Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Ооганстан: "Тажикстан талибдеринин кыймылы” жаңы коркунучпу?


Ооганстандагы куралчан топтор, Си Цзинпиндин сапары, дымактуу темир жол долбоору, борбор азиялыктардын орус-украин согушу тууралуу көз карашы. Өткөн жумада эл аралык басма сөзгө чыккан макалаларга баяндама.

Euronews эл аралык жаңылыктар кызматы “Ооган маңзаты экстремизмди сугарып жатат. Европа чара көрсүн” деген аталыштагы макала жарыялады.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин экстремизмге каршы долбоорунун башчысы Ханс-Яков Шиндлер Ооганстанда "Талибан" бийлигинин орношу менен үч көйгөй кошо жаралганына токтолгон. Алар: "Ал-Каида" экстремисттик тобу менен байланыш, улуттук экономиканын начарлашы жана мыйзамсыз маңзат сатуу.

“Бул көйгөйлөр ооган элинин гана кендирин кеспестен, европалык кызыкчылыктарга чындап коркунуч жаратууда”, – деди Шиндлер.

"Талибан" менен "Ал-Каиданын" мурдатан байланышын эске алганда учурда ооган жергеси коркунучтуу топторго дагы деле түнөк бойдон калууда.

Талибдердин режиминин таасирдүү борборлорунун бири "Хаккани" тобу менен "алкаидачылардын" байланышы он жылдап саналат.

"Хакканинин" негиздөөчүсү Жалалуддин Хаккани Усама бен Ладенге жакын болуп, 2001-жылы ага из жашырып кетүүгө көмөктөшкөн.

Эми илгерки байланышты Жалалуддин Хакканинин уулу улаганына дүйнө ушул жайда күбө болду.

"Ал-Каиданын" анабашы Айман ал-Завахирини америкалык учкусуз аппарат Кабулда Жалалуддиндин уулунун үйүндө өлтүрдү. Ушул тапта Сиражуддин Жалалуддин Хаккани – “Талибан" өкмөтүндө ички иштер министринин милдетин аткарып жатат.

Макалада ооган героини дүйнөгө агылганы, андан түшкөн киреше барып эле терроризмди каржылоого кетип жатканы белгиленет.

Героин жана андан да кирешелүү метамфетамин Брюссел, Берлин сыяктуу Европанын башкалааларына Иран, Түркия, Балкан, Борбор Азия аркылуу жетип жатканы айтылат.

Автор "талибдер андан түшкөн акчаны cогуш казынасын толтурууга, башкача айтканда зордук-зомбулук менен экстремизмди жайылтууга жумшашы ыктымал" деген бүтүмгө келген.

Arab News гезити “Талибандын” олку-солку абалы Борбор Азияга канчалык кооптуу” деген макала жарыялады. АКШдагы Гудзон институтунун ага изилдөөчүсү Люк Коффи деген автордун пикиринде, Ооганстан Борбор Азиядагы коңшуларын дагы кыйын кырдаалга кириптер кылды.

“Талибдердин өлкө түндүгүндө ар кандай топторго түнөк бергени чөлкөмгө хаосту жана террорду чындап жайылтышы мүмкүн” деген кооптонуу айтылат.

“Өзбекстан ислам кыймылы” - Ташкенттин эң чоң баш оорусу болуп турат. 1999-жылы уюшулган кыймыл “Ал-Каида” менен эриш-аркак жүрүп, Ооганстанды басып алууга жана былтыр Кабулдагы бийликти кулатууга активдүү аралашкан. “Эми Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү өлкө түндүгүндө ээн-эркин жүрө алат”, – деп эскертет автор.

Ооганстан менен эң узак чек арасы бар Тажикстан дагы жүрөкзаада болуп турган чагы. Талибдер ооган-тажик чек арасына көзөмөл кылууну “Жамаат Ансаруллах” тобуна өткөрүп берди.

Бул уюшма 2010-жылы түптөлүп, ага Тажикстандын расмий бийлигин кулатууну көздөгөн экстремисттер кирген. Алар Иракта, Сирияда согуштук даярдыктан өткөн. Ооганстандын түндүгүндө "Дүйшөмбүдөгү секулярдык бийликке каршы турган", кечээ жакында уюшулган "Тажикстан талибдеринин кыймылы” бар", - дейт автор бул макаласында.

"Жакын айларда Ооганстан 1990-жылдардагыдай туруксуздуктун ордосуна айланат. 30 жыл мурдагыдай Борбор Азия мамлекеттери аймактагы тынчтыкты камсыздоо үчүн кандай роль ойной турганын чечиши зарыл”, – деп эсептейт автор. Макала дүйнө коомчулугу Борбор Азиянын дагы геосаясий артыкчылыгына көңүл буруп, бул чөлкөмдүн маанисин түшүнүшү абзел деген ой менен аяктайт.

Си Цзинпиндин сапары жана Кытайдын дымагы

The Indian Express гезити “Си Цзинпиндин Борбор Азияга сапары эмне үчүн маанилүү?”, – деген макала жарыялады. Кытайдын лидери коронавирус пандемиясы башталгандан бери алгачкы ирет чет өлкөгө чыгат.

14-сентябрда Си Цзинпин казак президенти Касым-Жомарт Токаевге жолугат. Андан ары эки лидер 15-16-сентябрда Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

Diplomat басылмасынын кабарчысы Кэтрин Путц “эки жылдан ашуун эшикке чыкпаган Синин кайсы өлкөгө барууну тандап алганы Кытайдын бул аймакка таасири күчөп баратканын айгинелейт” деп жазды.

Айрым эксперттер белгилегендей, Борбор Азияда Бээжиндин таасиринин артып баратканы Москвага жакпайт, анткени Орусия бул аймакты өзүнүн таасир талаасы деп санайт. Бирок макаланын автору мындай ойго кошулбайт, ал “Борбор Азияда Орусия менен Кытайдын кызыкчылыктары азырынча бири-бирине каршы эмес”, – деп жазды.

The Astana Times гезити “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол коридору аймактык кызматташтыкты күчөтөт” деген макала жарыялады. Долбоор жүзөгө ашса бул үч өлкөнү Борбордук жана Чыгыш Европа менен Иран жана Түркия аркылуу туташтырмакчы.

Өзбекстандан жаңы темир жол Каспий деңизиндеги Түркмөнбашы портуна чыгат. Андан ары Бакунун портуна жол ачылып, Грузиянын, Түркиянын жана Кара деңиз аркылуу Болгария, Румыниянын базарларына жетсе болот. Эгер түштүккө багыт алса анда Каспийдеги ирандык порттордон өтүп, Жакынкы Чыгышка, Чыгыш Африкага жана Түштүк Азияга сапар алат. Жаңы темир жол салынса, Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар коридору аркылуу Пакистандын Карачи жана Говадар портуна жетсе болот.

Автор белгилегендей, Кыргызстандын соода-сатыкты күчөтүү максатында Борбор Азияда жеңил өнөр жай хабына айлануу планы бар. Макалада “Кытай дагы, Өзбекстан дагы Кыргызстандын тоолору аркылуу өткөн кыска маршрутка ыктап турса, Бишкек эл жашаган аймактарды аралаган узунураак жолду туура көрөт. Анткени жергиликтүү товарды экспортоону жана жаңы иш орундарын түзүүгө кызыкдар. Транзитке төлөнгөн акча Кыргызстандын экономикасынын калыбына келишине орчундуу салым кошмокчу” – деген ой айтылат.

Макаланын автору экономист Мухаммад Рафик баасы болжол менен 4.5 миллиард долларды чапчыган, дымактуу долбоорду ишке ашырууда бир катар факторлорду эске алууга кеңеш берет.

“Кыргызстандын тоолорунан эле 90го чукул туннел өтмөкчү, кышындагы табигый катаал шарттар, Кытайдын башка стандарттагы темир жолу, Кыргызстандагы саясий туруксуздук, логистикалык жана техникалык суроолорду жөнгө салыш керек” деп белгилейт автор.

Темир жол коридорунун узундугу 523 км., анын ичинен Кытайга 213 км., Кыргызстанга 260 км., Өзбекстанга 50 км. туура келет. Жаңы жол Кытай менен Европаны жана Жакынкы Чыгышты байланыштырган жолду 900 чакырымга кыскартып, жүк жеткирүүнү жети-сегиз күнгө тездетет. Маршрут Кашкардан башталып, Анжиян шаарына кирип, Нарын жана Ош облустарын басып өтөт.

Украинадагы уруш: Борбор Азиянын эли эмне дейт?

Eurasianet басылмасына борбор азиялыктардын орус-украин согушуна кандай көз карашта экенин көрсөткөн коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды.

Макалада айтылгандай, Орусиянын Украинага басып киргени чөлкөмдөгү мамлекеттерди кыйын кырдаалга кептеп, кийики кезекте Борбор Азия турабы деген кооптонууга түртөт.

Орусия менен чек аралаш Казакстанда мындай кооптонуу күч. Президент Касым-Жомарт Токаев орус армиясынын коңшу өлкөгө киргенин эл аралык укуктун бузуу деп сыпаттаса, Кыргызстан бул маселеге өтө кылдат карап, Украинага колдоосун ачык билдирбей келет.

"Центральноазиатский барометр" деп аталган коомдук пикирди сурамжылаган уюм 6-сентябрда жарыялаган корутундудан чөлкөмдүн элинин маанайын байкаса болот.

Уюм июнь айында телефондон жүргүзгөн сурамжылоого Казакстан менен Кыргызстандан 3 миңдей киши тартылган. Кыргызстандыктардын 41% согуштун жүрүшүнө "көз салып турарын" айтса, дагы 34% "жакындан көз саларын" билдирген. Казакстанда бул сандар 32% жана 39% көрсөткөн.

Коңшу өлкөдө 19-22 жаштагылардын 76% эл аралык кабарларды интернеттен окуса, кыргызстандыктардын 82% дүйнөдө эмне болуп жатканын маалымат желесинен билет.

Эки өлкөдө тең улуу муун мурдагыдай эле мамлекеттик телеканалдарды тиктейт. Айрыкча Кыргызстанда улгайып бараткандардын басымдуу бөлүгү пропагандалык маанайдагы Орусиянын телеканалдарын көрөт.

Сурамжылоонун корутундусунда айтылгандай, кыргызстандыктардын 49% согушка украиндер өздөрү же Америка Кошмо Штаттары күнөөлүү деп санайт. 14% гана Орусиянын айыптайт.

Украина: согуш кылмыштарына ким жооптуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:05 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG