Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Журналист Ника Новак абактагы шарттан улам ачкачылык жарыялады


Ника Новак.
Ника Новак.

Орусияда “чет элдик уюм менен кызматташкан” деген айып менен төрт жылга эркинен ажыратылган журналист Ника Новак Иркутск облусундагы абакта оор шарттарда кармалып жатканын айтып, ачкачылык жарыялады. Ал "Свобода" радиосу менен эркин кабарчы катары кызматташкан.

SOTAVision басылмасынын билдиришинче, бейшембиде Новак Новосибирск шаарындагы Дзержинск райондук сотунун онлайн отурумуна катышып, колониядагы абал тууралуу ачык айтып берди.

Анын белгилешинче, катаал режимдеги колонияга которулгандан бери ага каттарды бербей калышкан. Мындан тышкары, ал түрмө кызматкерлеринин орой мамилесине да нааразы болгон.

Ника Новактын айтымында, ал ШИЗОго (жаза камерасына) Кремлдин пропагандасын жүргүзгөн маалымат каражаттарына маек берүүдөн жана тигүү цехинде иштөөдөн баш тартканы үчүн киргизилген. Журналист башка камактагылар да зомбулукка кабылган учурлар тууралуу айтып берди.

“Камерадагылардын бири башкасын сабап, дагы бирин эки күн ур-токмокко алган учурлар болду”, - деди ал.

Новак түрмөдөгү шарттарды “кыйноого тете” деп баалап, администрация менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын белгиледи. Ал ачкачылыгын түрмө жетекчилиги камактагыларга болгон мамилесин өзгөртмөйүнчө улантарын билдирип, коомчулук менен медиа өкүлдөрүн колониянын үстүнөн даттанууга чакырды.

Сот отурумунда журналист өзүнө колонияда “террорчулукка жакын” деген макам ыйгарылганын айтып, аны алып салууну талап кылды.

Ника Новак Иркутск облусунун №11 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2024-жылдын ноябрында ал “чет элдик уюм менен жашыруун кызматташуу” беренеси боюнча төрт жылга абакка кесилген. Бул берененин негизинде журналист соттолгон биринчи учур болуп калды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус сот өкүмүнөн кийин расмий билдирүү таратып, журналисттин дарегине коюлган айыптоолорду “саясий куугунтук” деп атаган:

“Биз "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Ника Новакка чыгарылган адилетсиз өкүмдү айыптайбыз. Бул саясий себептер менен козголгон иш жана бийликтин көз карандысыз журналисттерди коркутуп, алардын үнүн басууга болгон аракети”.

“Мемориал” уюмунун “Саясий туткундарды колдоо” долбоору Ника Новакты саясий туткун деп тааныган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG