Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Той-топур менен тополоң коронавирусту күчөттү


Ош шаарындагы мектептердин биринде ачылган стационар. 13-октябрь, 2020-жыл.
Ош шаарындагы мектептердин биринде ачылган стационар. 13-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө. Акыркы суткада өлкө боюнча 330 адамдан COVID-19 табылып, эки киши каза болду. Ошто кайрадан стационар ачылып, милиция менен жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин күчөттү. 

Адистер илдеттин тездик менен кайрадан жайылуусунун себебин шайлоого, митингдерге жана тойлорго байланыштырып жатат.

Ош шаарындагы мектептердин биринде жайгашкан стационар 8-октябрдан бери кайрадан иштеп жатат. Убактылуу дарылануучу жайга келгендердин саны күн санап көбөйүүдө.

Аты-жөнүн ачык айтууну каалабаган шаар тургунунун айтымында, чоң энесинин абалы оорлошуп, дарыгерлерди үйүнө чакырганда андан коронавирус аныкталган. Ал бүгүн энесин стационарга жаткырып, сыртта тамак-аш, керектүү буюм-тайымын ташып жүрөт.

«Энемдин ооруганына бир жума болду. Биз башында бул жөн эле сасык тумоо деп ойлогонбуз. Анткени алгач башы ооруп жаткан. Азыр абалы өтө оор. Бүгүн стационарга алып келдик. Буга чейин үйдө эле жаткан, ооруканага барууну каалаган эмес. Бүгүн 118ге чалып, бул жакка алып келүүгө туура келди. Башында өзүм ооруга көңүл бурчу эмесмин. Эми энемди көргөндөн кийин ынанып калдым. Беткап тагынууга, үйдөн чыкпай отурууга өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактоого чакырат элем».

Убактылуу дарылануучу жайда жаткандардын жакындары.
Убактылуу дарылануучу жайда жаткандардын жакындары.

Ал арада Ош облусунун ар кайсы райондорунда да стационарлар ачылып, жалпысынан 1500гө чукул керебет даярдалган. 13-октябрь күнү облустагы коронавируска каршы штаб кеңешме өткөрдү. Анда алдын алуу чаралары талкууланды.

Тыйылбаган тойлор

Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаеванын билдиришинче, акыркы 10 күндүн ичинде илдет жуктургандар кескин көбөйгөн. Дарыгер анын себеби массалык иш-чаралардын көбөйгөндүгү менен түшүндүрдү.

Салтанат Орозбаева.
Салтанат Орозбаева.

«Сентябрь айында оору азайып, күнүнө бирден-экиден чыгып жаткан. Шайлоо жана митингдерден кийин аз убакыттын ичинде көбөйүп кетти. Ош шаары жана Ош облусу боюнча 27 объектини ички иштер кызматына өткөрүп бердик. Булар көбүнчө ресторан-кафелер, той өткөргөндөр болду».

Ал ошондой эле шаардагы тойлор көзөмөлгө алынганы менен аймактарда үйлөрдө өтүп жаткан той-тамашалар, куран окутууларды токтотуу кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Ош облустук милициясы да санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышына көз салып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөттү. Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин билдиришинче, адам көп толтолгон жайлар милициянын көзөмөлүнө алынат. Облустук милиция ондогон кафе-ресторанга айып салып, буга чеийн үч тойканын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, ишмердүүлүгүн токтоткон.

«Жарандык коомдордун, ички иштер органдарынын кызматкерлери, ардагерлери менен биргеликте күнү-түнү иштерди жүргүзүп жатабыз. Бул жерде жалпы комплекстүү иш-чаралар бар. Ар кандай чакырыктарга ишенбөөнү, эгер ушундай чакырыктарды таркатып жаткандарды билгендер болсо, укук коргоо органдарына билдирүүнү, биргеликте укук бузууларга жол бербөө боюнча иш-чараларды күчөтүп жатабыз».

Ош облустук милиция кызматкерлери.
Ош облустук милиция кызматкерлери.

Ош шаарында болсо буга чейин той өткөргөндүгү үчүн беш ресторандын иши токтотулган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 14-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы эки киши кайтыш болду. Соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 330 кишиден жаңы аныкталды.

XS
SM
MD
LG