Түркмөнстанда чет жактан кайтып келген жарандарды, айрыкча Түркиядан учуп келген эмгек мигранттарын коопсуздук кызматкерлери аэропортто токтотуп, узак убакыт суракка алууда.
Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы Ашхабаддагы булактарына таянып жазды.
Маалыматтарга караганда, Ашхабад аэропортунда күн сайын Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери ондогон кишини кармап, беш-алты сааттап сурак жүргүзүүдө.
“Мен Түркияда беш жылдай иштедим, паспортумдун мөөнөтү бүткөнү үчүн мекенге кайтууга туура келди. Ашхабад аэропортуна келгенде 60тан ашык түркмөн жаранын кармап, бир нече саат суракка алганын көрдүм”, - деди журналисттерге жергиликтүү тургундардын бири.
Сурак маалында коопсуздук кызматкерлери Түркияда ким менен жашаганын, кайсы шаарларда болгонун, кимдер менен байланышканын, оппозициялык активисттерди билеби же жокпу деген суроолорду беришкен. Алар жүргүнчүлөрдүн телефондорун текшерип, жүгүн да тинтүүгө алышкан.
"Азаттыктын" түркмөн кызматынын журналисттери билдиргендей, укук коргоо кызматкерлери чет жактан кайтып келген жарандардын үйлөрүн кыдырып, суракка алып жатышат.
Коңшу өлкөнүн бийлиги акыркы жылдары чет өлкөдөгү жарандарына көзөмөлдү жана кысымды күчөткөн. Түркия жана Орусияда жашаган айрым оппозиция өкүлдөрү Ашхабаддын талабы менен экстрадицияланып, мекенине кайтарылгандан кийин дайынсыз жоголгон учурлар катталган.
13-октябрда Turkmen.news басылмасы 34 жаштагы Ашхабаддык Саддам Гуламов тууралуу жазган. Ал Орусия тарабынан Түркмөнстанга экстрадицияланып, 2024-жылы узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.
Гуламов бийликтин экономикалык жана социалдык кризиске байланыштуу жүргүзгөн саясатын ачык сындап келген. Түркияда камакка алынган блогерлер Алишер Сахатов менен Абдулла Орусовдун тагдыры да белгисиз бойдон калууда.
2023-жылдан бери Түркия менен Орусия түркмөн өкмөтүн сындаган бир катар жарандарды жашыруун депортациялаганы кабарланган. (AiA)
Шерине