Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак 1977-1995-жылдардын аралыгында айрым өң тааныштарына Париж шаардык кеңешинин жок кызматын аткарды деп жалган кагаз менен акы төлөп келген деп айыпталууда.
Жак Ширак өзү бул доолорду өзүнө жуутпай төгүнгө чыгарып келет.
Буга чейин, Анри Филипп Петенди (1856-1951) эске албаганда, эч бир француз мамлекет башчысына каршы кылмыш иши козголгон эмес.
Ал эми Анри Петен болсо экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлердик Германия менен кызматташкан “Виши өкмөтүн” жетектегендиги үчүн 1945-жылы Франциянын Жогорку соту тарабынан өлүм жазасына кесилген.
Бирок Франциянын убактылуу өкмөтүн жетектеген Шарл де Голл ошол 1945-жылы 17-августта 89 жаштагы маршал Петендин жазасын жумшартып, өмүр бою абакта отуруу жазасына алмаштырган.
Жак Ширакка келсек, ага каршы доочу болгон тарап өз доосун алып салганына карабастан, сот жараяны 7-мартта башталаары күтүлүүдө.
Алгачкы доочу болгон тарап – Париж шаардык кеңеши – мурдагы президент Ширак жана бийликтеги “Элдик кыймыл үчүн биримдик” менен сотко чейин эле өз доосун чечип алган жана шаардын казынасына 2 миллион 200 миң евро акчаны төлөтүп алган. Ошондуктан 2010-жылы доочу өзүнүн доосун артка кайтарып алган болчу.
Бул кылмыш ишин башынан бери көзөмөлдөгөн прокурор болсо тергөөнүн колунда мурдагы президент Ширакка каршы далил жетиштүү эмес деп санап келет.
Ошого карабастан, көз каранды эмес тергөөчүлөрдүн эки тобу мурдагы президент Ширакка каршы доону кылдат иликтеп чыгып, мамлекеттик айыптоочунун бул кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечимин четке какты.
Көз каранды эмес тергөөчүлөрдүн пикирине караганда, бул сот жараяны – коомчулуктун кызыкчылыгын коргоого тийиш.
Анткени, дешет алар, дээрлик 20 жыл бою мамлекеттик каражат “уятсыздык менен” коромжуга учуратылып келген, мунун артында Париждин мурдагы акими Ширак тургандыгы жөнүндө далилдер бар.
Демек, Париж шаарынын акими кезинде, Жак Ширак өзүнүн андан да жогорку бийлик тепкичине өтүшүн жеңилдетүү максатында мамлекеттик каражатты тийешелүү партиялаш кишилерге мыйзамсыз коротуп келген. Демек, дал ушул максатты көздөп, ал өтө татаал коррупциялык чынжырды түзгөн жана аны башкарып келген, дешет көз каранды эмес тергөөчүлөр.
Ширак болсо чын эле кызмат орундары түзүлгөн жана анын турмуштук кайтарымы болгон деп келет.
Мурдагы президент Ширак, эгерде жок дегенде, теория жүзүндө соттолуп калышы мүмкүн десек, анда ага француз мыйзамына ылайык он жылга чейинки мөөнөттөгү абактык жаза берилиши жана ал 150 миң евро акчалай жазага тартылышы ыктымал.
Бирок ал сот тарабынан күнөөлүү деп табылган учурда деле соттор анын карыялык жашына жана элдеги кадыр-баркына карашат, ошондуктан анын абакка тыгылышы күмөн деп айрым адистер белгилөөдө.
Мурдагы президент сот жараянына өзү келип катышууга милдеттүү эмес, бирок шейшембидеги (8-марттагы) сот отурумуна Ширак өзү келиши күтүлүп жатат.
Ширак мырза январ айында француз сыналгысына жооп берип жатып, саламаттыгы дурус экенин айткан:
- Менин акыбалым жакшы, чоң ыракмат! Сиздерге да ушундай эле чың ден соолук каалайм.
6-мартта да Ширак мырза ден соолугу дурус экенин тастыктады.
78 жаштагы карыя саясатчы “Алцгеймер кеселине” кабылгандыгы тууралуу айың кептерди анын жубайы төгүнгө чыгарды.
Жак Рене Ширак 1932-жылы 29-ноябрда Парижде туулган. Жаш кезинде коммунисттик идеяларга да кызыгып, француз коммунисттеринин “Юманите” гезитин таркаткан учуру да болгон.
Кийин оңчул партиялардын тарабын туткан. 1977-жылдан 1995-жылга чейин Париждин шаар акими (мэри) болгон. Эки жолу премьер-министр кызматын аркалаган.
Ширак - өлкөнүн 22-президенти. 1995-жылдан 2007-жылга чейин Францияны бийлеген.
Ширактын тушунда Франция голлизм саясатын кайра жандандырып, АКШдан өзүн кыйла оолак тутууга умтулган.
2007-жылдан тартып ал Франциянын Конституциялык кеңешинин өмүр бою иштечү мүчөсү.