акчасы, чыгашасы 37 пайыз болуп, былтыркыга караганда көбөйгөнү көрүнүп атат. Экономикабыздын ичинде мамлекеттин көлөмү дээрлик 37 пайызды түзүп атат. Бул деген кээ бир экономисттердин айтканы боюнча, абдан эле чоң көлөм болуп атат. Мисалы, башка мамлекеттерде бул көрсөткүч 20-25 пайыздан ашпаш керек. Маселен Швейцарияда, АКШда мамлекеттин экономикадагы көлөмү 20 пайыздан ашпайт экен.
“Азаттык”: Ошол мамлекет короткон жалпы акчабы?
Акелеев: Ооба, короткон акчалары. Дагы айта кетчү нерсе, биздин жалпы дүң өнүмдүн 8 пайызы мамлекеттик аппараттарды кармоого кетет экен. Бардыгы болуп бизде бюджетте отурган 250 миң киши бар. Буларды башка мамлекеттерге салыштырсак, биздики абдан көптүк кылат экен.
Мисалы мен карап көрдүм, Жапонияда бюджетте иштегендердин саны 0,5 пайызды гана түзөт экен. Бизде болсо 6,4 пайызды түзүп атат. Караңызчы канчалаган эсе чоң. Айтор бизде бюджетте отургандардын саны, мамлекеттин каржылоосу башкаларга салыштырмалуу көптүк кылат экен.
“Азаттык”: Өкмөттүн ишин жакшыртуу, натыйжалуулугун арттыруу боюнча ар кандай сунуштар айтылып атат. Маселен, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун айрым адистери министрликтердин санын беш кылып кыскартса болорун айтып чыгышты. Өкмөттүн ишин жакшыртуу үчүн эмне керек?
Акелеев: Эми бул жерде бюджеттегилердин саны бир маселе, продуктивдүү иштөөсү башка маселе да. Бул жерде деген пландуу, стратегиялуу түрдө жумуштар жүрүш керек. Кантип мамлекеттик кызматкерлерди жакшылап шыктандыра алабыз? Алардын натыйжалуу иштешин кантип камсыз кылабыз? Маселенин баары ошондо да.
“Азаттык”: Кыргызстандын экономикасынын 70-80 пайызга жакыны көмүскөдө экенин адистер айтып чыгышпадыбы. Бул – ошол өкмөттүн иши канчалык деңгээлде натыйжалуу болуп атканын көрсөтүп турса керек. Азыркы өкмөттүн көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, натыйжалуу иштөө жаатында аракетин байкап атабызбы? Деги ушундай каалоо байкалабы?
Акелеев: Бул жагынан натыйжа жок болуп атат. Анткени көп учурда бир топ мамлекеттик жетекчилер үчүн экономиканын көмүскөдө турушу пайдалуу болуп атат. Экономика көмүскө болгон маалда, кирешелердин кайсы бир бөлүгү чиновниктерге да түшүп турат. Алар ошондуктан кызыкдар болуп атат. Ошол себептүү бир катар жетекчилер экономиканы көмүмскөдөн чыгарууга шарт түзбөй, тескерисинче жолтоо болуп атышат.
“Азаттык”: Рахмат.