Жаңылыктар | 31.10.2025 | Бир суткада жети өлүм. Быйыл жол кырсыгы 30% өстү
Акыркы бир суткада Кыргызстанда унаа кырсыгынан жети киши каза тапты. Ош – Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан унаа менен жеңил унаа кагылышып, беш киши мүрт кеткен. Бишкек – Ош унаа жолундагы төрт унаа кагылышкан кырсыктан эки киши каза таап, бир нечеси ооруканага түштү. Жабыр тарткандардын экөө балдар. Мунун алдында эле Бишкекте жашы жете элек балдар унаа айдап кырсыкка кабылган эки учур катталган. Быйылкы жылдын тогуз айында жол кырсыгынан 90дон ашык бала каза болуп, эки миңдейи жаракат алган. Өткөн жылга салыштырганда 30% көп.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 29, 2025Жаңылыктар | 29.10.2025 | Израил Газага абадан сокку урду
Шерине