Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

"Судья сүйлөтпөй жатат". Кемпир-Абад ишине айыптуулар сотто сурала баштады


Кемпир-Абад иши боюнча сот алдында чогулгандар.
Кемпир-Абад иши боюнча сот алдында чогулгандар.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активисттер суракка алына баштады. Айыпталуучулар соттук териштирүүдө мыйзам сакталбай жатканын айтып чыгышты.

Кемпир-Абад иши менен айыпталгандар 4-июнда Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында маалымат жыйын өткөрүп, соттук териштирүүдө мыйзам сакталбай жатканын айтышты.

Алар айыптоо актысы толук окулбай, айыпталгандардын сотто жүйөсүн айтууга, күбөлөрдү суракка алууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын билдирди.

Айыпталуучу, саясатчы Мамбетжунус Абылов кылмыш иши сотко өткөнүнө жакында бир жыл болорун белгилеп, мыйзамдарды сактоого чакырды.

Мамбетжунус Абылов.
Мамбетжунус Абылов.

“Айыптоо актысын көпчүлүгүбүз окуган жокпуз. 7-8 кишиге окуп, калгандары окшош эле экен деп токтотуп койду. Айыптоо актысы боюнча пикирлерибизди билдире баштадык. Буга келгенде дагы сот шашып, сөздү, суроолорду токтотуп жатат. Айыптоо актысында бизди күнөөлөп жаткандарды четке кагууга пикирибизди толук айта албай жатабыз. Буларга убакытты бирөө коюп койгондой. Ушунчасында бүтөсүң деп. Мисалы, Азимбектин айыптоо актысы боюнча пикирин токтотуп койду”, - деди Абылов.

Камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун келини Рахат Абдрахман кызы соттук отурум жөнүндө коомчулук кабардар болушу керек деп эсептейт.

“Атабызга келебиз, жолуктурбайт. Канчадан бери көрө элекпиз. Ачык сот өткөрбөйт, кыйналып бүттүк. Анын жашын эске албайт. Эл алдында өздөрүнүн абийири үчүн деле ачык өткөрсүн. Күнөөсү болсо, ачык айтышсын”, - деди.

Айыпталуучулардын бири, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бийликти акыйкат сот өткөрүүгө чакырды.

“Эмнеге күнөөлөп, кандай далил бар экенин так угузуу керек. Айыпталган адамдан айыптоо акты түшүнүктүүбү жана күнөөңүздү моюнуңузга аласызбы деп сураш керек. Сегиз кишиге эле айыптоо актысы окулуп, калганына жалпы айтып койду. Эгерде адилеттүү сот болбойт десеңер, эч кимди убара кылбай эле чечим чыгарып коё бергиле”, - деди Сооронкулова.

Ушу тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активисттер суракка алына баштады.

Бул ишке айыпталып, №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун сурактын жүрүшүнө болуп жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Катта ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков прокурорлорго айыптоо актыларын толук окутпай туруп эле шектүүлөрдү суракка ала баштаганы, бул мыйзам бузуу экени жазылган.

29-майдагы соттук отурумда биринчилерден болуп жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) суралган.

"Биринчи сурак, азыр камактагы сегиздин бири, Илгиз Сарылдак уулунан баштады. Илгиз Кемпир-Абадды коргоо комитетине кирген эмес, Casa Italia кафесинде болгон эмес, бирок Айыптоо актысына прокурорлор, тергөөчүлөр “бөлгөн, катышкан” деп жалган маалыматты жазып коюшкан. Эмне үчүн мен бул эки фактыны жазып атам? Себеби "кемпирабадчыларды" Casa Italia кафесинде жашыруун чогулуп, “башаламандык уюштуруу үчүн комитет түзүшкөн” деп камакка алышкан. Илгиз Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөндө Москвада болгонун, "кемпирабадчылар" камалганда, аны Москвадагы жолугушууга Орозайым Нарматова чакырып, камоо адилетсиз экендигин айтып, видео кайрылуу жасашканын айтып берди. Эмне үчүн аны чакыргандар боштондукта, ал эми өзү камакта экенин прокурорлордон сурады. Илгиз Сарылдак уулу айыптоо актысындагы коюлган күнөө таптакыр чындыкка дал келбесин так көргөзүп берди", - деп жазган Равшан Жээнбеков.

Жээнбеков муну менен катар Кемпир-Абад ишине эч тиешеси жок эки жылдан бери камакта отурган укук коргоочу Тимур Махмудов суралганын кошумчалаган:

"Саат 17:00гө жакын сурак Кемпир-Абадды коргоо комитетине таптакыр тиешеси жок, "кемпирабадчылардын" көбү камалганыбызга чейин тааныбаган, улуту азербайжан, эмнегедир биз менен кошо эки жылдан бери камакта отурган, укук коргоочу Тимур Махмудовго өттү. Тимур оңой менен айтканын бербеген, өжөр, бир мүнөз адам. Биз “Тимур Кемпир-Абадды коргогон жалгыз азербайжан” деп тамашалап калабыз. Тимурду башында тааныбасак, азыр түрмө, тагдыр бири-бирибизге караан кылып койду".

“Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталып жаткандар буга чейинки кайрылууларында да соттун ачык өтүшүн талап кылышкан.

Садыр Жапаров 14-мартта абактагы оппозиционер Азимбек Бекназаровдун “элдешүү сунушуна” жооп берип, камалгандардын тагдырын сот менен прокурор чечерин билдирген.

Ага чейин, 2023-жылы ноябрда өткөн экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров соттун жабык өтүп жатышына айрым айыпталуучулар четтен каражат алып келгенин, ал маалыматтар ачыкка чыкпашы үчүн жараян жабык форматта каралып жатканын айткан. Бул пикирге айыпталып жаткандар макул эместигин билдиришкен.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев айыпталгандардын дооматына мындай жооп берди.

“Президент өзү көп айтып жүрөт, “мен соттун ишине кийлигишпейм” деп. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, Башкы прокуратурага кайрылуу керек. Анан өздөрү дагы кичине тартипти кармап, сотко катышууларын жакшыртышы керек. Сотту чоё бербеш керек”, - деди Абыкеев.

Абыкеев мурдагы коммертарийлеринде "кемпирабадчылардын" "саясий куугунтукка кабылдык" деп айткандарын четке каккан жана муну катардагы эле иш деп сыпаттаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын тактоо маалында Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жердин Өзбекстанга өтүп жатканына туура эмес чечим деген 27 саясатчы, активист, укук коргоочу жана журналисттер 2022-жылы октябрда тобу менен камакка алынган. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр бул кылмыш ишин “саясий куугунтук” катары баалап келет. Соттук жараяндар 2023-жылдын июнь айынан бери жабык өтүүдө.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары ар түрдүү жүйө менен, мисалы, Бектур Асанов менен Кеңешбек Дүйшөбаев ден соолуктары кескин начарлаганы үчүн үй камагына чыккан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG