Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Кемпир-Абад иши: Абактагылар соттогу басымга даттанды


Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта отургандар Жаза аткаруу кызматкерлери басым кылып жатканын айтып Кыйноолорго каршы борборго, укук коргоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылды. Алар сотко күч менен алынып келген учурлар бар экенин билдирип жатышат.

Жаза аткаруу кызматы дооматты четке кагууда. Ал эми үй камагындагылардын айрымдары адвокаттарга да басым болуп жатканына кооптонуп, мындан ары укуктарын коргоодо кыйынчылыктар жаралышы ыктымал экенин айтышууда.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын үстүнөн соттук териштирүүлөр ар аптанын шейшемби жана шаршемби күндөрү өтүүдө.

Адвокат Кантемир Турдалиевдин билдиришинче, айыпталуучулардын бири Кеңешбек Дүйшөбаевдин жактоочусу Акынбек Авазбеков 7-8-майдагы сотко жүйөлүү себептен улам келе албастыгын билдирип, бул отурумдарды башка күнгө жылдырууну алдын ала соттон суранган.

Мындан улам Кеңешбек Дүйшөбаев ал күндөрдөгү отурумдарга баруудан баш тарткан. Бирок Жаза аткаруу кызматынын ыкчам кызматкерлери Дүйшөбаевди сот залына күч менен алып келген.

Кантемир Турдалиев
Кантемир Турдалиев

"Менден жактоомдогу Жеңиш Молдакматов да суранганынан мен анын оорусуна байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдырып бергиле деп арыз жазгам. Бирок ошого карабастан камактагылардын баарын 8-майда сотко күч менен алып келишкен. Биз күтүп турсак, алардын бири Ильгиз Шаменовдун сырт кийими жок, Махмудов майкечен келди. Кеңешбек Дүйшөбаевге күч колдонгондо кан басымы көтөрүлүп кеткен. Отурумга чейин эле ооруп жүргөн Жеңиш Молдакматовдун да кан басымы ал күнү көтөрүлүп кетти. Соттун имаратына чакыртылган тез жардам келип, ден соолугуна даттанып жаткандарды текшергенден кийин ооруканага алып барыш керек дегенине карабастан Жаза аткаруу кызматы ага макул болгон жок. Ошондуктан автоунаанын ичинде эле асма ийне коюп берип кетишти", - дейт Турдалиев.

Адвокаттар Кенешбек Дүйшөбевге тез жардам чакырылганын, ал кан басымы жогорулап, канты көбөйүп, ооруп калганын билдиришти.

Дагы бир саясатчы Жеңиш Молдакматовдун ден соолугу начарлап, ага дагы тез жардам унаасы келген. Дарыгерлер камактагыларды текшерген соң, сот процесси 14-майга калды.


"Эми бул боюнча арыз даярдап, кайрылуу жасаганы жатабыз. Негизи буга чейинки укук бузуулар боюнча биз Башкы прокуроратура, Жогорку Сот, Жогорку Кеңешке да кат жазганбыз. Президенттин атына даярдалган арыз. Биз мыйзам чегинде эле соттук отурумдарды өткөрүп берүүнү талап кылабыз", - деп кошумчалады камактагы Жеңиш Молдакматов, үй камагындагы Бектур Асанов жана Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев.

Буга чейин да сот отурумдары айрым айыпталуучулардын адвокаттары келбегенине карабастан өткөнүн белгилеген жактоочулар муну камактагылардын укугун бузуу катары баалашкан.


Жаза аткаруу кызматы соңку маалыматтарды четке кагып, эч кандай басым-кысым болбогонун билдирүүдө. Аталган мекеменин өкүлү Жазира Нурмамет кызы мындай деди:

Жазира Нурмамет кызы
Жазира Нурмамет кызы

"Соттолуучу Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматкерлер нөөмөт бөлмөгө жеткиришкен жана кароол башчыга өткөрүп беришкен. Эч кандай уруп-согуу, соттолуучуга карата моралдык жана физикалык күч колдонулган эмес. Ошондой эле Шаменов Илгиз сотко жеткирилгенден кийин үстүңкү футболкасын чечип алган, бул анын өзүнүн укугу. Башка айыпталуучулар жертөлөдө эмес, биринчи кабатта кармалып турат. Убагында комиссия түзүлүп, Саламаттык сактоо министрлигинен адвокаттар келип текшерген. Жашаган шарттары каралган, бардык тиешелүү кагаздар бар. Буларга карата эч кандай мыйзам бузулган жок. Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу борбору жана башка кызматтар бул маселелерди өз көзөмөлүнө алып турат".


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында жатат, калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Үй камагындагылардын бири Рита Карасартова айыпталуучулардын айрымдарынын адвокаттарын мамлекеттик адвокаттарга алмаштыруу аракети жүрүп, аларга карата басым да болуп жатканын айтты:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

"Биздин он баланы 30 конвой алып келет. Биз процесстин ичинде батпай турсак, ошолор да кирип турушат. Алардын биринин да жашыруун материалдарды билүүгө уруксаты жок. Ал эле эмес, алар телефонго процессти тартып турушчу. Биз жактан эч кимди киргизбей жабык деп атышат, бирок отуз баланын кирүүгө уруксаты бар, процесс кандай болгонун көрүп атышат. Бул акыйкатсыздык. Андай болсо териштирүүнү ачык кылып койгону жакшы. Ошондо эл көрүп, "бул камактагылар желмогуз, туура эмес кылыптыр" дешет эле. Андай болбосо чындык ким тарапта экени көрүнөт эле. "Жашыруун" деген грифи алынса, бизде да ишти ачык баштаганга жакшы шарт түзүлмөк. Азыркы тапта адвокаттарыбызга ушунчалык басым кылып, лицензиясын алып салууга көрсөтмө жиберишти. Алар бизди коргогондон да алыстап калышты. Жакында Кемпир-Абад ишинен баары баш тартып, бир гана мамлекеттик адвокаттар калат. Ачык-айкындуулук жок болсо, биз өз укугубузду кантип коргойбуз, кылмышка барбаганыбызды кантип далилдейбиз деген маселе турат".


Камактагыларга жолуккан Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын, жыйынтыгы 11-майда белгилүү болорун айтышты.

Буга чейин президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кемпир-абадчылардын "саясий куугунтукка кабылдык" деп айткандарын четке каккан жана муну катардагы эле иш деп сыпаттаган.


Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Кармалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп келе жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG