Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Кумтөр чырынын жаңы баскычы


Кумтөр
Кумтөр

“Кумтөрдүн” айрым жетекчилерине карата жаңы кылмыш иши козголгону туурасында “Центерра Голд” компаниясы расмий сайтына жарыялады.

“Центерра Голд” компаниясынын билдиришинче, Башкы прокуратура компаниянын айрым жетекчилерине финансылык операцияларды жасоодо ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, Кыргызстанга зыян алып келген деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Анда 2014 - 2015-жылдары компания жумушчулар шаарчасын көчүрүүдө ашыкча чыгымга жол бергени айтылат. Мындан улам компаниянын менеджерлерине өлкөдөн чыкпоо тууралуу эскертүүлөр берилген. “Центерра Голд” "Кумтөр" маселеси боюнча кыргыз өкмөтү менен болуп жаткан соңку соттошуу, араздашуулар анын фундаменталдык укуктарын бузуу менен коштолуп жатканын эскертип, соңку кылмыш ишиндеги дооматтарды четке какты.

“Центерра Голддун” директорлор кеңешинин Кыргызстан тараптан мурдагы мүчөсү Кылычбек Шакиров "Кумтөргө" байланыштуу Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүлөр болбосун, акыркы чечимди эл аралык арбитраждык сот гана чыгарып берерин унутпоо керектигин эскертет. Анын айтымында, эгер кыргыз өкмөтү 2014-жылы 50/50 пайыздык үлүштөгү биргелешкен компания түзүү жолун тандап алганда мындай соттошуу, араздашуулардан оолак болмок.

Кумтөр кениндеги ишкана
Кумтөр кениндеги ишкана

- Элүү-элүү пайыздык үлүшкө макул болушубуз керек эле. Ошондо ушундай тополоңдор болмок эмес. Ишканага кыргыз тараптын көзөмөлү күчөтүлмөк. Мындай кылмыш иштери дагы козголбойт эле. Эми бардык маселе эл аралык арбитражга барат. Акыркы чекит ошол жерден коюлат. Арбитраждын чечими чыкмайын Кыргызстандын чечимдери күчүнө кирбейт. Бизде 2009-жылкы келишим бар да. Анын ичинде жоболор ушундай көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев “Центерранын” эл аралык арбитраждык сот менен сес көрсөтүү аракетинде негиз жок деп ишенет. Анын көз карашында “Кумтөр” ишканасы Кыргызстандын субъекти экендигин эске алганда андагы каржылык же экологиялык мыйзам бузуулар боюнча доону жергиликтүү мыйзамдардын негизинде эле өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

- Эгерде ички каржылык мыйзам бузуулар болуп, туура эмес иштер жүргүзүлсө, бул биздин ички субъект болуп эсептелет. Бул Кыргызстандын юрисдикциясында катталган компания. Ошол Кыргызстанда кандай юридикалык, финансылык талаптар болсо, кыргыз мыйзамдарынын негизинде жооп бериши керек. Экологиялык бузуулар боюнча деле эл аралык арбитраж деген менен анын тиешеси жок да. Бул жерде ички маселе. "Кумтөр" жана андан башка өлкөдө иштеп жаткан компаниялар да Кыргызстандын ички мыйзамдарына баш ийүүсү керек. Эгер келишим бузулса же Кыргызстан андан бир тараптуу чыга турган болсо, анда ошолор боюнча эл аралык сотторго кайрылып чечишүү керек.

Бүгүнкү күндө Бишкектин райондор аралык сотунда Кумтөр кени боюнча жаңы иш каралып жатат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги сотко “Кумтөр Оперейтинг компани” кенди казууда экологиялык талаптарды бузуп, айлана-чөйрөнү булгаган деп 15,7 миллиард сом доо койгон.

Ага чейин Бишкектин райондор аралык соту экологиялык доо койгон Экотехинспекциянын кайрылуусун канааттандырып, “Кумтөр Оперейтинг компанини” 7 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

"Кумтөр" ишканасы айтылган доолорго макул болбой, эл аралык арбитраждык сотто таламын талашарын билдирип келе жатат.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев өкмөттүн соңку кадамдарын "Кумтөр" маселесинде чечкиндүүлүк кылгандай түр көрсөтүү катары баалап, мындай активдүүлүк беш жыл мурда жасалса, натыйжа болмок деген пикирде.

- Анткени иш козголгон адамдар Кыргызстандан эбак эле кеткен. Биздин юрисдикциядан сыртта, эбак эле кол жеткис болуп кеткен. Бирок бул мындан кийинки жетекчилерге сабак болот. Биз мыйзамдарыбызды күчөтүп, тийиштүү адамдарга кылмыш ишин козгоп, өзүбүздүн соттон табиятка келтирилген зыяндын өлчөмүн компенсация кылуу чечимин чыгарып, ошол карыздын негизинде комбинатты улутташтыруубуз керек. Биздин баамыбызда, Кыргызстанга 1 миллиард долларга жакын зыян келген. Комбинаттын баасы 950 миллион доллар. Кетирген чыгымдын эсебинен комбинатты улутташтырууга мүмкүндүк бар эле. Тилекке каршы, төрт-беш жыл убакытты кетирдик. Бүгүн өкмөт башка жол жогунан ушул жолго түштү. Бирок бир топ иштер жасалбай калган. Ошондуктан бул канчалык ийгиликтүү болот - айтуу кыйын.

Буга чейин 28-апрелде “Кумтөр” компаниясынан каражаттардын жана активдердин мыйзамсыз чыгарылып кетишине байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде ишкананын Бишкектеги башкы кеңсесинде тинтүү жүрүп, айрым документтер алынган.

Бул кылмыш ишти Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү кирген мекеме аралык тергөө тобу иликтеп жатат. Бирок кайсы факт боюнча, качан козголгон иш тууралуу кеп болуп жатканын кыргыз тарап расмий жарыялаган эмес.

Бул жолу дагы Башкы прокуратура жаңы козголгон кылмыш иштин чоо- жайы туурасында маалымат берүүдөн карманып турат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG