Ал арада суук түшөрү менен вирус көбөйүп кетсе кайрадан медицина кыйын абалга түшөрү, чет өлкөдөн каржылык колдоо токтоп калары божомолдонууда.
Пульмонолог Талант Жакыпов 5-октябрдан бери абал кескин курчуп баратканын, коронавирустун белгилери бар бейтаптар барган сайын көбөйгөнүн белгилеп, кырдаалдан өтө чочулап турганын жашырган жок:
«Негизи биз коронавирустун белгиси бар бейтаптарды карабашыбыз керек. Алар атайын кызматтар аркылуу түз эле ооруканага барууга тийиш. Ошентсе да ооруп калгандар болбой эле бизге келип жатышат. Бир күндө кеминде 2-3 кишиден вирусту аныктап жатабыз. ПЧР-тесттер, оорунун анти-денечесин аныктаган иммуноглобулиндик анализдер кымбат болгондуктан, адамдар акчасы жок баары бир бизге келишет. Бизден аныкталып, ооруканага түз жиберип жатабыз. Жайкысын өзүбүз да катуу ооруп айыктык эле. Азыр коркуп отурабыз, беткап, коргонуучу каражаттарды кайра алдык».
Акыркы бир жуманын ичинде вирустан каза болгондор көбөйүп, алардын саны 30га чукулдап калды. Бир күндө кеминде 2-5 адам вирустун курмандыгы болууда. Жалпы өлүм 1099 кишиге жетти.
118 кызматы кайрадан иштей баштады
118 ыкчам кеңеш берүү кызматы сентябрдын башында ишин токтоткон эле, эми 10-октябрда кайрадан линияларын ачты. Азыркы тапта облустардын тургундарынан бир дарыгер, бир медайым, Бишкектеги ар бир районго да экиден адис бөлүнүп, таңкы сегизден кечки сегизге чейин телефондон кеңеш берүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук саламаттык борборунун жетекчиси Бактияр Станбеков телефон чалгандар тууралуу буларга токтолду:
«118 кызматы 10-октябрдан тартып иштей баштады, беш күндүн ичинде 500дөн ашуун телефон чалынды. Негизи апрель айында бул кызмат ачылгандан августтун аягына чейин жалпы 110 миңден ашуун жолу телефон аркылуу маалымат кабыл алган. Канал сентябрь айында жабылганча, август айында беш миңден ашык киши чалган. Азыр кайра ачканыбызда эл бир ай линия өчүк болгон үчүн унутуп койгон экен. Ошентсе да кайра эле кайрылгандар көбөйүп баратат. Азырынча адистер күнүнө 12 саат иштеп жатышат, кокус вирус күчөп кетсе 24 саат иштегенге өтүшөт».
Абалды божомолдогон адистер беткап режимин сактабоо, массалык той, митинг сыяктуу иш-чаралар, ошондой эле күзгү, кышкы сасык тумоонун күчөшү менен ноябрдан тартып өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал кескин курчуп кетерин эскертишүүдө.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун вирусологу Зуридин Нурматов март айынан бери коронавирустун динамикасын изилдеп жүрөт. Анын айтымында, октябрдагы көрсөткүчтөр сентябрдагы оорунун статистикасынан 10-15% арбыды.
«Ай сайын сасык тумоо менен ооруган 15 миңдей учур катталат, - деди ал. - Ага коронавирус да кошулуп кетип жатат. Эл кайсынысы COVID-19, кайсынысы жөнөкөй сасык тумоо экенин түшүнүп, айырмалай албай калды. Ушундан улам ооруканаларда орун кайрадан тартыш болуп калышы мүмкүн. Мамлекет жаңы жайларды салып, кошумча керебеттерди уюштурууга аракет кылып эле жатат. Ошентсе да ооруканалардын, дарыгерлердин тартыштыгы дале курч бойдон. Дарыгерлер былтыркыдан көбөйүп кеткен жок, тескерисинче азайды. Экономикабыз өтө күчтүү мамлекет болсок бардык дарыгерлерди жапа тырмак иштетип, тез арада ооруканаларды салып иймекпиз да. Андай да мүмкүнчүлүк жок».
Эл аралык уюмдардан жардам алыш кыйын
Өлкөдө коронавирус алгач катталгандан тартып эл аралык финансы уюмдарынан 321,4 миллион доллар каражат насыя жана грант катары келген. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалымат боюнча бул каражаттын 1% жакыны коронавирус менен күрөшүүгө багытталган.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев 5-октябрдан бери уланган саясий кризистен улам эми вирус күчөсө эл аралык донорлордон жардам алуу кыйын болорун эскертти:
«Дүйнөлүк басылмалар жазып жатышат, азыркыдай саясий кырдаалда четтен жардам ала албайбыз. Алганда деле эмне кылдык? Жакында эле өкмөттүн статистикасы чыкты, коронавирус менен күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттын бир пайызы гана ушул багытта колдонулуптур. Берилген жардамды да жетектей албаптыр, бийлик. Эл аралык уюмдар муну көрүп турат, «канча берсе деле аны максаттуу колдоно алышпайт» дейт да. Элдин алдында жоопкерчиликти аткаруу бийлиги алып жүрөт, бирок анын иштөө деңгээли саясий кырдаалга түздөн-түз көз каранды. Айрыкча саламаттык сактоо системасындагы проблеманы саясий деңгээлде түшүнбөсө медицина эч качан алдыга жылбайт».
15-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 388 кишиден жаңы табылып, августтан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 50 589 адамды түздү. Анын 45 080и айыкканы айтылды. Бир күндө 196 адам ооруканалардан айыгып чыкты.