"Манас" эл аралык аэропортунда террордук коркунуч тууралуу маалыматка байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
"Аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматы аэробекеттин имаратын жана анын айланасын кылдат текшерүүдөн өткөрүүдө. Жарандардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Текшерүү иштери өндүрүш процесстерине тоскоолдук жаратпастан, ыкчам түрдө жүргүзүлүп жатат", - деп жазылган маалыматта.
"Манас" эл аралык аэропорту кадимки тартипте иштеп жатканы, коомдук тартипти камсыздоо жана көзөмөлдү күчөтүү үчүн кошумча кызматтар тартылганы белгилүү болду. "Кыргызстан Аэропорттору" ААКсы жарандарды тынчтыкты сактоого жана маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырды.
Мындан мурдараак Бишкектин мектептеринде 17-октябрда канабайрам саларын айткан адамдын видеосу тараган. Буга байланыштуу шаар бийлиги айрым мунициалдык мектептерде сабакты онлайн режимде өткөрүү чечимин кабыл алган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги видеодо аталган мектептер текшерилгенин, коркууга негиз жоктугун, сабактар күндөгүдөй эле өтүлө турганын билдирди.
ИИМдин билдиришинче, видеодогу опузалап сүйлөгөн чет элдик жаран учурда Кыргызстанда эмес жана ал буга чейин Орусияда издөөгө алынган.
Былтыр “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлганы тууралуу бир нече жолу маалымат түшкөн. Аэропорттун басма сөз кызматы кийин бул маалыматтын баары жалган болуп чыкканын билдирген.
Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан "Манас" эл аралык аэропорту Кыргызстандагы маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат. (ST)
Шерине