Пентагон Ак үйгө алыска атуучу канаттуу Tomahawk ракеталарын Украинага берүүгө макул болгонун, эми акыркы сөз президент Дональд Трампта экенин CNN өзүнүн америкалык жана европалык булактарына таянып жазды.
Телеканалдын маалыматына караганда, аскердик мекеме макулдугун Ак үйгө октябрдын башында, Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусуна чейин берген. Ал кезде АКШ лидери Tomahawk Американын өзүнүн коопсуздугун камсыздоого керектигин айткан, азырынча расмий чечим кабыл алына элек.
CNN белгилегендей, Пентагон ракеталар Украинага берилсе АКШнын коргонуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасир тийгизбейт деп эсептейт.
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Tomahawk маселеси дагы деле ачык турганын, ал бул тууралуу президент Трамп менен сүйлөшкөнүн билдирди. "Чечим Кошмо Штаттарда", - деди Рютте Лондондогу жолугушууда.
Дональд Трамп мурдараак эгер Орусия согушту токтотууга макул болбосо АКШ Украинага алыска атуучу канаттуу Tomahawk ракеталарын бере аларын билдирген.
Украина ракетанын бул түрүн алууга үмүттөнүп келет.
Москва эгер Вашингтон Украинага мындай ракета жагынан жардам берсе согуштун жүрүшүнө таасирин тийгизе албасын, бирок АКШ-Орусия мамилесине залакасын тийгизерин эскерткен.
Шерине