Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Конституциядан чыккан жети суроо


Кыргызстандагы бир нече уюмдар өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна байланыштуу маселелерди референдум аркылуу чечүүнү демилгелеп жатышат.

Референдумга коюлуп жаткан маселелер өлкөнүн бүгүнкү жана эртеңки тагдыры үчүн канчалык маанилүү, жети суроого бир жооп болобу, аларды чечүүдө Кыргызстан кандай демократиялык, улуттук утуштарга ээ же кесепеттери көппү, ушул ж.б. маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздөн сөз кылабыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы орун басары Ишенбай Кадырбеков жана “Туруктуу элдик кеңештин” төрагасынын орун басары Кадыр Кошалиев катышты.

“Азаттык”: Кадыр мырза, сиз мүчө болгон коомдук бирикме жана бир нече уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна тиешелүү бир нече суроолорду референдум аркылуу чечүүнү демилгелеп жатат, бул аракеттер кандай зарылчылыктан улам чыкты?

Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

Кадыр Кошалиев: 2018-жылы ноябрда Бишкек шаарында 47 саясий-коомдук уюмдардын элдик курултайы болуп өткөн.

Анын резолюциясында Кыргызстанда конституциялык реформаларга баруунун зарылдыгы белгиленген, бийликке сунуш иретинде айтылган.

Кийин президентибиз Сооронбай Шарипович Жогорку Кеңештин мааракесинде Конституцияны өзгөртүүнүн зарылдыгы жок дегенден кийин, биз, коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү демилгени колго алып жатабыз.

Конституциялык реформанын зарылдыгы эмнеде? Отуз жылга жакын эгемендикте Кыргызстандын саясий-экономикалык, социалдык туташ кризиске кептелишибизге дал ушул биз жашап жаткан Конституция тырмакчанын алдында “салым” кошту.

Ар бир документтин ички духу, багыты, мазмуну болот. Азыркы Конституция ачык, либералдык батыш коомуна ылайыкташкан документ. Биздин улуттук кызыкчылыгыбызга, анын ички духуна туура келбейт. Ата-бабалар “заманыңарды тааныбасаңар, адашуунун жолундасыңар” деген, биз азыр ошол адашуунун кырындабыз. Ошондуктан кыргыз элинин табиятына ылайык жаңы Конституцияны кабыл алуу талабы менен чыгып жатабыз.

“Азаттык”: Ишенбай агай, азыркы кыргыз Конституциясы чындап эле улуттук духу, майнабы жок Конституциябы?

Ишенбай Кадырбеков: Мен бул маселени көтөрүп жаткан саясий оппоненттеримди, кыргыз саясий элита өкүлдөрүнүн Кыргызстандын тагдырын ойлоп, айткан ойлорун, пикирлерин сыйлайм. Бирок бир нерсени айтаардан мурда бул керекпи же жокпу деген суроого жооп табыш керек.

Менин оюмча, Кыргызстандын саясий элитасына "өнөкөт оору" жармашты. Акыркы жыйырма жылда Акаев, Бакиев баш болуп, Конституцияны 11 жолу өзгөртүштү.

Ар бир өзгөртүүнүн алдында “бул Конституция жарабай калды, жаңысын кабыл алсак өнүгөбүз” деп аргумент айтабыз. Мурда Конституцияны президенттер өзгөртүп келсе, эми саясий элитанын өкүлдөрү өзгөртөбүз деп чыгууда.

Реформа дегенди революция, эскини жоготуп, жаңыны курабыз деп жатышат. Биз, мамлекеттик системаны 11 жолу өзгөрттүк, Гиннестин рекорддор китебине кире турган болдук. Конституцияны улам-улам өзгөртө берүүдөн өнүгүп кетсек, мен толугу менен колдойт элем. Швейцария болуп кеттикпи? Конституция деген – бул түркүк. Кеп түркүктү алмаштырууда эмес, анын мыйзамдарын өзгөртүү керек, аларды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү зарыл деген эволюциялык жол менен кетсек жакшы болот эле.

“Азаттык”: Кадыр мырза, сиздер кандай суроолорду референдумга коюп жатасыздар?

Кадыр Кошалиев: Ошол 20 жылдагы 11 жолу Конституцияны өзгөртүүгө дээрлик президенттер демилгечи болушкан, бир гана жолу Жогорку Кеңеш болуптур. Президенттер жеке бийлигин, кландык, үй-бүлөлүк таасирин, бийлигин бекемдөө максатында Конституцияны өзгөртүүгө барышкан. Биз бул жолу элден сурайлы деп жатабыз. Ошондуктан коомчулукка жети суроо коюп жатабыз: сиз башкаруунун кайсы формасын жактырасыз, президенттикпи же парламентикпи, элдик курултай институтун колдойсузбу, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өзгөртүү, административдик-аймактык реформаны колдойсузбу, орус тилинин Конституциядагы расмий тил статусун алып салуу ж.б.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, референдумга коюлуп жаткан суроолордун эң талуусу – орус тилинен расмий статусту алып салуу. Бул суроонун чыгышы Кыргызстандын геосаясаттагы ордун татаалдаштырат деген тынчсыздануулар да жок эмес.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

Ишенбай Кадырбеков: Негизи бир нерсени өзгөртүүнүн зарылчылыгы болушу керек, эл аны каалаш керек.

47 уюмдун өкүлдөрү Конституцияны өзгөртүш керек деп жатышат, калган эл эмне деп жатат билебизби? Ошондон улам айтарым, орус тили бизге тоскоол болуп жатабы, эмнеден улам алып таштайбыз дегендерин түшүнбөй жатам.

Эгер кыргыз тили менен орус тили атаандашып, орус тили үстөмдүк кылып жатса, күнөө кимде өзүбүздө, баарыбызда. Кыргыз тилин өнүктүргөнгө тиешелүү каражат бербей жаткан күнөө – өкмөттө. Өзүбүздүн ошондой күнөөлөрүбүздү оңдоо ордуна, Конституциядан орус тилинин статусун алып салсак эле өнүгөбүз деп жатабыз. Бул болбогон кеп.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Конституциядан чыккан жети суроо (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG