Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Кыргыз-немис алакасы: Берлинди эмне кызыктырат?


Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммит маалында, Берлин, 29-сентбярь, 2023-жыл.
Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммит маалында, Берлин, 29-сентбярь, 2023-жыл.

Германия Кыргызстандын тышкы экономикалык алакасында дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы ондукта, ал эми Европа өлкөлөрүнүн сап башында.

Соңку эки жылда сооданын көлөмү кескин секирик жасаган, быйылкы жети айда төрт жарым эсе өскөн.

Германияны чөлкөмдө эмнелер кызыктырат жана Кыргызстан менен экономикалык алакасы кандай өңүттө өнүгүүдө?

Жыйын алдында Борбор Азия аймагынын президенттери менен немис өлкө башчысы Франк-Вальтер Штайнмайердин жолугушуусу болду.

Анда кыргыз президенти Садыр Жапаров геосаясий кырдаалда Борбор Азияга эл аралык коомчулуктун көңүлү бурулганын, бул экономикалык кызматташууга шарт түзөрүн белгиледи.

“Мунун баары саясий декларацияларды кабыл алуу менен эле чектелбестен, мазмундуу соода-экономикалык жана инвестициялык иште жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди Жапаров.

Германия соңку бир жылда Борбор Азия лидерлерин саммитке чогулткан алтынчы өлкө болууда. Германия менен Кыргызстанды эмне бириктирет? Статистикалык маалыматтарды карасак, соңку эки жылдагы соода жүгүртүүнүн көлөмү кескин өскөнүн көрөбүз.

2023-жылы Кыргызстандын тышкы соода алакасында дүйнө боюнча негизги өнөктөш өлкөлөр арасынан Германия 9-орунда көрсөтүлгөн. Ал эми Европа өлкөлөрүнүн ичинен башкы орунда келет.

Эске ала турган жагдай, Кыргызстандын Швейцария менен соода алакасынын 98% алтын экспорту түзөт.

Эл аралык саясат боюнча эксперт Эдил Осмонбетов жамааттык Европанын экономикалык локомотиви катары Германия тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүп жатканына көңүл бурат.

Ал геосаясий мааниси артып бараткан Борбор Азия аймагы менен тыгыз мамиле куруп, дүйнөлүк ири мамлекеттердин атаандаштыгына кошулганын белгиледи:

“Борбор Азиянын өзгөчөлүгүн жана аябай маанилүү аймак экенин дүйнөлүк ири мамлекеттер түшүндү. Эмне үчүн? Биринчиден, Украинадагы согуштун таасири чоң. Геосаясий атаандашуу жүрүп жатканын баары түшүнүп турат. Борбор Азия Батыш мамлекеттери, Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана Кытайдын кызыкчылыктары кесилишкен жерде турат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Борбор Азия маанилүү аймак катары таанылууда. Экинчиден, Германия мамлекет катары бириккен Европада экономика жагынан локомотив болуп саналат. Ал өсүүнүн тышкы саясатын да сөзсүз ала жүрүшү керек. Ошондуктан Борбор Азиянын беш президенти менен жолугушуу, биринчиден, анын аймактагы деңгээлин көтөрөт. Экинчиден, Германия ири мамлекет катары өсүүнүн эгемен, көз карандысыз тышкы саясатын иштеп чыгууда”.

Германия Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан жана Өзбекстан менен тыгыз экономикалык карым-катыш жүргүзүүдө. Өз ара сооданын көлөмү боюнча Кыргызстан үчүнчү орунда турат.

Германиянын Тышкы мамилелер боюнча кеңешинин Чыгыш Европа, Орусия жана Борбор Азия боюнча эксперти Штефан Майстер немис бийлиги дүйнөдө адам укуктары, сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды алдыга жигердүү жылдыра берерин, бирок өлкөлөр аралык кызматташууга келгенде прагматикалык көз караш басымдуулук кыларын белгиледи.

Ал Москва жана Бээжин менен тыгыз алакасынын фонунда кыргыз бийлиги Германия менен кызматташууга кандай маани берери боюнча пикирин бөлүштү:

“Мага азыр Бишкектеги өкмөттүн Евробиримдик же Германия менен кызматташууга канчалык кызыкдар экенин айтуу кыйын. Алар эмнени берсе, ошону кабыл алат. Эми бул менин жеке баам. Ошол эле маалда Орусиянын, Кытайдын инвестициясы коррупциялык схемалар менен келип жаткан, алар өлкөнүн жетекчилигинин айланасына барып такалган учурларды билебиз. Өлкөнүн экономикасы чабал, өкмөт кандай болсо да кирген акчанын агымына кызыкдар. Инвестиция аба менен суудай керек. Андыктан Германия, Евробиримдик эмне сунуштаса да, Бишкек жок дебейт. Бирок ошол эле маалда Кытай менен Орусиянын инвестициясына байланышкан коррупциялык схемалар деле токтобойт өңдүү. Кыргызстанга европалык же немис инвестициясынын тартууда дагы бир бөгөт болчу нерсе - бул өлкөдө мыйзам үстөмдүгүнүн, инвестициянын да, компаниялардын коопсуздугуна кепилдиктин жоктугу”.

Кыргызстан менен Германиянын экономикалык алакасы боюнча соңку 10 жылдагы маалыматтар анын 2022-жылдан бери кескин күчөгөнүн көрсөтөт. Бириккен Улуттар Уюмунун статистикалык маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын Германия менен 2022-жылдагы өз ара соода жүгүртүүсү андан мурунку жылга караганда 4,6 эсеге өстү же 385 млн доллар болду. Анын 92% Германиядан келген импортко, 8% экспортко таандык. Көбүнчө жеңил унаалар, унаа тетиктери, медициналык жана өндүрүш жабдуулары, дары-дармектер жана мунайзат импорттолот. Мындай сандар менен Германия Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндө 3% үлүштү ээлейт.

Президент Садыр Жапаров Берлиндеги сапарында курулуш материалдарын өндүргөн Knauf өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында компания менен Кыргызстанда гипстен курулуш материалдарын чыгарган өндүрүш курууну макулдашканы маалымдалды.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2023-жылдын жети айындагы кыргыз-герман соода алакасынын көлөмүн 241 млн доллар деп көрсөтөт. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 431% көп. Өсүү импорттун 490% көбөйүшү менен камсыздалган, бирок экспорт 36,6% азайып кеткен.

Буга чейин Борбор Азия чөлкөмү менен Америка Кошмо Штаттары, Орусия, Кытай, Евробиримдик, Булуңдагы араб мамлекеттеринин кеңеши жана Индия кызматташтык саммиттерин өткөрүп келди. Германия бул чөлкөм менен жаңы форматта кызматташууга дилгирлигин билдирген алтынчы тарап болууда. Жапон өлкөсү да Борбор Азия өлкөлөрү менен ушундай эле форматта саммит өткөрүүнү 2024-жылга пландап жатат.

XS
SM
MD
LG