Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Өкмөт "Мегакомду" сатуудан баш тартчу түрү жок


"Мегаком" компаниясы.
"Мегаком" компаниясы.

Кыргыз өкмөтү "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясын сатыш үчүн чет өлкөлүк ортомчу компания жалдайт.

Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков 7-декабрда Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирди. Буга чейин компанияны сатуу аракеттеринин баарынан майнап чыккан эмес жана анын баштапкы баасынан кыйла арзандатылган болчу.

Премьер-министр Сапар Исаков ортомчу компания жалдоо боюнча Мамлекеттик мүлк фонду иштеп жатканын айтты. Ал "Мегакомду" баалап, баасын бычып сатып берүүгө эки компания кызыгып жатканын маалымдады:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Эгер мамлекет өзү активдерди сата албаса, анда биз башка бирөөлөрдөн ушундай кызмат көрсөтүүнү сурана алабыз. Мындай ыкма дүйнөнүн бардык жеринде эле колдонулат. Эгер биз баасын арзандата турган болсок, анда аны кайрадан санап чыгыш керек. Эгер ал баа төмөндөбөсө, анда ошол баа менен кайра сатыкка чыгара алабыз. Мамлекеттик мүлк фондунун жаңы жетекчилиги потенциалдуу компаниялар менен тиешелүү эсеп-кысап, сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда силерге кабарлайбыз.

Сапар Исаков "Мегакомдун" түзүүчүлөрүнүн бири катары анын 51 пайыз үлүшүн алыш үчүн соттошуп жаткан "Penwell" компаниясы тууралуу маалыматы жок экенин айтты. "Penwell" быйыл жайында кыргыз өкмөтүнөн 200 миллион доллар өндүрүп алыш үчүн Стокгольмдогу арбитражга кайрылган эле. Бул соттошуунун аягы эмне менен бүтөрү азырынча белгисиз.

Елена Нагорная.
Елена Нагорная.

Премьер-министр журналисттер менен жолугушууда "Мегакомду" сатып алыш үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланган орусиялык ишкер Елена Нагорная менен жолукпаганын билдирди. Компаниянын 100 пайыз акциясын сатып алыш үчүн Елена Нагорная аттуу орус жарандан арыз түшкөнү быйыл сентябрда маалым болгон. Ал Орусияда чай бизнеси менен алектенери аныкталгандан кийин коомчулукта анын ири инвестиция саларынан шек санаган түрдүү күдүк ойлор жаралган. Өткөн айда "тараптар сатык шарттары боюнча бир пикирге келе алган жок" деген себеп менен кыргыз өкмөтү ишкер менен сүйлөшүүнү токтоткон.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, "Мегаком" ачык-айкын сатылса, күмөн жарата турган жагдайлар болбосо, анда ал жалпы инвестициялык кырдаалга оң таасир тийгизет:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Компания жакшы сатылып, жакшы, таза инвестор келип иштеп, жумуш орундарын түзүп, мамлекетке салык төлөп, ал инвестордун дагы мыйзамдагы укуктарын коргосок - ошондо инвестициялык климат оңолот, ошондо "инвестициялык бейиш" болот. Ошондуктан максат кылгандай, эңсегендей ачык-айкын, жакшы баада сатылса, экономикага, инвестициялык климатка, жалпы эле акыбалга жакшы эле таасир этмек. Бирок ошону айтканга оңой болгону менен аткаруу кыйын болуп жатпайбы. "Сүткө оозубуз күйүп, айранды үйлөп ичип жатабыз" дегендей болдук. Компанияны өзүбүз сата албайт экенбиз. Мамлекеттик мүлк фонду сатса эле коррупциялык, шектүү сунуштар пайда боло калып жатпайбы. Же болбосо "өтпөй калды" деп баасын арзандата салышат.

Кыргыз өкмөтү "Мегакомду" 2015-жылы сатыкка койгон жана баштапкы баасы 20 миллиард сомго жакын деп бычкан. Ошондон бери үч жолу сынак жарыяланган, бирок инвестор чыккан эмес.

Быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сом деп арзандатылган жана түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыбеков өкмөт эми эл аралык кадыр-баркы бар компанияны тандашы керек деп эсептейт:

"Ким баалаганын, канчага баалаганын билбей туруп "сатылып кетти" деген маалымат келсе, анда ал туура эмес болуп калат".

- Эгер ошол сатуу жол-жобосунун баары таза өтсө, анда сатылышын биз албетте, колдойбуз. Анан ким баалаганын, канчага баалаганын билбей туруп "сатылып кетти" деген маалымат келсе, анда ал туура эмес болуп калат. Эл аралык айдыңда иштеп жүргөн консалтинг компаниялары бар. Аларды табыш анча деле кыйын эмес. Тендер өткөрөбү же сынак жарыялайбы, айтор муну жасаса болот. Балким ошол консультанттардын эле акчасын төлөгөнгө тыйын издебесек, калганы инвесторго түшкөн жүк, ал башка нерсе.

2010-жылдагы апрел ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт "Мегакомдун" 49 пайызын улутташтырган жана төрт жылдан кийин толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн.

УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.
УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

"Мегаком" былтыр "Белизгейт" деген ат менен тарыхта калган жаңжалга негиз болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Ата Мекен" фракциясынын ошол кездеги лидери Өмүрбек Текебаев, депутаттары Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "2013-жылы компаниянын акциясынын теңин сатууга кызыкдар болгон" деп маалымдаган. Комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге Белиз өлкөсүнөн келди деген документтерди да көрсөткөн. Аты аталган адамдар дооматтардын баарын четке кагышкан жана ак экенин айтып өз жүйөлөрүн келтиришкен. Бул жаңжалды териштирүү азыркыга чейин аягына чыга элек.

Быйыл жыл башында "Мегакомго" байланыштуу "Ата Мекен" фракциясынын ошол кездеги лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынган. Ага "2010-жылы "Мегакомду" сатып алууга кызыккан орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган" деген айып тагылган. "Коррупция", "Шылуундук" беренелери менен соттолгон Текебаев болсо кылмыш ишти саясий буйрутма деп атаган. Ал ошол маалда ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG