“Балдарга контент зарыл”
20-январда Бишкектеги Новотел мейманканасына балдар жазуучулары, басма үй ээлери, тилчилер, котормочулар, коомдук ишмерлер балдар адабиятынын бүгүнкү абалын талкуулоо үчүн чогулушту. Конференциядан тышкары Бишкектеги "Турар" басмаканасы басып чыгарган дүйнөгө белгилүү 11 жомоктон турган жыйнактын бет ачары болду. Иш-чараны уюштурган “Турар” басма үйүнүн жетекчиси Милан Мураталиев “балдар эне тилин унутпашы үчүн өз тилинде китептер жетиштүү болушу керек” деп эсептейт:
“Бул маселеге өзүм да туш болдум. Балдарымдын тили орусча чыкты. Азыр ар бир үйдөгү наристе YouTube каналдардан орусча видеолорду, мультфильмдерди көрөт. Ошондон улам тили да орусча чыгууда. Биздин балдарды YouTube тарбиялап жатат. Ушуну көргөн соң, эң алгач балдар үчүн кыргызча контент даярдашыбыз керектигин даана түшүндүм”.
Талкууда балдар үчүн кыргызча контент даярдоодо балдардын бүгүнкү кызыгууларын, азыркы замандагы дүйнө таанымын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу керектигин да белгилегендер болду. Кыргыз эл жазуучусу, “Алиппенин” түзүүчүсү Сулайман Рысбаев балдарга арналган китептер заманга жараша өзгөрүшү керектигин айтып, контент бир эле китептер менен чектелбеши керектигине, санарип ыкмаларга басым жасоонун маанисине токтолду:
“Заман өзгөрдү. Талап да өзгөрдү. Элдин маанайы, балдардын өнүгүү багыты, кызыгуулары өзгөрүп жатат. Мындай учурда балдарга сунушталган материалдар да өзгөрүшү керек. Балдарга интерактивдүү материалдар керек. Азыр бир жаштагы балдар да телефонду өздөштүрүп алды. Демек, балдарга эң керектүү материалдардын баарын түзүп, интернетке жүктөшүбүз керек, мындайча айтканда, ошол телефонго баарын салып беришибиз керек”.
Мамлекет жана адабият
Ал эми маданият министрлиги балдар үчүн кыргыз тилинде китептердин жетишсиз болуп жатканын моюнга алып, муну сапаттуу сүрөт тарткан иллюстраторлордун, балдар китептерин жатык тилде которо алган котормочулардын, авторлордун аздыгы менен байланыштырат. Мекеме быйыл бул багытты жандантуу үчүн кошумча каражат бөлгөнүн маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов “Азаттыкка” билдирди:
“Чындыгына абал курч десек болот. Балдарга, өспүрүмдөргө арналган китептерди, бестселлерлерди кыргыз тилине жалпак, жөнөкөй тил менен которуу маселеси турат. Ошондой эле, жогорку деңгээлдеги иллюстратор сүрөтчүлөр аз болууда. Маданият министрлигинде балдарга арналган “Байчечекей”, “Кырчын”, “Жеткинчек” журналдары бар. Бирок алар советтик үлгүдө калып кеткен. Биз азыр аларды ребрендинг кылып, жаңылап жатабыз. Былтыр президент чыгармачыл чөйрөгө да каражат бөлүп, Жазуучулар союзуна эң көп 15 миллион сом бөлүндү”.
Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков Маданият министрлиги бөлүп берген каражат адабий котормого, балдар адабиятына жана мурда жарыяланбаган авторлордун эмгектерин чыгарууга багытталарын айтып, ушундай каржылык колдоо аркылуу адабиятты ордунан жылдырууга мүмкүн деген пикирде:
“Биринчи көркөм котормого, анын ичинде негизги басым балдар адабиятына жасалышы керек. Ошол эле учурда жаңы, эч жерге жарыялана элек авторлордун прозалык чыгармаларына жумшалат. Мына ушундай адабий процесс жүрсө, бир эле балдар адабияты эмес, жалпы эле көркөм адабият өнүгөт. Ушундай көңүл бурууга биз ыраазыбыз”.
“Баласына китеп алып бергендер аз”
Деген менен, соңку беш жылдан бери дүйнөлүк бестселлерлерди, балдар китептерин кыргызча чыгарып келе жаткан “Китепстан” басма үйүнүн негиздөөчүсү Бакыт Абдуллаев мамлекет бир гана Жазуучулар союзун каржылоо же өз алдынча чыгаруу жолу менен гана эмес, жеке басма үйлөр басып чыгарган балдар үчүн китептерди сатып алып, элге жеткирүү ишин колго алса, натыйжалуу болмок деген пикирде. Ошондой эле, “коомчулукта китеп окуу маданияты толук калыптанбагандыктан, балдарга арналган китептер чыккан күндө деле бул маселе чечилбейт” дейт ал.
“Мамлекеттин бул тармакка көңүл буруп же бурбаганы бүдөмүк болууда. Сөз жүзүндө мынча каражат бөлдүк деп айтылган менен, иш жүзүндө басма үйлөрдөн китеп сатып ала бербейт. Биздин басма үйдүн 5 жылдык тарыхында анчалык деле колдоо көрсөткөн жок. Балдар адабиятына колдоо дээрлик жокко эсе. Көп түстүү китептерди чыгарып жатабыз, бирок ата-энелердин балдарга китеп сатып алуусу начар болууда. Ошол эле китептин орусчасы шар сатылып кетет. А биз 1000 даанасын бир жылда да сатып түгөтө албайбыз”.
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев да коомчулукта китеп окуу маданияты кескин төмөндөп кетти деген пикирде. “Мамлекет жалпы тил саясатын жөнгө салмайын, мындай маселелер боло берет” дейт ал.
“Мен эки маселени көрүп жатам. Биринчиден, бизде окуу маданияты жоголду, жоголуп баратат. Экинчиси - бул тил маселеси. Ооба, кыргызча контент жокко эсе. Себеби, дүйнөлөшүүнүн доорунда биз өзүбүздүн тил саясатыбызды жүргүзө албай жатабыз. Тил саясаты жөнгө салынып, натыйжалуу, жемиштүү иштер боло элек. Аң-сезими калыптанып бүткөн адамдардын көңүлүн тилге буруу анчалык жыйынтык бербейт. Муну өспүрүмдөрдөн, жаш балдардан баштасак, натыйжасы болот деген ишеним бар”.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын калкынын дээрлик 37 пайызын балдар түзөт, же алардын саны эки миллион 100 миңден ашык. Булардын ичинен 12 пайызы беш жашка чейинки балдар.