2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтарын буга чейин бир нече жолу билдирген. Бирок бул ирет саясаттагы үзөңгүлөштөрү менен бирге катуу киришкендей.
Алгач өзү "Фейсбук" аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктаганда "жакында көрүшөбүз" деп кыйытса, андан соң санаалаштары Бабановдун жакын арада Бишкекке келерин ачык айтып чыгышты.
Маселен, депутат Максат Сабиров "Республиканын" лидери жакынкы бир ай ичинде Кыргызстанга келерин билдирди:
«Өткөндө анын эч кандай күнөөсү жок экенин, саясий куугунтук болгонун ачык эле айтышпадыбы. Ошон үчүн «келем» деп жатат. Биз эми келерин күтөбүз».
Сабиров жакында Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев ж.б. эң жакын пикирлештери менен бирге Орусияга барып, Бабанов менен жолугуп кайтканын айтты.
Бул маалыматты депутат Кенжебек Бокоев ырастап, учурда Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине уруксат алуу үчүн бийлик менен сүйлөшүү жүрүп жатканын "Азаттыкка" айтып берди:
«Өмүрбек Бабановго иш козголгондон бери эле бийлик менен сүйлөшүү болуп келет. Буга чейин Руслан Казакбаев деле «сүйлөшүүлөр болуп, мурдагы бийлик «бир жыл өлкөгө келбей турасың» деген шарт койгон» деп айтпады беле. Мен Өмүрбек Бабановдун келишине бийлик каршы эмес деп ойлойм. Бирок толук макулдук беришин биз да күтүп, ошону билдирдик. Президентке да айттырып, астынан өтүп атабыз. Бийлик анын келишине уруксат берет деп ойлойм».
Бирок кыргыз бийлиги Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтышы боюнча позициясын азырынча ачык айта элек.
Бир гана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабанов өлкөгө кайтса, мыйзам алдында жооп берерин эскертти.
Комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов: "«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам алдында жоопко тартылат", - деген кыска комментарий берди.
Буга чейин Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.
УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.
Талдоочулар Бабановдун маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбековду ойлондурган дагы бир жагдай бар экенин белгилешет.
Саясий эксперт Орозбек Молдалиев 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдындагы талапкерлердин дебатын эске салып, андагы Жээнбековдун билдирүүсү элдин эсинен чыга электигин айтууда:
"Жээнбеков 35 коррупционердин тизмеси бар, аларга каршы күрөштү жүргүзөм. Керек болсо сенден баштайм" деп өзү айткан. Эми аны унутка чыгарып, көңүл бурбаса эл арасында Жээнбеков Бабанов менен соодалашкан тура, шайлоодогу алгачкы убадасын аткарбаса, калгандары деле аткарылмак беле деген сөз кетет".
Негизи эле Бабановдун өлкөгө кайтуу аракети Кыргызстанда саясий абал кызып, бийликке каршы күчтөр активдешкен маалга туш келди.
Себеби, акыркы күндөрү бийликке каршы бир катар топтор ачык сын айтып, каршылык көрсөтүшүүдө.
Маселен, экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган Социал-демократиялык партия учурдагы бийликти "үй-бүлөлүк башкарууга жол берди" деп кескин сынга алып, ачык оппозицияга өткөнүн жар салган.
Мындан соң "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров учурдагы бийликке каршы ылайыгы келсе Атамбаев менен биригүүгө даяр экенин кыйытты.
Муну Социал-демократтар да колдоп, азыркы тапта конкреттүү сүйлөшүү жок болсо да Мадумаров сыяктуу саясатчылар менен биригүүгө кызыкдар экенин жашырган жок. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева:
"Биз менен кошо азыркы бийликтин саясатына каршы чыккан күчтөргө эшигибиз ачык. Ар түрдүү саясий күчтөр менен блок түзүүгө даярбыз", - деп билдирди.
Буга кошумча "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү абактагы лидери Өмүрбек Текебаевди эркиндикке чыгарууну талап кылып, 23-апрелде митингдерди өткөрө турганын жарыялады.
Саясий эксперт Алишер Мамасалиев мындай кырдаалды эске алуу менен бийлик үчүн Бабановдун фактору маанилүү экенин белгиледи:
"Бабановдун саясий таасири абдан чоң. Буга акыркы шайлоонун жыйынтыгы далил боло алат. Буга карабай саясий амбицияларын жыйыштырып, саясаттан кеткенин ачык жарыялады. Буга ишениш керек. Анын үстүнө акыркы саясий абалды, президентке каршы чыгып жаткан күчтөрдү эске алганда атаандаш же балансты сактоочу күч катары Бабановдун ролу маанилүү".
"Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, экинчи орунду алган. Мындан соң өзүнө карата эки кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кеткен.
Кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.