Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

ИИМ окуучуларды коркуткан чет элдик жаран экенин билдирди


Милиция кызматкеринин автоунаасы. Бишкек.
Милиция кызматкеринин автоунаасы. Бишкек.

Ички иштер министрлиги Бишкектеги мектептердин окуучуларын коркуткан жарандын тек-жайы аныкталганын билдирди.

"Милиция кызматкерлери тарабынан коркутууларды тараткан адамдын өздүгү аныкталып, ал 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес", - деп жазылган маалыматта.

ИИМ коркутууга байланыштуу окуу жайларда зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталбаганын билдирди.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы 17-октябрда борбордогу муниципалдык мектептерди онлайн-режимге өткөргөнү кабарланган. Бирок көп өтпөй мектептер ишин мурдагыдай эле уланта турганы белгилүү болду.

ИИМ видео аркылуу коркуткан адам Кыргызстанда эместигин, ал атаган мектептер текшерилип коопсуздукка коркунуч жок экенин аныктаган. Милиция 17-октябрда күчөтүлгөн тартипте иштери кабарланды.

Министрлик жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырды.

Кыргызстанда буга чейин мектепте "бомба" коюлганын айтып, окуучулар эвакуация болгон учурлар катталган. Текшере келгенде бул маалыматтар жалган болуп чыккан.

УКМК террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин эскертип келет.

Кылмыш-жаза кодексинин “Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган адам бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же айыпка жыгылат. Беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы да каралган. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG