Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:16

Ооганстанда мечиттеги жардыруудан имам каза болду


Мавлави Мужиб Рахмон Ансори.
Мавлави Мужиб Рахмон Ансори.

Ооганстандын Герат провинциясындагы Гузаргох мечитинин имамы Мавлави Мужиб Рахмон Ансори 2-сентябрда мечиттеги жардыруудан каза болду.

“Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн Гераттагы коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Махмуд Шах Расули “Азаттыктын” тажик кызматына Ансоринин өлүмүн ырастады. Анын айтымында, мечиттеги жардыруудан мерт кеткендердин арасында анын бир тууганы да бар. Уулу болсо жараат алган.

Бул кол салуу үчүн азырынча бир да топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Мавлави Мужиб Рахмон Ансори – Ооганстандагы чуулгандуу дин кызматкерлеринин бири болчу. Анын билдирүүлөрү ооган коомчулугунда көп талкуу жараткан. Июнь айынын аягында Ансори талибдер уюштурган миңдеген аалымдар менен аксакалдардын жыйынында “Талибанды” коргоп, анын өкмөтүнө каршы чыккандарды айыптаган.

Махмуд Шах Расули жардыруудан бир аз мурда Мужиб Рахмон Ансори Герат шаардык өкмөтүнүн экономикалык комитетинин жыйынына катышканын айтты. Социалдык тармактардын колдонуучулары Гераттагы жардыруудан 13 киши каза болгонун жазышууда. Associated Press агенттиги курмандыктардын саны 18ге жеткенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG