Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Президент өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартты

Бишкекте айрым соода дүкөндөрү кардарлардан дүкөнгө кирүү үчүн сөзсүз бет кап кийүүнү талап кылууда.
1/18 Бишкекте айрым соода дүкөндөрү кардарлардан дүкөнгө кирүү үчүн сөзсүз бет кап кийүүнү талап кылууда.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Ош шаарындагы жип менен тосулган жол.
2/18 Ош шаарындагы жип менен тосулган жол.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Ош шаарынын кире беришиндеге блок-постто турган милиция кызматкери.
3/18 Ош шаарынын кире беришиндеге блок-постто турган милиция кызматкери.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Бишкектеги жер алдындагы өткөөлдү дезинфекция кылууда. 
4/18 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Бишкектеги жер алдындагы өткөөлдү дезинфекция кылууда. 
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Бишкектеги жаңы конуштарга кире турган айрым көчөлөр казылып, автоунаалардын жолу тосулган.
5/18 Бишкектеги жаңы конуштарга кире турган айрым көчөлөр казылып, автоунаалардын жолу тосулган.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Ош шаары. Өзгөчө абалга байланыштуу базарлар, соода борборлору, ишканалар, кызмат көрсөтүү жайлары жабылган. Бул өз кезегинде миңдеген адамды күнүмдүк кирешесинен кол жуудуруп, социалдык чыңалууну пайда кылды. Ишкерлер эсепсиз чыгымга учурады.
6/18 Ош шаары. Өзгөчө абалга байланыштуу базарлар, соода борборлору, ишканалар, кызмат көрсөтүү жайлары жабылган. Бул өз кезегинде миңдеген адамды күнүмдүк кирешесинен кол жуудуруп, социалдык чыңалууну пайда кылды. Ишкерлер эсепсиз чыгымга учурады.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
6-апрелде Каракол шаардык штабынын чечими менен 52 батирлүү көп кабаттуу №55 турак үй өзгөчө карантинге алынып, жалпы эшиктерге кулпулар салынды, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. (Сүрөт Алена Хоменкого таандык).
7/18 6-апрелде Каракол шаардык штабынын чечими менен 52 батирлүү көп кабаттуу №55 турак үй өзгөчө карантинге алынып, жалпы эшиктерге кулпулар салынды, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. (Сүрөт Алена Хоменкого таандык).
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Көп кабаттуу үйдүн өзгөчө карантинге алынышына Индияга төрт айлык дааватка барып, 22-мартта кайтып келген тургундан коронавирус табылганы жана ал жолугушкан адамдар тууралуу маалымат бербей жатканы себеп болгон.
8/18 Көп кабаттуу үйдүн өзгөчө карантинге алынышына Индияга төрт айлык дааватка барып, 22-мартта кайтып келген тургундан коронавирус табылганы жана ал жолугушкан адамдар тууралуу маалымат бербей жатканы себеп болгон.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Каракол шаарынын мэриясы мындай чара коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуу тобокелдигин алдын алуу максатында жасалганын билдирди. 
9/18 Каракол шаарынын мэриясы мындай чара коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуу тобокелдигин алдын алуу максатында жасалганын билдирди. 
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Каракол шаарындагы №55 турак үй. 
10/18 Каракол шаарындагы №55 турак үй. 
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Ош шаардагы айрым көчөлөр автоунаа өтпөгөндөй болуп тосулган.
11/18 Ош шаардагы айрым көчөлөр автоунаа өтпөгөндөй болуп тосулган.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Ал көчөлөргө сырттан эч ким кирбейт жана жашоочулар да чыгышпайт. Ош шаары.
12/18 Ал көчөлөргө сырттан эч ким кирбейт жана жашоочулар да чыгышпайт. Ош шаары.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Ош шаарындагы тосулган көчөлөрдүн бири.
13/18 Ош шаарындагы тосулган көчөлөрдүн бири.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Карантинге байланыштуу эрте жазда алган түшүмүн кайда алып барып сатуунун жолуп таппай же коюлган посттордон өтө албай дыйкандардын түйшүгү арбыды. Араван району.<br />
<br />
Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы акыркы айларда эле 5 миллиард сом зыян тартты.
14/18 Карантинге байланыштуу эрте жазда алган түшүмүн кайда алып барып сатуунун жолуп таппай же коюлган посттордон өтө албай дыйкандардын түйшүгү арбыды. Араван району.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы акыркы айларда эле 5 миллиард сом зыян тартты.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Милиция кызматкерлери шаардагы ар бир автоунаанын кыймылына көз салууда. Бишкек шаары.
15/18 Милиция кызматкерлери шаардагы ар бир автоунаанын кыймылына көз салууда. Бишкек шаары.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Айрым аймактарда жарандардын өзү менен алып жүргөн буюмдары да дезинфекцияланууда. Сузак району.
16/18 Айрым аймактарда жарандардын өзү менен алып жүргөн буюмдары да дезинфекцияланууда. Сузак району.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Өзгөчө абалда жашап жаткан Ош шаары.
17/18 Өзгөчө абалда жашап жаткан Ош шаары.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат.
18/18 Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Артка
Алдыга

Кыргызстандын айрым аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Бул өлкөдө эпидемиологиялык абал азырынча оор болуп жатканы менен түшүндүрүлүүдө.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, айрым аймактарда киргизилген өзгөчө абал дагы эки жумага узартылмай болду. Атап айтканда, президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Эми аны парламент 15-апрелде бекитиши керек.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин эки комитети коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Парламентте депутат Чыныбай Турсунбековдун суроосуна жооп берип жатып, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдай өзгөчө абалды жоюуга азырынча жол бербей турганын айтты:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Оору азайган жок, ошондуктан азырынча алмаштыра албайбыз. Илдет жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан биз дагы эки жумага чейин өзгөчө абалды улантууну мамлекет башчыга сунуш кылдык».

22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Президент Сооронбай Жээнбековдун дагы бир жарлыгына ылайык, өзгөчө абалдын эрежелери 15-апрелден тартып эми Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да киргизилип жатат. Нарында COVID-19 илдети катталгандар акыркы күндөрү көбөйүп, жалпы саны 34 кишиге жетти.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель болот деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«20-апрелден 24-апрелге чейин деп жатышат. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Себеби, оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдеттин алдын алуу иштерине өтөт элек», - деди ал.

Өлкөдө 14-апрелде коронавирус жуккан дагы 11 жаңы учур катталып, ооруну жугузгандардын жалпы саны 430 адамга жетти. Ал эми анын 18% дарыгерлер. Ошондуктан депутаттар өкмөттү элди коронавируска жапырт текшерүүгө, ал эми министрликти жеке менчик лабораториялардын жардамын алып иштетүүгө чакырышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев мындай деди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Элди коронавируска жапырт текшерүүгө шарт түзүш керек. Жогорку Кеңеш жеке менчик лабораторияларга элди жапырт текшерүүгө уруксат берген. Азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөш жүрүп жатат. Эгерде адам өлүмү көбөйүп кетсе, саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголушу мүмкүн».

Жогорку Кеңештеги талкууда мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопко тартуу маселесин бир катар башка да депутаттар көтөрүп чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мурунку саламаттык сактоо министрин «коронавирус илдетинин алдын алуу иштерин жакшы жүргүзгөн жок» деп сындады:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Бизде азыр согуштук кырдаал - өзгөчө абал жарыяланып отурат. «Ушундай шартта шалаакылык кылып, тиешелүү деңгээлде иш алып бара албай, оорунун жайылып кетишине жол берди» деп кылмыш жоопкерчилигине тарткыла. Прокуратура иликтесин, иштесин. Бул кийинки министрлерге, орун басарларына да сабак болушу керек. Азыр бизди вирус эмес, кайдыгерлик, шалаакылык жок кылат».

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевдин парламент комитетинде билдиргени боюнча, мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге «Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн прокурорлук эскертүү берилген.

«Андан тышкары да бир нече эскертүүлөр берилген. Комитет чечимдеринин негизинде сунуш берсеңер прокуратурада карайбыз», - деди Нурлан Дүйшөмбиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1-апрелде кызматтан кеткен. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы алар коронавирус илдетинин алдын алууда бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеген. Мурдагы жетекчилер өздөрүнө коюлган дооматтар боюнча жүйөсүн айта элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG