Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:19

Кара-Кечеде кайрадан ок атылды


Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

28-августта Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен жумгалдыктардын ортосунда чыр чыкты.

Келишпестик ок атууга чейин жетип, айдоочуга кол салгандар таптырбай кеткен. Окуя ансыз да көмүр кенинде иш токтоп турган кезге туш келди. Буга чейин кенге бара жаткан жолго көчкү түшүп, жолду бууп калган.

Нарын облусунун Жумгал райондук милициясы 28-августта көмүр ташыган айдоочуга кол салуунун чоо-жайын иликтеп жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, милицияга Чүй облусунун тургуну арыз жазып, белгисиз кишилер ага кол салганын билдирген.

Баштапкы маалыматка ылайык, ал «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы менен Балыкчыны көздөй көмүр алып келе жатканда Чаек жана Байзак айылдарынын ортосунан белгисиз адамдар жолун тосуп, машиненин терезесин таш менен талкалап, эки жолу ок атышкан.

Тартип сакчылары окуя болгон жерге барганда автоунаанын сол жактагы айнеги сынып, дөңгөлөгүндө октун издери болгон. Социалдык тармактарда жабырлануучунун колу канжалаган сүрөттөрү чыкты. Бирок милиция анын саламаттыгына байланыштуу маалымат бере элек.

Окуяда жабыркаган деп айтылып жаткан айдоочу менен чогуу бир фирмада көмүр ташып иштеген Канат Асанкулов аттуу адам буларды айтты:

Кара-Кече.
Кара-Кече.

«Медициналык беткап тагынып алып, айдоочуга «көмүр ташып жолду талкалап жатасыңар» деп коркутушкан. Айдоочу аларды тааный албай калган экен. Ал машинесин айдай качканда таш менен айнектерин күбүп салышкан. Мылтык менен эки жолу атышкан. Айдоочунун колун айнектер тытып кеткени болбосо олуттуу жаракат алган жок. Азыр анын акыбалы жакшы. Мындай келишпестиктер мурда да болгон. Бирок ок атканга чейин барган учур болгон эмес».

Факт Кылмыштар менен жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Милиция ок атууга тиешеси бар жарандардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бирок шектүүлөр кармала элек. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Аалиев Кара-Кечедеги абал милициянын көзөмөлүндө экенин айтты.

«Кырдаалды толук көзөмөлгө алдык. Жакынкы күндөрү кимдер экенин аныктайбыз. Азырынча шектүүлөр табыла элек», - деди ал.

Алдын-ала айтылган маалыматтарга ылайык, чыр көмүр ташыган айдоочулар автоунаасына көмүрдү нормадан ашыра жүктөп ташып жатканынан улам чыккан. Жергиликтүү эл аларга «ашыкча салмактагы жүк менен айдап, жолду бузуп жатасыңар» деп айтып келген экен.

Кара-Кече чырдан арылбады

Күз айларынан баштап бир күндө Кара-Кечеден 200гө жакын КАМАЗ көмүр жүктөп чыгат. Жумгалдыктар алардын айрымдары гана көмүрдү нормага жараша жүктөбөсө, көпчүлүгү 1-2 тоннага чейин, эң көп дегенде беш тоннадан ашык жүктөйт деп эсептешет.

Жумгал районунун жаштар кеңешинин төрагасы Марат Оторбаев ашыкча салмакта жүргөн автоунааларга чара көргөн органдын жоктугу ушундай окуяларга алып келип жатканын айтты:

Жумгал району.
Жумгал району.

«Бул көптөн бери чечилбей жаткан маселе. Ашыкча жүк менен жүргөн бул жалгыз учур эмес. Дээрлик бардык КАМАЗдарда ушундай көрүнүш. Аларды жогорку жактан калкалап турушат. Эгер Транспорт министрлигинин өкүлдөрү же жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер кармаса бир жолу телефон чалып кутулуп кетишет. Керек болсо аларга айыпка жыгып же башка чара көрө алышпайт. Ашыкча салмакта көмүр ташыгандар биздин эле эмес, бардык жолго күч келтирип, талкалап жатат. Алардын салмагын көзөмөл кылган посттор эмнени карап отурушканын билбейм. Кыскасы посттордун пайдасы жок. Түндүк-түштүк альтернативалык жолу биздин аймак аркылуу өтөт. Ушул тапта ошол жаңы салынып жаткан жолдо нормадан ашык көмүр жүктөгөн КАМАЗдар жүрөт. Минтип отурса жол бат эле бузулуп, мурунку абалына келип калат».

Нарын аймактык автотранспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча 2019-жылы ашыкча салмакта көмүр жүктөгөн 65 айдоочуга 235 миң сом айып салынган. Ошондой эле кара жолду бузгандарга анын ордун толтуруш үчүн 159 миң сомго акт толтурулган. Мекеменин жетекчиси Нурлан Сыдыков мындай комментарий берди:

«Биздин постторго баш ийбей өтүп кеткендер толтура. Мисалы, Арал бекетинде тосмо жок. Көмүр жүктөп келе жаткан автоунаалар токтобой өтүп кетишет. Алардын артынан кууп барганга бизде машине да, укугубуз да жок. Биз Нарын облустук ички иштер башкармалыгына «милициянын көчмө бекетин ачып бергиле» деп кайрылдык. Алар «МАИ кызматкерлерин да коюп берели» дешти».

Кендеги чатак эмнеге тыйылбайт?

Кенде жыл сайын байма-бай чыр чыгып, ал түгүл адам өмүрү кыйылган фактылар да болгон. 2014-жылы мындай көрүнүштөрдү жоюу максатында Кара-Кече көмүр кенинин кире беришине көзөмөл бекети коюлган. Ал эми былтыр онлайн камералар коюлуп, аны Бишкек шаарынан карап тургандай демилге ишке ашканы кабарланган.

Кенден көмүр ташыган автоунаалардын айдоочулары ар кандай себептерден улам кезек күтүп 10-20 күндөп, айрым учурда бир айга чейин кен чыккан жерде туруп каларын айтып жүрүшөт. Жүздөгөн жүк ташуучу машинелердин тыгыны, кезек талашып чатакташуу, уруш-талаш кадимки көрүнүшкө айланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кара-Кечедеги чыр-чатакты жөнгө сала албаган өкмөттүн ишин сынга алды:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Кара-Кече көмүр кени бюджетке акча түшүрө турган негизги булак болушу керек эле. Бирок ал жерди кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү басып алган. Кенден түшкөн пайда белгисиз топтордун чөнтөгүнө кетип жатат. Муну бийлик, өкмөт, күч органдары билип турса да алы жетпейт. Бийликте аларды коргоп отургандар бар. Эми Кара-Кечедеги тартипти жөнгө сала албаган өкмөттөн чоң өзгөрүүлөрдү күтүп, үмүт кылбашыбыз керек. Чындап келсе, бул бир күндө жөнгө салына турган маселе. Бирок өкмөтүбүздүн алсыздыгынын кесепети тийип жатат».

Кара-Кечеде иш токтоп турат

Ал эми быйылкы чыр Кара-Кечеде иш токтоп турган кезге туш келди. 17-августта Кара-Кече көмүр кенине барган жолго таш жана электр устундары кулап, тосулуп калган. Жолчулар «көчкүнүн көлөмү чоң болгондуктан тазалоо иштери да көпкө созулат» деп билдиришкен эле. Ушундан улам айланма жол уюштурулуп, бирок ал кооптуу болгондуктан көмүр ташыган КАМАЗдардын аягы суюлуп кеткен болчу.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы көмүр кенине барчу таш түшкөн жолду калыбына келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген. Мекеме он күн ичинде Кара-Кечеге барчу убактылуу жол курула турганын кабарлаган. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына Транспорт жана жолдор министрлигинин, Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, «Кыргызкөмүр» ишканасынын, Жумгал районунун жетекчилери кирип, Кара-Кечеде иштеп жатышканы айтылган. Жолго түшкөн ташты тазалоо, электр зымдарын оңдоо, жүк ташууну калыбына келтирүү боюнча иш планы түзүлгөн. Азырынча жол ачыла элек.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев буларга токтолду:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

«Кара-Кече көмүр кени мамлекеттик ишкана болгондуктан коррупциядан жана чыр-чатактан арылбай жатат. Менимче аны акционердик коом кылып, акциясын жергиликтүү калкка, ишкерлерге бериш керек. Мына ошондо кендеги иш жөнгө салынат. Акционерлер чыр-чатакка жол бербейт. Бул Кара-Кечеде жыл сайын болгон келишпестиктерге, криминалдык топтун кагылышына бөгөт коюунун бирден-бир жолу».

Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кендердин бири болуп саналат. Анда 400 миллион тоннадан ашык көмүрдүн запасы бар. Кендин аймагында азыр үч ишкана - «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалы, «Шарбон» жана «Ак-Жол» аттуу ишкана көмүр казып иштейт. Кара-Кечедеги ишканалар Бишкек шаарына жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарын көмүр менен камсыз кылат.

Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн тонна көмүр керектейт. Анын көбү Кара-Кече көмүр кенинен казылат. Ал эми Бишкектеги Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) бир жылда бир млн. 140 миң тонна көмүр жагат. Анын 680 миң тоннасы Кара-Кече кенинин үлүшүнө туура келет.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз кызматы ушул күндөрү Бишкек ЖЭБине 70 миң тонна көмүр ташылганын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG