Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:47

"Камакта отургандардын укуктары корголбой жатат". Акыйкатчынын ишине сын


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын жакындарынын акциясы. Бишкек, 2023-жыл
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын жакындарынын акциясы. Бишкек, 2023-жыл

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы боюнча баяндамасы талкууланды.

Анда акыйкатчы өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы негизги көйгөй катары жабык жайлардагы шартты атап, сот жана укук коргоо органдарына даттангандар көп экенин билдирди. Буга кошумча Акыйкатчы институтунун мамлекеттик органдар тоготпой жатканы да айтылды.

Акыйкатчынын баяндамасы, депутаттардын сыны

Туура бир жыл мурун акыйкатчылыкка бекиген мурдагы прокурор Жамиля Жаманбаева парламент депутаттарынын алдында өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча алгачкы баяндамасын жасады.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында каралган отчетто акыйкатчы Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлады же жакшырды деп так кесе баа берген жок.

Бирок өлкөдөгү жабык жайлардагы шартка мониторинг кылып, алардын көпчүлүгү талапка жооп бербесин аныктаган. Ошол эле учурда ал соңку үч жылдан бери сот органдарына кайрылуулар көп болуп жатканын белгилеген:

“Акыркы үч жылдын ичинде сот органдарына кайрылуулар жалпы кайрылуулардын 40-45% түзөт. 2021-жылы бул көрсөткүч 41,3% болгон. 10,6% - социалдык камсыздоо органдарына, 1,5% - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, 1,2% - саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерине байланыштуу кайрылуулар”.

Муну менен катар Жамиля Жаманбаева өз баяндамасында аялдарга карата зордук-зомбулуктун күчөшү, аскердеги ыдык көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөргө көбүрөөк көңүл бурган.

Жамиля Жаманбаеванын акыйкатчы кызматындагы мөөнөтү Кыргызстанда жарандык коом жана маалымат каражаттарын ишмердигин чектөө боюнча мыйзамдар демилгеленип, жарандардын эркин чогулуу укугу чектелген, оппозициячыл көз караштардагы жарандардын камалган учурга туш келди. Дал ушул кырдаалдан улам бир катар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргызстандагы абалга тынчсыздануусун билдирген. Маселен, Кыргызстанда тынч акция-митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганы эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында белгиленген.

"Абактагылардын укугун көзөмөлдөш керек"

Жогорку Кеңештеги талкууда бул жөнүндө көп деле сөз болгон жок. Депутат Жанарбек Акаев акыйкатчыны абакта жаткан журналист жана активисттердин укугун коргоого чакырды:

“Тилекке каршы, бир канча журналистибиз абакта жатат. Олжобай Шакирге чыккан өкүм да туура эмес болду деп эсептейм. Өзүнүн оюн айтып койгону үчүн беш жылга соттолду. Олжобай Шакир 100 миң кишини алып чыгып тополоң кыла алмак эмес. Ал акын. Айданбек Акматов деген талдоочу журналист да абакта жатат. Жыйынга журналист катары барып камалып кетти. Соту да жабык болуп атат. Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы да абакта. Сиз (Жамиля Жаманбаева) алардын укугунун корголушун көзөмөлдөп турушуңуз керек”.

Депутаттын мындай сунушуна парламентте акыйкатчы жооп берген жок. Буга чейин Жаманбаева "Азаттыкка" маегинде Акыйкатчы институту "массалык баш аламандыкка чакырды" деп кармалган журналисттерден кабар алып жатканын, алардын бири Махабат Тажибек кызынын денесинде уруп-согуунун белгилери бар экени аныкталганын жана бул боюнча прокуратурага кайрылганын билдирген эле.


Ошондой эле ЖМК боюнча мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөтүү, "Чет өлкөлүк өкүл" боюнча мыйзамдагы кылмыш жоопкерчилигинин алып салууга салымы болгонун акыйкатчы айтып жатат.

Бирок эл аралык уюмдардын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча бааларына кошулбай турганын "Азаттыктагы" маегинде билдирген.

Дегеле учурдагы акыйкатчыны өзү жетектеген институттун макамы, ага карата мамлекеттик органдардын мамилеси канаттандырбаганы белгилүү. Ошондуктан Акыйкатчы институту тууралуу конституциялык мыйзам долбоору сунушталып жатканы маалым болду.

Анда Акыйкатчы институту жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сунуштаган жаңы мыйзам долбоорунда Акыйкатчы институтунун адам укугун коргоо жаатындагы ыйгарым укуктарын ишке ашырууга кандай формада болбосун кийлигишүүгө же тоскоолдук кылууга, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө тыюу салынат жана тартипке салуучу же мыйзамдарда белгиленгендей жоопкерчиликке алып келет деген жобо каралган.

"Акыйкатчы сотко кире албагандан кийин..."

Бул жагдай боюнча депутат Чолпон Султанбекова акыйкатчы жада калса жабык сотторго катыша албаганына токтолду:

“Кайрылуулардын эң көбү сот жана укук коргоо органдарына байланыштуу болуп жатат. Бул эмне деген сөз? Мыйзам боюнча биз сот системасына, сот процессине кийлигише албайт экенбиз. Акыйкатчы дагы, депуттардан дагы, керек болсо президент дагы кирише албайт экен. Бирок ошол эле убакта жабык сотторго кире албай жатабыз деп айтып жатасыз. Акыйкатчы ошондой жабык сотторго кире албай жаткандан кийин, башканы айтуу туура эмес болуп калат”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирип, кармалган саясатчылардын соттук жараяндары жабык өтүүдө.


27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Таластын мурдагы губернатору, Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан Айбек Бузурманкулов "курсак тушундагы Кемпир-Абад, ачык сот деген жазуу үчүн жерге жаткырып, кабыргасына урушканын" билдирген. Ал тергөө абагында сабалганын 15-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алынып келген учурда айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматы алардын баарын четке кагып келет.

Былтыр акыйкатчылыкка шайланган Жамиля Жаманбаева мурда прокуратура тармагында иштеген. Анын азыркы ишине коомчулук бир кылка ойдо эмес - бийликчил катары сындагандар да бар. Саясат талдоочу Турат Акимов буларга токтолду:

"Биздин укук чектелип жатат, иштей албай жатабыз" деп акыйкатчы демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун депутаттарга сунуштап, парламенттен коргошу керек. Ошондо гана укугу кеңейет. Азыркы акыйкатчы болсо мурдагы прокурор. Демилге көтөрүшү деле арсар”.

Кыргызстандын акыйкатчысы жөнүндө мыйзам долбоору 2002-жылы кабыл алынган. Ал мыйзамга ылайык, акыйкатчы жыл сайын адам укугунун абалы боюнча Жогорку Кеңешке отчёт берет.


Парламент баштаган мамлекеттик органдар анын негизинде иштеши керек. Акыйкатчынын баяндамасына Жогорку Кеңеш гана баа бере алат. Президент, өкмөт, УКМК жана башка мамлекеттик органдардын бири дагы анын ишине кийлигише албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG