Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:25

Кара-Кече: жаңы жолдо өмүр кыйылды


Кара-Кече
Кара-Кече

Кара-Кечеде көмүр ташыган "КамАЗ" кырсыкка учурап, бир киши каза болду. Айдоочулар буга жаңы салынган жолдо коопсуздук чаралары каралбаганы себеп болду дешет.

Кырсык 10-ноябрда болжол менен кечки саат беш жарымда болгон. Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Дыйкан-Кара-Кече жолунда эки "КамАЗ" сүзүшүп, бир адам каза болгон.

Мекеменин басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова окуянын чоо-жайы тууралуу мындай маалымат берди:

«Дыйкан-Кара-Кече жолунан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 48 жаштагы тургуну Т.Б оор жүк ташуучу автоунаасы менен түштүктөн түндүктү карай башкарып баратканда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 47 жаштагы тургуну К.Н оор жүк ташуучу автоунаасы менен түштүктөн түндүктү карай башкарып келе жатып белгисиз себептерден улам Т.Бнын башкаруусундагы оор жүк ташуучу автоунаанын чиркемесин сүзүп жолдон чыгып кеткен. Натыйжада К.Н башкарган оор жүк ташуучу автоунаада жүргүнчү катары келе жаткан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 45 жаштагы тургуну И.Б окуя болгон жерде каза тапкан».

Көмүр деп кыйылган өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Жумгал райондук милициясы бул окуя боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштады.

Аргасыздан курулган айланма жол

14-сентябрда Кара-Кечеде тоо көчкөн. Мунун айынан аталган көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырган стратегиялык жол тосулуп калган.

Көчкүнүн көлөмү 2 миллион куб метр деп кабарланган жана жолдун 600 метрден ашуун аралыгы бөгөлүп, электр зымдары үзүлгөн. Көчкүнүн кесепети жоюлгуча Кара-Кечеден көмүр ташыгандар Нарын, Ак-Талаа райондору аркылуу айланма жол менен он күндөй каттап турушкан.

Транспорт жана жол министрлиги тоонун боору менен эни 6-8 метрлик узуну кеминде үч чакырымдай жаңы жолду кыска убакыттын ичинде салышкан.

Кара-Кечеден көмүр ташыган Бекжан аттуу айдоочу жаңы салынган жолдун абалы тууралуу буларды айтты:

«Жаңы жол өтө кооптуу. Тик салынган. Ошондуктан "КамАЗдар" өйдөдөн түшүп келе жатканда автоунаасын токтото албай, жарды сүзгөн учурлар көп катталууда. Кечээ болгон кырсыкта адам өлгөндүктөн көпчүлүккө билинди. Болбосо буга чейин тар жолго батпай, жөөлөшүп кеткен учурлар катталган. Дөңгөлөгү чыгып кетип, жолдун жээгине араң токтогон учурлар күн сайын болот. Жалпылап айтканда, жолду эптеп эле «кыргызчалап» салып коюшкан. Пландалган эмес. Ал жолдон кудайлап, калтырап-тириреп араң айдайбыз. Кыл көпүрөдөй эле. Тыгын көп. Ылдыйдан бара жатканда жогорудан келе жаткан КАМАЗдардын өтүшүн күтүп суткалап күтүп калган учурлар болот. Азыр жер кургак кезде эле мындай болуп жатат, кар жааса эч ким барбай калат».

Деген менен айдоочулардын бул дооматтарына жолчулар макул эмес. Жумгал райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Зарылбек Моңошов шашылыш салынган жолдун абалына токтолду.

Кара-Кечеде көчкү болгон жер. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов адистер менен.
Кара-Кечеде көчкү болгон жер. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов адистер менен.

«Тоо көчүп, жол жабылып калганда ошол кездеги өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен убактылуу жол салууга 15 күн убакыт берген. Биз 11 күндө убактылуу, айланма жол салганбыз. Долбоору жазында жасалат. Биз аны өкмөткө сунуш кылып жатабыз. Убактылуу жолго биз нөөмөт уюштурганбыз. Кезек менен алты жолчу жана башкы инженер иштеп жатат. 10-ноябрда болгон жол кырсыгы да жолчулар отурган күркөнүн жанында болгон. Жолчулар окуяга күбө болушкан. Эми кайсы жол болбосун кыйынчылыктар болот. Анын үстүнө бул жаңы салынган, убактылуу жол болгондуктан тар жерлери бар. Аска-зоолордун түбүнөн өтөт. Аны жардырып, алганга райондук жол тейлөө ишканасынын мүмкүнчүлүгү жок. Эки күн мурда министр келип, таанышып кеткен. Көйгөйлөрүбүздү айтып, министрлик техникаларды мобилизация кылып жаткан. Тилекке каршы, биз жолду кеңейткиче минтип жол кырсыгы болуп кетти. Бирок окуя тар жолдо эмес, салыштырмалуу кенен жолго болгон. Кырсыкка себепкер болгон айдоочу «мас болгон» деп айтып жатышат. Аны тергөөнүн жыйынтыгында билебиз да».

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов Кара-Кечеде жол коопсуздугу сакталган деп ишендирди.

«Кырсык болгон Дыйкан-Кара-Кече жолунун 37-чакырымында кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Кеңейчү жолдун узундугу 200, эни 4 метр болот. Мындан тышкары бул жолго шагыл төшөө иши да пландалып жатат. Ошондой эле коопсуздук чараларын күчөтүү үчүн жол белгилери коюлуп, кум-шагыл төшөлдү. Ал эми 10-ноябрдагы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына Жол тейлөө ишканасынын тиешеси жок. Ал айдоочунун күнөөсү менен болгон. Тергөөнүн жыйынтыгында кырсыкка себепкер айдоочу мас абалында экени аныкталган».

Кара-Кечеде жер кыртышынын жылышы ушул жылы эле эки ирет жер көчкүгө себеп болду. Адистер кендеги табыгий кырсыкка экосистеманын бузулушу себеп болгонун айтышууда. Анткени Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жок болгондуктан көмүр ар кайсы жерден казылууда дешет. Ошондой эле көмүр казган компаниялар кенден чыккан калдыктарын мөңгүнүн суусуна төгүшкөнүн да жүйө келтиришет.

Күз айларынан баштап бир күндө Кара-Кечеден 200гө жакын "КамАЗ" көмүр жүктөп чыгат. Жүздөгөн жүк ташуучу машинелердин тыгыны, кезек талашып чатакташуу, уруш-талаш кадимки көрүнүшкө айланган.

Кара-Кечеде калган айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып келет. Көмүр кенинде соңку жолу октун үнү 28-августта жаңырып, андан «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу жабыркаган.

Жумгал жаштар кеңешинин төрөгасы Марат Оторбаев Кара-Кечедеги башаламандыкты видео тасмага тартып, "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу коомчулукка чыгарып жүргөн активисттердин бири. Ал соңку видеосун 25-октябрда сөз болуп жаткан жаңы салынган жол жана ал жердеги коопсуздук чаралары тууралуу тарткан.

«Социалдык тармактар аркылуу Транспорт жана жол министрлигине видео кайрылуу кылганбыз. «Жолду тез аранын ичинде карабасаңар адам өмүрү коркунучта» деп айтканбыз. Жаңы салынган жолдо коопсуздук чаралары таптакыр каралган эмес. "КамАЗдар" токтоно албай калса атайын тосмолор жасалышы керек эле. Бош "КамАЗдар" өйдө чыга албай, дөңгөлөктөрү бир орундан тегеренип атып, жол казып да салышкан экен. Мунун баарын видео тартып, факт менен көрсөтүп бергем. Бирок эч кандай реакция болгон жок».

Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кендердин бири болуп саналат. Анда 400 миллион тоннадан ашык көмүрдүн запасы бар. Кендин аймагында азыр үч ишкана - «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалы, «Шарбон» жана «Ак-Жол» аттуу ишкана көмүр казып иштейт.

Кара-Кечедеги ишканалар Бишкек шаарына жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарын көмүр менен камсыз кылат.

Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн тонна көмүр керектейт. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Ал эми Бишкектеги Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) бир жылда 1 млн. 140 миң тонна көмүр жагат. Анын 680 миң тоннасы Кара-Кече кенинин үлүшүнө туура келет.

XS
SM
MD
LG