Бейшембиде Еврокомиссия шаркеттин коргонуу жөндөмүн күчөтүүгө багытталган төрт долбоорду жарыялады. Документтер 2030-жылга чейин ишке ашырылуучу чараларды камтыйт.
Жаңы пландар Евробиримдиктин тышкы чек араларын бекемдөөгө, дрондордон коргонууга, абадан коргонуу системасын өркүндөтүүгө жана космостук тармакты өнүктүрүүгө багытталган.
Еврокомиссиянын өкүлдөрү бул демилгелер “Евробиримдиктин негизги коопсуздук коркунучу” катары бааланган Орусияга “каршы туруу” максатын көздөй турганын билдиришти. Документтерде Орусиянын союздашы Беларус тараптан да коркунуч жаралышы мүмкүн экени белгиленет.
Планды Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен сунуштап, документти “азыркы коопсуздук чакырыктарына жооп иретинде маанилүү кадам” деп мүнөздөдү. Анын айтымында, бир катар европалык чалгын кызматтарынын эскертүүсүнө ылайык, 2030-жылга чейин Орусия аскердик мүмкүнчүлүгүн күчөтүп, Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүнө кол салуу коркунучун жаратышы мүмкүн деген божомол бар.
Маалыматка караганда, жыл аягына чейин шаркетке мүчө өлкөлөр бул пландарды ишке ашыруунун жолдорун жана каржылоо булактарын макулдашышы керек.
Ага ылайык, 2026-жылдын аягына чейин Евробиримдик чыгыш чек араларын бекемдеп, 2027-жылга чейин “дронго каршы дубал” деп аталган коргонуу системасын түзүүнү пландап жатат. Бул демилге чек араларда кошумча байкоо жана коргонуу жабдууларын орнотуу менен дрон чабуулдарына каршы туруштук берүүнү көздөйт.
Еврокомиссиянын бул планы келерки жумада өтө турган биримдиктин саммитинде талкууланат. Буга чейин Венгриянын өкмөтү бул демилгелерге каршы экенин билдирген.
Сентябрда Даниянын айрым аэропортторунун жана аскердик объектилеринин үстүнөн белгисиз дрондор катталган. Ушундай эле учурлар Польша, Эстония жана Румынияда да байкалган. Аталган өлкөлөр бул үчүн Орусияны айыпташкан, бирок Москва аны четке каккан.
Ошондон бери Европадагы коопсуздук маселелери боюнча талкуулар кайрадан күчөдү. (AiA)
Шерине