Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстандагы психиатриянын кыйынчылыгы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2030-жылга чейинки өнүгүү жолун аныктаган «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында 2018-жылы «Калктын психикалык саламаттыгын коргоо жөнүндө» өкмөттүк программасын кабыл алган.

Анда ар бир адамдын укугун коргоодон баштап, психикалык ден соолугун сактоо үчүн ар бир үй-бүлө мүчөсүнө чейин кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, эл арасында психикалык саламаттык тууралуу түшүнүктү калыптандыруу жана ден соолукту сактоо үчүн «эл эмне дейт» деген көз карашты жоюуга чейин каралган. Бирок бир жыл ичинде программаны ишке ашыруу аракетине караганда тымызын каршылык көрсөтүү көбүрөөк байкалганы айтылууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» талкуусунда сөз болду.

Талкууга Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун директору Ураимжан Исмаилов, «Психикалык саламаттык жана коом» өкмөттүк эмес уюмунун директору Жакшылык Жыргалбеков менен эксперт Бурул Макенбаева катышты.

«Азаттык»: - Бурул айым, 2015-жылы берилген маалыматта «Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган жүздөгөн адамдар бар. Алардын 77 пайыздан 95 пайызга чейинки бөлүгү билим алууда, ишке орношууда, медициналык, юридикалык жана социалдык жардам алууда укуктары бузулуп, дискриминацияга туш болушат» деп жазылган. Демек, Кыргызстанда психикалык саламаттыкка көнүл буруу начарбы?

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

Бурул Макенбаева: - Кыргызстандын бийлиги 2018-жылы чоң кадам таштап, атайын программа кабыл алды. Ал бүткүл дүйнөлүк стандартка ылайык даярдалды. Бирок ишке аша элек. Себеби, психикалык саламаттыкты коргоо – жалаң эле Саламаттык сактоо министрлигинин иши эмес, ал бардык министрликтер менен жергиликтүү бийликтин жана жалпы коомдун иши. Тилекке каршы, ушул тапта бир гана Саламаттык сактоо министрлиги аракеттенип жатат.

«Азаттык»: - Ураимжан мырза, сиз мурда «Кыргызстанда жыл сайын 10 миң киши психикалык жактан ооруп, атайын каттоого алынат» деп билдиргенсиз. Бул көрсөткүч көбөйүп жатабы же азаюудабы? «Менталдык саламаттыгы начарлады» деп адамга кандай учурда диагноз коюлат жана адамдын психикалык ден соолугунун бузулушунун башкы себеби эмне?

Ураимжан Исмаилов: - Жылына 10 миңдин тегерегинде адам ооруган киши катары каттоого алынат, бирок иш жүзүндө алда канча көп деген ойдобуз. Анткени жер-жерлерде ооруну аныктаган дарыгерлер жокко эсе. Айрыкча психотерапевт менен клиникалык психолог жетишсиз. Андан тышкары эл арасында дагы эле илгертен калган «эл эмне дейт» деген көз караш күчтүү.

Ошон үчүн программада чоң-чоң психоневрологиялык ооруканаларды азайтып, элге жакындаштырыш үчүн жергиликтүү бейтапканаларда бөлүмдөрдү ачуу белгиленген. Бирок мындай милдетти ишке ашыруу жалаң эле Саламаттык сактоо министрлигинин мойнуна жүктөлгөндөй мамиле болуп жатат. Программаны жөн эле жоопкерчиликсиздик менен аткарбай коюу эмес, каршылык байкалууда.

«Азаттык»: - Каршылык эмне себептен болуп жатат?

Ураимжан Исмаилов: - Биринчиден, бул кошумча жумуш, каражатты талап кылат. Каражат таап, ишти уюштургусу келгендер жок, «алма быш, оозума түш» деп көнгөндөрдүн кыймылдагысы жок. Программада ар бир милдет баскыч-баскыч менен 2030-жылга чейин так белгиленген. Эгер аларды бардык мамлекеттик органдар жапа тырмак киришип, аткарбаса программа ишке ашпай калат.

«Азаттык»: - Жакшылык мырза, психикалык саламаттык жөнүндө түшүнүк дүйнө жүзү боюнча өткөн кылымда пайда болгону баарыбызга белгилүү. Ал эми Кыргызстанда психикалык саламаттык тууралуу түшүнүк али калыптана элек деген пикирлер көп айтылат. Буга эмне себеп?

Жакшылык Жыргалбеков.
Жакшылык Жыргалбеков.

Жакшылык Жыргалбеков: - Биздин коомдо психикалык кыйынчылыгы бар десе эле башкача мамиле жасалаары чындык. Бирок азыр өзгөрүү бар. Психологдорго кайрылгандар көбөйдү, ошондой кызмат көрсөткөндөр да пайда боло баштады.

«Азаттык»: - Бурул айым, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасы боюнча психикалык саламаттык адамдын өз мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып, күнүмдүк ар кандай стресстерге көңүл бурбай, жакшы иштеп, өз жашоосун жөнгө салып кете ала турган абал деп эсептелет. Бирок ошол эле учурда бул абал медицинада психикалык оору деп бааланса, психологияда адамдын өз мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга, өзүн-өзү таанууга аракет, б.а. позитивдүү көрүнүш деп бааланат. Ушундай бири-бирине карама-каршылыктуу ньюанстан улам кыргыз коомунда психикалык саламаттыкка жеткиликтүү көңүл бурулбай жатабы же абалды так аныктаган адистердин жоктугу башкы көйгөй болуп жатабы?

Бурул Макенбаева: - Буга мурда «психикалык оорулуу адамдарды бир гана Саламаттык сактоо министрлиги дарылаш керек» деген көз караш таасир берип жатат. Албетте, ал туура эмес. Хирургдай болуп психикалык ден соолугу начарлаган адамдын бир жерин кесип салып айыктыруу мүмкүн эмес. Бул абдан кеңири түшүнүк. Муну бир адамдын башка адамга жардам бериши, колдоосу деп түшүнүш керек. Ал үчүн атайын билим алган адистерди даярдоо зарыл. Аталган программа даярдалып жатканда Билим берүү жана илим министрлигинен бир да адам катышкан жок. Алар жаңыча иштөөнү каалаган жери жок. Ал эми жүздөгөн психолог адистерди даярдап жаткан окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жаңыча иштөөгө жараксыз. Анткени алар окуган программалардын баары эски, азыркы жашоого жараксыз. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору психолог адиси үчүн иш ордун даярдап койсо да иштей ала турган адистер жок. Ал эми психологдун жардамына бала бакчадан баштап армияга чейин муктаждык зор.

«Азаттык»: - Ураимжан мырза, адистер «психикалык саламаттык жакшы болмоюнча жалпы ден соолук жакшы болбойт» деп көп айтышат. Демек, адамдын ден соолугу анын психосоматикалык абалына көз каранды деп түшүнсөк болобу?

Ураимжан Исмаилов.
Ураимжан Исмаилов.

Ураимжан Исмаилов: - Эң туура. Адам психикалык жактан кыйынчылыкка дуушар болгондо сөзсүз адистин жардамына муктаж болот. Андай адамдардын 30% ашыгы терапевттерге кайрылууга мажбур. Мисалы, кыжалаттануу, уйкусуздук, депрессия, кайгыга батуу сыяктуу жеңил оорууларга чалдыккандарга тезинен жардам бере турган дарыгерлер жок. Эгер жеңил психикалык ооруга чалдыккан адамдарды жер-жерлерде дарылоо жакшы болсо атайын психоневрологиялык ооруканалар да өзүнө-өзү эле азаят эле. Анткени азыр бюджеттен бөлүнгөн көп каражат ошол ооруканаларга сарпталып жатат. Андан тышкары оорулуу адамды айланасындагылардын байкашы, жардам бериши да абдан маанилүү.

Бурул Макенбаева: - Жалпы коомдо психикалык ден соолук жөнүндө түшүнүктү калыптандырыш керек. Мисалы, адам өзүнүн эмне болуп жаткандыгын өзү түшүнгөнү эң маанилүү. Бул айыгууга багыт алуу болот. Анан коомчулук да түшүнүү менен мамиле кылышы зарыл.

«Азаттык»: - Демек, менталдык саламаттыкты жөнгө салмайын жалпы коомдун саламаттыгы чың болушу мүмкүн эмес. Ошон үчүн кандай учур болбосун психикалык ден соолукка көңүл буруу жана саламаттыкта болуш үчүн өкмөттүк деңгээлде аракетти күчөтүү керек деген ойдо талкуубузду аяктайлы.

Психологдорго кайрылгандар көбөйдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:32 0:00
Түз линк


«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG