Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Борбор Азия-Евробиримдик: геосаясий тиреш, санкциялар маалындагы саммит


"Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитти. 2-июнь, 2023-жыл.
"Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитти. 2-июнь, 2023-жыл.

Чолпон-Атада президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы экинчи саммити өтүүдө. Ага Борбор Азиядагы мамлекет башчылары (Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары) жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел катышууда.

Саммит Борбор Азия президенттери үчүн акыркы бир айга жетпеген убакыт ичиндеги үчүнчү жолку кездешүү. Ал тушта адам укуктарын коргоо жаатындагы беш бейөкмөт уюм Шарль Мишелге аймактагы адам укуктарынын абалы тууралуу кайрылуу жолдошту.

Жапаров: Кыргызстан аймактык бүтүндүктү жактайт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитинде коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөп жатып, Украинадагы кырдаалга токтолду.

Ал Кыргызстан кандай гана чыр-чатак болбосун сүйлөшүү жолу менен чечилишин, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдой турганын белгиледи.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт”, - деди Жапаров.

Ошондой эле “дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы бизди өтө тынчсыздандырат” деп айтты.

Мунун алдында жергиликтүү басылмалар "Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел жолугушуу оңой эмес мезгилде өтүп жатканын, Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча аймактагы мамлекеттердин позициясы ар кандай экенин билерин жана аны сыйлай турганын айтты" деп жазышкан.

Саммиттин алдында Кыргызстандын тышкы иштер минстри Жээнбек Кулубаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Борбор Азиянын Европа Биримдиги менен ар тараптуу кызматташтыгы талкууланарын билдирген.

2-июнда Чолпон-Ата шаарына “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келген.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аймактагы адам укуктарынын абалын да талкуулоого чакырышты.

9-майда Борбор Азиянын беш президенти Москвадагы Жеңиш аянтында өткөн парадга барган. Президент Владимир Путин менен жолугушуу Украинадагы бир жылдан ашуун убакыттан берки согуштун фонунда өтүп жатат.

Андан кийин 18-19-майда Сиань шаарында төрага Си Цзинпин Кытай менен Борбор Азия ортосундагы “жаңы доорду” жарыялап, ал жыйынга беш президент катышкан.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин билдиришинче, 2-июнда Ысык-Көл жээгинде “эки аймактын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат”. Мындан тышкары “эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбор Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу болот”.

3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел Кыргызстанга расмий сапарын баштап, анын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

“Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселесин талкуулашат", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Сүйлөшүүлөрдүн темасы кыйыр санкциялар болобу?

Дипломатиялык тилдеги “өнөктөштүк маселелерге” Орусия Украинага кол салгандан кийинки Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын тышкы саясаты, өнөктөштөрү, анын ичинде башкы стратегиялык союздашы Орусия менен соода-сатык, экономикалык мамилелери кире турганы айдан ачык. Азыркы тапта Орусия дүйнөнүн АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрүнүн катаал санкциясына кабылып турганы чагы.

Ошол эле маалда Кыргызстан үчүн акыркы эки жылда Орусия соода-сатык жүргүзгөн номер биринчи мамлекетке айланды. Быйыл аны менен катар Кытайдан Орусияга жана Казакстанга Кыргызстан аркылуу ташылып, сатылган электромобилдердин жана автомобилдердин көлөмү 13 эсеге өскөн.

Мындан улам Батыш өлкөлөрү "Борбор Азия мамлекеттерине Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берүүнүн кесепеттерин эскертип келет.

Саясат таануучу Медет Тулегенов Борбор Азиянын беш мамлекети менен буга чейин Жапония, АКШ баштаган мамлекеттер да ушундай эле форматта жолугушууларды өткөрүп келгенин эске салды.

Анын пикиринде, бул жолку “Европа Биримдиги – Борбор Азия” жыйыны глобалдык саясаттагы чоң өзгөрүүлөр Орусия Украинага кол салгандан кийинки жагдайда өтүп жатканы менен маанилүү.

Мындан улам Борбор Азия мамлекеттерине киргизиле баштаган экинчи деңгээлдеги санкциялар бул саммитте сүйлөшүүлөрдүн темасы болору айтылууда.

“Европа Биримдиги үчүн чөлкөмдүн мааниси артып турган чагы. Себеби, салынып жаткан санкциялардан Орусия ар кандай жол менен качууга аракет жасап жатканы кыйыр түрдө көтөрүлүшү ыктымал, бул ыңгайдан алганда биздин аймактык лидерлер менен экинчи деңгээлдеги санкциялар тууралуу да сүйлөшүүлөр болорун жокко чыгара албайбыз. Эгер бул зарыл болсо башка бир аспект: муну Европа Биримдиги да, башкалар да жакшы түшүнүп, талкуулап жатат. Украинадагы согуш Орусияны алсыратууда, ошондон улам кайсы бир оюнчунун позициясы басаңдаса, башкалар ал вакуумду толтурууга аракет жасайт, бул жагынан Кытай да аракет кылды. Эгер мурда Борбор Азияда Орусия менен Кытай башкы оюнчу болуп келсе, эми өзү ага аракет жасап көрсө боло турганын Евробиримдик түшүнүп турат. Борбор Азия президенттери да Орусиянын таасири алсырап баратканын аңдап турат, балким аны алар ачык айтпайт, бирок, жалпы түшүнүү бар. Ошондон улам көп багыттуу тышкы саясат башталып жаткандай. Ошол эле маалда Европа Биримдиги үчүн экинчи деңгээлдеги санкцияларды киргизүү жаңы кадамдардын бири, ага карабай Борбор Азия мамлекеттеринин экинчи деңгээлдеги санкцияларга илинүү тобокелдиги дайыма бар жана ал коркунуч улам өсүүдө”.

Медет Тулегенов муну менен катар Орусия дагы Борбор Азия мамлекеттерине санкцияга окшогон эле деңгээлдеги чектөөлөрдү киргизе ала турганын белгилейт. Атап айтканда, Кыргызстандан ташылып барган мөмө-жемиш, азык-түлүк, эт, сүт талапка жооп бербейт деген шылтоо менен басым жасашы толук ыктымал.

Ушундай эле чектөөлөр кыргызстандык мигранттарга да колдонулушун эч ким жокко чыгара элек. Медет Тулегенов ушул факторлорду эске алганда эки оттун ортосунда калып отурган Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жапа чегүүдөн чочулап, абалдан чыгуунун жолдорун издей баштады.

Санкция темасы бир эле мамлекеттик ишмерлерди эмес, катардагы компаниялардын, ишкерлердин да тынчын алууда. Өткөн аптада Кыргызстандагы "Бакай банкы" Борбор Азия өлкөлөрүнө киргизиле баштаган экинчи деңгээлдеги санкцияларга байланыштуу расмий билдирүү тараткан. Анда банк буга чейин Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкциялардын эрежелерин сактап келгенин, бирок бардык эле талаптарды аткаруу өтө оор болуп жатканын билдирген. Банк Кыргызстан “эки оттун ортосунда калганын” белгилеп, Батыш мамлекеттерин муну түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

“Биз, “Бакай банк” ачык акционердик коому Орусиянын Украинага каршы аскерий агрессиясын колдобой турганын белгилеп коюуну маанилүү деп эсептейбиз. Ошол эле маалда күн сайын эки негизги фактордун ортосунда жанчылып турабыз. Чөлкөмдө иштеп жаткан бизнес катары антисогуштук санкциялар автоматтык түрдө бизге да тийүүдө. Кыргызстандын жана Орусиянын экономикасы ушунчалык тыгыз байланышта болгондуктан, эч кандай колдоосуз Орусиядан экономикалык жана товардык өз ара аракеттенүүдөн баш тартууну бизден талап кылуу өлкөнүн экономикасынын кыйрашына алып келе турган арзан популизм", – деп айтылат “Бакай банктын” кайрылуусунда.

Банк мындан сырткары Орусиянын “Мир” картасын тейлөөнү АКШнын Финансы министрлигинин эскертүүсүн алгандан кийин биринчилерден болуп токтотконун жазган. Кайрылуу тараткан финансылык компания ушуга карабай бир жылдан бери көп көйгөйлөргө дуушар болгонун кошумчалайт.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген, алардан тышкары тизмеде Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган. Кошмо Штаттардын каржы министрлиги расмий жарыялаган документте Токмок шаарында жайгашкан “Тро, Я” компаниясы (АКШнын документинде Tro.Ya, LLC деп турат-ред.) санкцияга илинген. “Азаттыктын” кабарчылары Токмок шаарына барганда аталган даректе жеке үй жайгашканын, экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөндөй компания эместиги аныкталды.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

Апрелде санкцияларга байланыштуу маселе АКШнын каржы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельроддун Бишкекке сапарында талкууланган.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид Бишкекте ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстанды Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөнү эскерткен.

Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс жана комитеттин мүчөсү Нил Койл 18-майда Бишкекке келип, бир күндөн кийин журналисттер менен жолуккан. Алар жыйында Кыргызстанды тогуз категориядагы товарды Орусияга экспорт кылбоого чакырганын билдирген.

Кыргызстандын бийлиги Батыштын, анын ичинде АКШнын ыктымал санкцияларына байланыштуу билдирүүлөрдөн дээрлик карманып келет.

Бирок 15-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда жүргөндө “Россия-1” телеканалына Кыргызстан өз эрежеси менен иштей турганын билдирген.

“Ооба, Батыштагы биздин өнөктөштөрүбүз мүмкүн болуучу санкциялар тууралуу айтып жатат. Бирок, биз өз эрежелерибизди сактайбыз жана мен эч кандай көйгөйлөрдү көрбөй турам”, – деп билдирген ал.

Дүйнө ири өзгөрүүлөрдүн босогосунда

Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев саммит геосаясий абалды эске алганда чоң тарыхый окуя болуп калышы мүмкүн деген пикирде.

“Саммит президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтөт. Бул – маанилүү, тарыхый окуя болуп калышы ыктымал. Анткени саммит дүйнөдөгү өзгөчө кырдаал убагында өтүүдө. Дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болууда. Бүгүнкү дүйнөлүк тартипти бир сөз менен кыскача айтканда бир ордолуу тартип десек болот. Бул ордо – АКШ. Советтер Союзу бар кезде эки ордо бар эле – АКШ, анан Советтер Союзу. Жаңы боло турган дүйнөлүк тартип – бул көп ордолуу дүйнө. Негизинен, саясат таануучулар дүйнөнү үч ордого бөлүүдө, бул – глобалдык Батыш, ага АКШ, Европа кирет. Экинчиси - глобалдык чыгыш, ага Орусия менен Кытай кирет. Үчүнчүсү – глобалдык түштүк, ага Индия, Бразилия жана Индонезия жана башка мамлекеттер кирет. Ошол глобалдык дүйнө дагы өзүнүн кызыкчылыктары менен аймактарга бөлүнөт, анткени алардын амбициялары, кызыкчылыктары, приоритеттери, мүмкүнчүлүктөрү ар кандай. Кыскасы, дүйнө чоң өзгөрүүлөр алдында турат. Мына ушундай учурда Борбор Азиянын геосаясий баркы, салмагы көтөрүлүп турат. Анткени ал Евразиянын очогунда турат жана өзүнүн географиялык абалы менен гана эмес, ресурстары менен да маанилүү. Жакында эле “Кытай - Борбор Азия саммити” өттү. Украинадагы согуш дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү тездетти. Анткени, негизги оюнчулар кечигип калбайлы деп чукул аракеттерди жасап жатат. Биз Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек”.

Өмүрбек Текебаев практикалык жактан алганда Европа өз кызыкчылыктарын диверсификациялоого багыт алганын, ага жараша Кыргызстан дагы экономикасы менен саясатын диверсификациялоого белсенгени маанилүү деп белгиледи:

“Орусия- Украина кагылышы дүйнөдөгү өлкөлөргө төмөндөгүдөй аксиоманы көргөздү. Алар бүгүн аны кайра-кайра айтып жатат жана ошого багыт алышты: бир өлкөнүн көзүн карабаш керек экен, бир өлкөгө тагдырды байлабаш керек экен, бир өлкөнүн тигил же бул ресурстарына көз каранды болбош керек экен деп, экономикасын диверсификациялап жатат. Ушундай чакта Европа өлкөлөрү жаңы өнөктөш издеп жатат, мурда бир эле жерден баарын сатып алса, эми алардын көзү Борбор Азияга түшүп жатат. Анткени ал жакта табийгый ресурстар, анын ичинде энергетикалык ресурстар кенен. Европа, анын ичинде Германия эки ресурска ачка, булар - табийгый ресурстар жана эмгек ресурастары. Мен айткандай биз үч цивилизациянын очогунда турабыз, эгер төртүнчү цивилизация да бизге келсе Кыргызстанда, Борбор Азияда тышкы күчтөрдүн балансы пайда болот. Биз бир гана күчкө көз каранды болбошубуз керек, биз баары менен жакшы мамиледе болушубуз абзел. Биздин экономика да, саясатыбыз дагы диверсификация болушу керек, андыктан бизге тышкы саясий күчтөрдүн балансы керек”.

Европа Биримдиги менен кызматташууда Өмүрбек Текебаев Германия менен дипломатиялык, саясий, экономикалык мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгилейт.

Европа коопсуздук, жашыл экономика, цифралык экономика жааттарына кызыга турганы, ушул жаатта бир багытта жылууга мүмкүндүгү бар экенин айтууда.

Саммит тууралуу саясий ишмер, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай пикирде.

“Менин оюмча Ысык-Көлдө боло турган 2-3-июндагы Орто Азия жана Евробиримдиктин ортосундагы саммит биздин мамлекет, биздин эл үчүн абдан чоң окуя жана жакшы ийгиликтерди жарата турган чоң иш-чара. Мен ойлойм, бул жакшы ийгиликтерге алып келет. Бул – жалпы Борбор Азиянын саясий мааниси Европага жана ошол эле кезде дүйнөлүк саясатта таасири өсүп жатканын жана ролу чоңоюп жатканын көрсөтөт. Анын үстүнө өзүңүздөр билесиздер, учурда дүйнөлүк саясат курчуп, карама-каршылык күчөп жатканда Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан абдан кылдат, өтө терең ой жүгүртүү менен, бардык жагынан таразалап, көп иштерге даярданып, келечекти ойлоп, биздин улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясатты жүргүзөт деп ишенем”.

Жыйырма жылдан ашуун дипломатия багытында иштеген Аликбек Жекшенкулов Ысык-Көлгө келген меймандар өзүнчө бир башкача аурада чечилип, өздөрүнүн ойлорун ачык-айкын айтып, мамилелерди чыңдоого абал түзүлөт деп ишенет.

Адам укуктарынын абалына камтамачылык

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аны аймактагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырышты.

Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Адам укуктары боюнча бюро (Казакстан), "Лигал просперити" фонду (Кыргызстан), Адам укуктары боюнча демилге (Түркмөнстан) жана “Борбор Азиядагы адам укуктары” ассоциациясы (Франция) кол койду.

Алар адам укуктарынын абалын жакшыртууну Еврошаркет менен мамилелерди бекемдөөнүн шарты катары талап кылууга үндөштү. Укук коргоочулар ошондой эле чөлкөмдө былтыр болгон саясий кризистер маалында адам укуктарын бузууга жеткиргендерди жоопко тартуу керектигин белгилешти.

Кайрылуунун авторлору Казакстан, Тоолуу Бадахшан жана Каракалпакстанда бийлик нааразылык акцияларын күч менен басканын да мисал келтирген. Алардын айтымында, үч мамлекеттин бийлиги ал окуяларды дыкат иликтебей жатат.

Муну менен катар укук коргоочулар Шарль Мишелди бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөөгө багытталган демилгелерге, анын ичинде Кыргызстандын депутаттары сунуш кылган мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдирүүгө чакырышкан.

Кайрылууда бийликтин куугунтугуна кабыл делген укук коргоочулар (Рита Карасартова), журналисттер (Болот Темиров) тууралуу да айтылган.

"Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммити былтыр 27-октябрда биринчи жолу Казакстандын Астана шаарында өткөн.

Европа Биримдиги 27 мамлекеттен турат. Бул уюм менен кызматташтуу макулдашуусуна Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG