Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Абдраманов: «Болору болду, эми артын ойлойлу»


Профессор Калдарбек Абдраманов
Профессор Калдарбек Абдраманов

Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдрамановдун COVID-19 илдетинен улам жаралган эпидемиологиялык курч кырдаалдан чыгуу тууралуу сунуш пикирлери.

Болору болду, боёгу канды. Өкмөт өз убагында өлкөгө өзгөчө кырдаал абалын киргизгенине да каниет кылалы.

Алдыда бизди эмне күтүп жатканын азыр эч ким божомолдой албайт. Бирок бир нерсени так айта алам. Азырынча карантинден чыгууга эрте, инфекция жаңы тарала баштады, туу чокусуна жете элек. Дарыгерлер тесттерди жасап, оорулууларды таап, бөлөктөп, дарылап айыктырышыбыз керек. Эл, өкмөт, адамдар бири-бирине жугузбоо аракетин жасашы керек.

Акчага, тамак-ашка муктаж болгон элге өкмөт, жергиликтүү бийлик, айылдыктар, колунда бар адамдар жардам берип, дагы чыдай туралы. Угуп жатам, кээ бир айылдарда бир жумада бир жылкы, уй союшуп, элине тегиз таратып тамак-ашын камсыз кылып, карантинге баш ийип, үйлөрүндө оокатын өткөрүп жатышат. Демейде бир жумада айылда күндө той-аш болуп ысырапкерчилик болуп жатса, азыр ашыкча чыгым жок эле баарына ошол жылкынын, уйдун эти бир жумага кенен жетип, ачка калган эч ким жок, туугандар. Баарыбыздын максатыбыз - ооруну жеңүү, антпесе оору бизди жеңет. Өкмөттүн демилгесин толук колдоого чакырам. Күч - биримдикте! Ооруну чогуу жеңебиз.

Эми өзүмдүн бир ай мурун айткан сөзүмдү дагы кайталайын.


Азыр эң зарыл аткарылчу иштер төмөнкүлөр деп эсептейм:

1. Карантин зоналарында жашаган элди текшерип, тестирлеп, ооруну активдүү түрдө аныктап чыгуу керек. Бул иштер оорулууларды өз убагында аныктап, аларды изоляцияга алып, дарылоо үчүн зарыл.

2. Тез арада өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдууларды алыш керек (ИВЛ), жок дегенде 1 миллион элге 100 аппарат туура келгендей. Ошондой эле кычкылтек иштеп чыгаруучу аппараттарын да алуу керек. Ооруканалардагы жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө иштеген дарыгерлерди, медициналык кызматкерлерди коргоочу каражаттар менен толук камсыз кылыш керек.

3. Коронавирустун кесепетинен пенсия курагындагы жана майып адамдарды коргоо боюнча программаны кабыл алуу зарыл.

4. Буюртма берип, ЭКМО – экстрокорпоралдык мембранндык оксигенация жасоочу аппараттан жок дегенде бешөөн тез арада сатып алып, медициналык кызматкерлерди коргоочу материалдар менен камсыз кылып, 500 клиникалык учурду дарылай алганга жете тургандай керектүү материалдарды алып, шарттарды түзүү зарыл.

5. Инфекция курчуп кетсе 1 миллион адамга кеминде 100 орундуу реанимациялык койкалар, бөлүмдөр талап кылынат. Бул үчүн шаар, аймактардагы реанимациялык койкаларды, бөлүмдөрдү ылайыкташтырып кеңейтип, мындай бөлүмдөрү жок ооруканаларга жаңыларын ачып, кардиомониторду, артериалдык кан басымды ченеген инвазивдик жабдууларды, дары-дармеги менен кошо камсыз кылыш керек.

6. Дарыгер-анестезиолог жана реаниматологдорду, медайым, санитарларды даярдалган реанимациялык орундардын санына жараша окутуп, даярдап чыгуу зарыл. Өз ыктыяры менен кызматка барып жаткан дарыгер, медайымдардын иш акысын төлөп берип, алар менен келишимдик негизде иштөө системасын түзүү керек.

7. Азыртадан баштап, 2020-жылдын октябрына чейин ар бир райондо жаңы инфекциялык ооруканаларды куруп бүтүрүп, ар жүз миң адамга 1 койка деген эсеп менен даярдап коюш керек. Бул ооруканалар пандемия бүткөндө көп багыттуу облустук же райондук ооруканага айланууга даяр болушу керек.

Мына ушунун баарын өлкөнүн алтын запасын сатсак да, тышкы карызды дагы 300 миллион долларга көбөйтсөк да, элди сактап калуу үчүн ишке ашырышыбыз керек.


Азыркы биздеги каражат жана күч коронавирус менен күрөшүүдө жетишсиз жана таасири көп болбойт. Жогорудагыдай жолдор аркылуу гана пандемияны токтотуп, анын курмандыктарын азайта алабыз.

Кырдаал татаал. Себептери көп, айта берсең арман көп. Бүгүн баарынан кыйын абалда биз - медиктер калдык. Ооба, коргонуучу кийимдер жетишпейт, талапка жооп берчү даяр имараттар, ооруканалар, даярдыктуу дарыгерлер жетишпейт. Ошонун баары медиктердин ичинен оору жугузгандардын көбөйүшүнө алып келди. Бул - азыркы проблемалардын эң орчундуусу. Ага президент өзү көңүл бурду.

Мен карантинге кирген аймактардын коменданттарына кайрылгым келет. Жолдош офицерлер, бул өзгөчө кырдаалдын себеби - пандемия. Бул "оюндун" негизги "желдеттери" аскерлер эмес, саясатчылар же башкалар эмес, бул - медицина кызматкерлери. Демек өзгөчө кырдаалдын негизги максаты - медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө талаптагыдай шарт түзүп берүү.

Азыр ооруп жаткандардын 12-15% - менин кесиптештерим. Бул биз үчүн өтө өкүнүчтүү, чоң "санитардык жоготуу". Бири-бирине "жармашпоо", жуктурбоо биздин күрөштүн негизги принциби экенин түшүнгөн болсоңор, анда кызматтагы саламаттык сакчыларына менчик машинелеринде жүрүүгө уруксат кагазыңарды аябагыла. Шаар бийликтери уюштурган автобустарга биздин кызматкерлерди толтуруп, камап алып ары-бери ташыган туура эмес. Алар ар кандай жерлерде, шарттарда иштешет, аларды беткаптан башка каражаты жок абалда чогултуп алып ташуу туура эмес, вирустун жайылуусуна өзүбүз шарт түзүп жатабыз.

Медиктер башынан өткөрүп жаткан башка кыйынчылыктар жөнүндө мен ооз ачпай эле койдум. Ошондуктан, силер бөлгөн транспортко кошумча медицина кызматкерилерине коллегаларын өздөрүнүн транспортунда ташыганга уруксат бериш керек деп ойлойм. Ошондо гана эпидемиологиялык абал жакшы жагына өзгөрөт эле.

Калдарбек Абдраманов, Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG