15-октябрда Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы “Мугалимдин макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды.
Документ мугалимдердин ар-намысын, абийирин жана кесиптик укуктарын коргоону көздөйт. Алардын милдеттерин жана социалдык кепилдиктерин аныктайт.
Мыйзам күчүнө кириши үчүн аны парламенттин жогорку палатасы бекитип, президент кол коюшу керек. Ал расмий жарыялангандан бир айдан кийин ишке кирет.
Аталган мыйзам долбоору 2024-жылы президент Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен иштелип чыккан. Ал мугалимдик кесиптин кадыр-баркынын түшүп кеткенине тынчсызданып, бул багытта атайын документ даярдоону тапшырган. Тажик өкмөтү быйыл жайында мыйзам долбоорун парламентке жөнөткөн.
Жаңы мыйзамга ылайык, мугалимдерди акча чогултууга, ишембиликтерге же мектептерди оңдоого мажбурлоого тыюу салынат. Аларды басымдан жана кемсинтүүдөн коргоо чаралары да каралган. Социалдык кепилдик катары мугалимдерге жер тилкелери жана турак жай биринчи кезекте берилет.
Казакстанда да бир нече жыл мурда “Педагогдун макамы жөнүндө” мыйзам күчүнө кирип, ал билим берүү тармагындагы эң натыйжалуу документтердин бири катары бааланган. Коңшу өлкөдө мугалимдердин укуктары боюнча талкуулар уланууда.
Өткөн жылы декабрда Казакстандын Семей шаарында жаңы жылдык балатаны орнотуу маалында мектеп мугалими кулап, оор жараат алган. Маалыматка караганда, мугалимдерди шаарды кооздоо иштерине жергиликтүү бийлик мажбурлап чыгарган.
Казакстандын Билим берүү министрлиги мындай учурлар “Педагогдун макамы жөнүндө” мыйзамга каршы келерин билдирген. Бул окуядан кийин Семей шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулган.
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш 2023-жылы мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырып, президентке кол коюуга жөнөткөн. (AiA)
Шерине