Улуттук статистика комитети маалыматтарды эсептөөдө 2008-жылдагы улуттук эсеп системасына өткөнүн жарыялады. Буга чейин статистикалык эсептөөлөр 1993-жылдагы методология менен жасалчу. Жаңы стандарттар өлкөлөр аралык маалыматтарды салыштырууга жана экономиканын тармактарын толугураак камтууга мүмкүндүк берет. Мекеме анын ички дүң өндүрүмдүн өсүү темпине бир кыйла таасир кыларын билдирүүдө.
Жаңы стандарттар өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн толук камтылышын, анын ишенимдүүлүгүнө жана эл аралык деңгээлде салыштырмалуулугуна жетишүүнү көздөйт. 2008-жылдагы стандарттарга өтүү ички дүң өндүрүмдүн көрсөткүчтөрүн башка өлкөлөрдүн өнүгүү динамикасы менен салыштырууну камсыздайт.
Улуттук эсептер системасынын 2008-жылдагы стандартында ички дүң өндүрүмдүн 1993-жылдагы стандартында камтылбаган эсептер камтылган. Буга көмүскө эсептелген финансылык ортомчулук кызматы, камсыздандыруу көрсөткүчтөрү, турак жайды ижарага берүү кызматын эсепке алуу, байкоого алынбаган жана мыйзамсыз экономикалык ишмердик, ошондой эле илимий-изилдөө иштери кирет.
Мекеме соңку беш жылдагы, тагыраагы, 2019-жылдан берки маалыматтарды кайра эсептеп чыккан. Көмүскө эсептелген финансылык ортомчулук кызматы менен камсыздандыруу кызматы 2008-жылдагы стандарттар боюнча ишмердиктин камсыздандыруу түрүнө жайгаштырылган. Турак жайды ижарага берүү кызматы кыймылсыз мүлктөр операциясына кирген.
Кыргызстандын 2019-2022-жылдардагы ички дүң өндүрүмүн 2008-жылдагы стандарт боюнча кайра эсептеп чыкканда, номиналдык чен орточо 5,5% өскөн.
Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова статистикалык маалыматтарды жаңы стандарттар боюнча эсептөө өлкө экономикасынын өсүү темпине олуттуу таасир этерин айтат. Ал ички дүң өндүрүмдүн көлөмүнүн өсүшүнө айрым көрсөткүчтөр боюнча жаңы эсептөөлөр таасир кылганын белгиледи.
“Биз улуттук эсеп системасынын 2008-жылдагы стандарттарына өткөндөн кийин ички дүң өнүмдүн көлөмү өстү. Жаңы көрсөткүчтөрдү эсептеп, аларды ИДӨгө кошкондуктан, жалпы көлөм көбөйдү. Жаңы көрсөткүчтөр – көмүскө эсептелген финансылык ортомчулук кызматы, камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу, Улуттук банктын кызматтары, турак жай кызматтары, финансылык мекемелерге берилген мамлекеттик субсидиялар, байкоого алынбаган экономика жана илимий-изилдөө иштери. Бул көрсөткүчтөр боюнча соңку беш жылды алганда жыл сайын орточо 45-50 млрд сом кошулду. Бирок бул өсүү темпинде көп деле сезилген жок. Анткени бул жерде ал көрсөткүчтөрдүн физикалык көлөмү кандай индекске ээ экендиги маанилүү болду”.
2008-жылдагы стандартта илимий-изилдөө ишмердигинин чыгымдарына, финансылык ортомчулук кызматына жана өздүк турак жайда жашоо кызматына жаңы түшүндүрмө колдонулат.
Дүң жана чекене соодада, автоунааны жана мотоциклдерди оңдоодо, кыймылсыз мүлк менен операция жасоодо, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда 2008-жылдагы стандарт боюнча эсептөөлөр кошулгандыктан, алар ички дүң өндүрүмдүн өсүү темпинин өзгөрүшүнө олуттуу таасир эткен.
“Соңку үч жылды алсак, жаңы стандарттар боюнча 2020-жылы ички дүң өндүрүмдүн көлөмү өстү. 1993-жылдагы стандарт боюнча ИДПнын көлөмү 91,6% болсо, 2008-жылдагы стандарттар боюнча 92,9% болуп, өсүү темпи бир аз жогорулады. Ал эми 2021 жана 2022-жылдын көрсөткүчтөрү 0,7% төмөндөдү. Эмне үчүн 2021-жылдын өсүү темпи түшүп кетти? Анткени бул өзгөрүүдө көп үлүштү турак жай кызматы менен финансылык ортомчулук ээлейт. Алардын физикалык индекси жогору эмес. Ошондуктан алар ИДӨнүн жалпы көлөмүн төмөн тартып турат”, - дейт Элвира Исенкулова.
Улуттук эсептер системасынын 2008-жылдагы стандарты 1993-жылдагы стандарттын концепциясынын өзөгүн, аныктамаларын жана классификацияларын улантып кетет. Статистикалык тажрыйбада 2008-жылдагы стандартты жайылтуу ишмердиктин айрым түрлөрүн тереңирээк чагылдырууга жана байкоого алынбаган экономиканы эсепке кошууга өбөлгө түзөт.
Жаңы стандартка өтүү ички дүң өндүрүмдү эсептөөнүн үч ыкмасына тең – өндүрүштүк ыкмага, кирешелерди колдонуу ыкмасына жана ИДПны киреше булактары боюнча түзүү ыкмасына тийиштүү болот.
2008-жылдагы стандартка өтүүдө улуттук эсептерди түзүүнүн сапаты экономикалык операцияларды кененирээк камтуунун эсебинен эле эмес, аларды тереңирээк көрсөтүү аркылуу да жогорулайт.
Мекеменин өкүлдөрү жаңы стандарттарга өтүү бир кыйла так жана салыштырмалуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берерине жана алардын рационалдуу экономикалык чечимдерди кабыл алууга негиз түзөрүнө ишенип турушат.
“Азыр бизде ички дүң өндүрүмү өсүү жыйынтыгына карап эсептелет. Январда январдын сандары, январь-февраль – эки айлык, январь-март – үч ай, январь-июнь – алты ай. Бул жерде чейректик улуттук эсептерди саноонун ыкмасында көрсөткүчтөр чейректик негизде гана эсептелет. Башкача айтканда, январь-март – биринчи чейрек, экинчи чейрек – апрель-июнь айлары. Анүчүн алгачкы булактар маалыматты ошого жараша бериши керек. Өсүү жыйынтыгына карап эмес, айлар боюнча эсептелет. Мындай иштер бизге ар бир чейректе, экономиканын ар башка тармактарында кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын тагыраак чагылдырып бергенге шарт түзөт. Бул экономикалык процесстерди талдоодо, божомолдоодо жана пландоодо колдонуу үчүн абдан ыңгайлуу инструмент болот. Бир чейректи башка чейрек менен салыштырууга болот. Маселен, биз азыр аккумулятивдик негизде, өсүү жыйынтыгы менен иштегендиктен, чейректи чейрек менен салыштыруу анча ыңгайлуу эмес. Жыл соңунда 2019-жылдан берки чейректик улуттук эсептерди жарыялоону ойлоп жатабыз. Бул божомолдорду иштеп чыккан негизги мамлекеттик орган катары экономика министрлигинин иштерине жардам болот деп ойлойм”, - дейт Элвира Исенбаева.
Мекемеден билдиргендей, жумушчу таблицалардын шаблондору бүт бойдон өзгөртүлдү жана 2019-2022-жылдардын ички дүң өндүрүмдөрү боюнча жылдык маалыматтар 2008-жылдагы стандарт менен түзүлдү.
Улуттук эсептер системасынын 2008-жылдагы стандартына өтүү боюнча иштер 2017-жылдын июнь айынан башталган. Беш жылга созулган иштер Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоору менен аягына чыгарылган.