Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Өзгөчө абалды узартуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу сунушталууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айтты.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандагы айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунуш киргизди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, «акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте».

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Көптөгөн медициналык адистердин берген сунуштарынын негизинде, республикалык штабдын чечими менен президент Сооронбай Жээнбековго сунуш кылдык. Мында өлкөдөгү өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимин мындан ары дагы узартуу маселеси турат», - деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бороновду кабыл алган кезде өлкөдөгү эпидемиологиялык жана макроэкономикалык кырдаалды жөнгө салуу боюнча натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгыш үчүн кырдаалга терең, комплекстүү талдоо жүргүзүү зарыл экенин белгилеген.

Кыргызстанда 22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Бишкектеги Ош базарында соода кылган Тамара 20 күндөн бери үйүндөгү азык-түлүк түгөнүп, чөнтөгү жукарганын айтты:

«Акчабыз калган жок. Эми карантинди дагы узартса кандай жашоо болот? Батирибиздин ижара акысын да төлөй албай калдык».

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы акыркы айларда эле 5 миллиард сом зыян тартты. Ошондуктан мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов өзгөчө абал режимин токтотуп, өзгөчө кырдаалды гана улантуу керек деп эсептейт.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Өзгөчө абалдын кереги жок, - деди саясатчы. - Ал эми өзгөчө кырдаал режими эң аз дегенде апрель айынын соңуна чейин калышы керек. Эгер өзгөчө кырдаал болсо коменданттык саат болбойт. Бирок чектөөлөр болушу керек. Антпесе азыр элдин жашоосу оорлошуп баратат».

Өзгөчө абалга байланыштуу базарлар, соода борборлору, ишканалар, кызмат көрсөтүү жайлары жабылган. Бул өз кезегинде миңдеген адамды күнүмдүк кирешесинен кол жуудуруп, социалдык чыңалууну пайда кылды. Ишкерлер эсепсиз чыгымга учурады. Ошондуктан серепчилер илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо иш-чаралары менен чогуу эле экономиканы сактап калуу зарыл экенин билдиришүүдө. Эксперт Азамат Акелеев мындай дейт:

«Азыр «ишкерлер салыктан бошотулат» деп оозеки гана айтылып жатат. Токтомдор чыга элек. Кризиске бөгөт коюш үчүн ишкерлерди өкмөт колдоого алышы керек. Мындан тышкары башка өлкөлөр сыяктуу эле биздин өкмөт да жону жука бүлөлөргө жардам бериши керек. Аларга конкреттүү төлөмдөр берилиши керек».

Ал арада вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ишкерлерди колдоо үчүн 14 млрд. сом табылганын билдирди. Анын маалыматына караганда, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн биринчи болуп жабыр тарткан жана көп чыгымга учураган ишкерликтин түрлөрү изилденип жатат. Ушундан улам биринчи кезекте жардамга муктаж жана экономикага көбүрөөк пайда алып келчү ишкерликтин түрлөрү талданууда. Анын жыйынтыгында финансылык жардам берүүнүн жолдору каралат.

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«Ишмердүүлүктүн, ишкерликтин секторлорун карап чыгып, талдоо жүргүзүп жатабыз, - деди өкмөт мүчөсү. - Бир алардын кайсынысын биринчи ача аларыбызды, ошол эле кезде бизнестин кайсы түрүнө, ишканага кандай талаптар коюлушу керек экенин талдап жатабыз. Мисалы, адам байланышы аз болгон ишканаларды биринчи кезекте ачуу пландары бар. Бирок азыр анын убактысын айта албайбыз. Себеби биз күн сайын инфекцияга байланыштуу анализдерди алып, ошого жараша иш кылып жатабыз».

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуккан дагы 42 адам табылды. Ошентип оору жуккандардын жалпы саны 419 адамга жетти. Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев COVID-19 илдети мындай тездик менен аныкталып жаткан шартта өзгөчө абалды алып таштоого болбой турганын билдирди:

«Биз эпидемиянын туу чокусуна чыга элекпиз. Бул көрүнүш апрель айынын аягына чейин, керек болсо май айынын ортосуна чейин созулат. Анан азая баштайт. Эң акыркы учур катталып, андан соң эки жума өткөндөн кийин гана карантинди алса болот. Болбосо биз эпидемия тез тараган өлкөлөрдүн катарын толуктап калышыбыз мүмкүн».

Мыйзамга ылайык, өзгөчө абалды өлкөнүн президенти киргизип, аны Жогорку Кеңеш бекитет.

Өзгөчө абал – бул мамлекеттик түзүлүшкө, коомдук кызыкчылыкка жана адамдардын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч жаралганда жарыялана турган жагдай. Бул башкаруунун өзгөчө формасына кирет. Бул демократиялык негиздер менен түзүлгөн өлкөнүн ичиндеги мамлекеттик органдарынын ишин чектейт. Мындан сырткары адамдын укуктары да жалпы кызыкчылык үчүн чектелүү болот. Менчик укугу болсо да өлкөдөгү бардык ишканалар коменданттын айтканын угууга жана аткарууга тийиш.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG