Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:19

Питер лигасында ойногон мигрант футболчулар


Кыргызстандык мигрант жигиттерден түзүлгөн «Сокол» футбол командасы.
Кыргызстандык мигрант жигиттерден түзүлгөн «Сокол» футбол командасы.

Орусиянын Санкт-Петербруг шаарында эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттары футболдук клуб түзүшкөн. Командада 12 футболчу бар.

Быйыл май айынан баштап клуб Санкт-Петербургдагы футбол ышкыбоздорунун арасында түзүлгөн «Шаардык лига» мелдешинде ойной баштаган. Аталган лигада жалпысынан 9 команда ойнойт.

«Сокол» деп аталган клубду кыргыз жигиттери, учурда Санкт-Петербургдагы компаниялардын биринде курьер болуш иштеп жаткан Нурадил Нуркамилов менен шаардагы ресторанда ашпозчу болуп эмгектенген Элдияр Маматалиев экөө негиздеген.

Командадагы оюнчулардын көбү күндүз түрдүү жумуштарда иштегендиктен жумасына үч жолу кечки саат 22:00дөн түнкү 00:00гө чейин гана машыгат. Дем алыш күндөрү расмий беттештерин өткөрүшөт. Футбол клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Элдияр Маматалиев Орусиядагы миграцияга айкалышкан футболдук жашоо тууралуу айтып берди.

«Азаттык»: - Алгач командаңыз тууралуу айта кетсеңиз, канча бала машыгат?

Элдияр Маматалиев.
Элдияр Маматалиев.

Элдияр Маматалиев: - Биздин команда түзүлгөндө 15 бала болчу. Баары тең Кыргызстандан Орусияга иштегени келген, 16 жаштан 25 жашка чейинки балдар. Бул жерде баарыбыз иштейбиз. Командабыздын арасында студенттер да бар. Көпчүлүгү курулушта, айрымдары кафе-ресторандарда ашпозчу же «Яндекс-еда» деген компанияларда иштешет.

«Азаттык»: - Футболдук команда түзүү идеясы кандайча жаралды?

Элдияр Маматалиев: - Футболдук команда түзүү идеясы 2018-жылы пайда болгон. Досум Нурадил Нуркамилов болуп шаардагы кичинекей командалардын катарында бир канча футболдук чемпионаттарда ойнодук. Анан биз чоң командаларга кире албай калганыбызда досум Нурадил «өзүбүз деле клуб түзөлү» деген ойду айтты. Анткени биздин мигрант балдар документтери дал келбей калгандыктан орусиялык клубдарда ойной албай калып жатышат. Аларга жардам көрсөтүү максатында мигрант балдардан турган команда түздүк.

Көп өтпөй футбол ышкыбоздорунун арасында түзүлгөн «Шаардык лигага» катыша баштадык. 11-майда аталган лигада өзүбүздүн алгачкы мелдешти өткөрдүк. Биз бул лиганы Интернеттен тапканбыз. Анын баарын сүйлөшкөн команданын негиздөөчүсү Нурадил Нуркамилов. Ал лиганын жетекчилери менен сүйлөшүп, турнирге кирүүчү мүчөлүк акысын өзү төлөдү. Анын суммасы эле жүз миң рублдан көп.

«Азаттык»: - Баарыңар иштесеңер, машыгууга качан убакыт табасыздар?

Элдияр Маматалиев: - Биз негизинен жумушубуз бүткөндө, кечки саат 22:00дө чогулуп машыга баштайбыз. Санкт-Петербургдагы чоң кесипкөй клубдар машыккан стадиондо, түнкү саат 12ге чейин, метро жабылганга чейин машыгабыз. Анткени балдар үйлөрүнө кетиши керек да.

Учурда бизде машыктыруучу жок. Өзүбүз эле жумасына үч жолу машыгып, эс алуу күндөрү расмий беттештерибизди өткөрөбүз. Машыктыруучу жалдаганга азырынча мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анткени машыгуучу футбол талаасын ижарага алабыз. Ага да кээде акчабыз жетпей калат. Негизи иштеген акчабыздын жарымы эле машыгууларыбызга кетет. Ал эми машыктыруучу алыш үчүн да акча керек да. Ошон үчүн Интернеттен же оюндардан көргөн-билгендерибизди жасап машыгып, ойноп келе жатабыз. Буюрса эмки сезонго сөзсүз машыктыруучу жалдайбыз деп турабыз. Анткени күчтүү атаандаштарды утуш үчүн машыктыруучунун гана кол астында машыгып, оюндун тактикасын жакшылап түзүп алып беттештерге чыксак ийгилик болот деп ойлойм.

«Сокол» командасынын оюнчусу Нурлан Абдуллаев.
«Сокол» командасынын оюнчусу Нурлан Абдуллаев.

Бизде Кыргызстандагы «Алай», «Алга», «Кара-Балта» деген клубдарда ойноп, кийин жумуш издеп Санкт-Петербургга келген балдар бар. Айрымдары документтеринин убагы бүтүп Кыргызстанга кетишти. Калгандары дагы эле ойноп жатышат.

«Азаттык»: - Сиз өзүңүз кайсы жерде иштейсиз? Машыгууга кантип убакыт табасыз?

Элдияр Маматалиев: - Мен өзү 23 жаштамын. Ресторанда ашпозчу болуп иштейм. Машыгууга убакыт табыш өтө эле кыйын. Айрыкча мигранттарга иш менен машыгууну айкалыштыруу оор. Мисалы, жумуштан кеч чыгасың, анан машыгууга барасың. Ал жактан түнкү 12де бошойсуң. Оюн күндөрү жумушка кечигип, уруш уккан күндөр далай болду. Кээде мелдешке чыгыш үчүн кожоюндардан атайын убактыңа карап суранууга туура келет. Кээ бири урушуп уруксат бербейт, айрымдары туура түшүнүп машыгууга же оюнга барууга макулдук берет. Кандай кыйынчылык болбосун, биз баарына жетишүүгө аракет кылып, машыгуубузду улантып келе жатабыз.

«Азаттык»: - «Шаардык лига» мелдеши тууралуу айта кетсеңиз, канча команда ойнойт, атаандаштарыңыздар кимдер?

Элдияр Маматалиев: - «Шаардык лига» деңгээли жагынан Питердеги 5-лига. Мында 9 команда ойнойбуз. Кээде оюн учурунда «силер чет жактан келгенсиңер» деп айткандар да болду. Колдогондор да бар. «Мекениңерден алыс жүрсөңөр да ынтымакта болуп, команда түзүп ойноп жатасыңар» деп колдогондор көп.

Атаандаштарыбыз тууралуу айтсак, кесипкөй клубдар бар. Түркмөнстандын да командасы бар. Алар деле бизге окшогон мигранттардан түзүлгөн команда. Орусиянын өзүнүн «Гидроэр» деген күчтүү командасы бар. Ал азыр биздин мелдештин жадыбалында сап башында турат. Биз канча аракет кылсак да бул команданы ута алган жокпуз. Алар кесипкөй деңгээлде машыгышат. Өздөрүнүн демөөрчүлөрү бар. Футболчулары бизге окшоп иштеп, акча топтоп машыкпайт. Алар клуб менен келишим түзүп айлык алышат. Өздөрүнүн мектеби бар. Мектеби да каржылайт. Ата-энелери жардам берет. Ал футболчулар жакшы машыгып, мелдештерге көп чыгып, ийгилик жаратса жогорку дивизиондо ойногон командаларга чакырылып, келишим түзүп кетишет.

«Азаттык»: - Атаандаштарыңыздардын демөөрчүлөрү, аларга түзүлгөн шарттар тууралуу айтып калдыңыз, сиздердин команданы колдогон да демөөрчүлөр барбы?

Элдияр Маматалиев: - Биз болсо азырынча өзүбүз ортодо акча чогултуп, футбол талаасын ижарага алып, машыгып келебиз. Командада ойногон ар бир бала айына 2500 рублдан чогултат.

Демөөрчү да издеп көрдүк. Баары эле баш тартып коюшту. Анан Нурадил экөөбүз анча-мынча каражат таап ортого салабыз. Балдардан чогулган акчага кошуп, машыгуучу жайдын ижарасын төлөйбүз. Бизде формабыз, эмблемабыз да жок. Мелдешке чыкканда башка бир компаниянын эле формасын кийип оюнга чыгабыз. Бул сезондо 15 оюн өткөрүп, үч жолу уттук. 9 упай топтоп, 9 команданын ичинен 8-орунда турабыз.

Кийинки сезонго да даярданып жатабыз. Эгер демөөчү табылып калса мындан жогорку лигага кирсекпи деп турабыз. Эң башкы максатыбыз - чет жерде жүрсөк да, ынтымакта болуп, Кыргызстандын желегин бийик көтөрүү. Максаттарыбыз өтө бийик. Бирок азырынча анын баарын каражат жагы чектеп турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG