Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

"Эбак жунгли болмокпуз". Көктөбөй калган көчөт көппү?


Көчөт тигүү. Бишкектеги ишембиликтердин бири.
Көчөт тигүү. Бишкектеги ишембиликтердин бири.

Кыргызстанда көчөт отургузуу өнөктүгү жыл сайын жүрөт. Бирок тигилген көчөттөрдүн бир бөлүгү жыл айланбай куурап калууда. Былтыр "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында 8,141 млн даана көчөт тигилген. Анын 67% гана көктөгөн. Адистер муну бир катар себептерге байланыштырат.

Париж келишимине ылайык, дүйнө 2050-жылга чейин зыян газдардан арылууга тийиш. 2015-жылы кабыл алынган протоколдо бардык өлкөлөр планетадагы абанын температурасын эки градустан ашырбоо үчүн чара көрүшү керек.

Климат боюнча адистердин белгилешинче, абаны ысыткан зыян газдарды азайтууда токойдун орду эбегейсиз.

Келишимге кол койгон Кыргызстан 2022-жылдан тартып "Жашыл мурас" өнөктүгүн жүргүзүп келет. Расмий маалымат боюнча бул аралыкта өлкөдө 20 млн көчөт отургузулган. Быйыл 8,5 млн бак отургузуу пландалууда.

Өнөктүктүн максаты – жайыт жерлерди токойго айлантуу, табият кырсыктарын алдын алуу.

Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен Сузактагы Барпы айылынын аймагындагы 100 гектар жерге көчөт отургузулду.

Кыргыз бийлиги алдыдагы жылдары жашылдандыруу саясатын күчөтөрүн жарыялап келет.

"Табигый токойлор каралбай жатат"

Эколог, активист Гамал Сооронкулов жашыл аянттарды кеңейтүү демилгесин колдогондордун бири. Ал ар бир облустун элине Кыргызстандын аймагында өскөн жаңгак, бадам көчөттөрүн акысыз таратып келет. Былтыр Суусамыр жайлоосуна өз алдынча карагай көчөттөрүн отургузган.

Гамал Сооронкулов.
Гамал Сооронкулов.

"Суусамырда жол боюнда жалгыз карагай бар. Өтмөккө бурулган жерде өсүп турат. Жыйырма жыл бою ошол жерден өткөн сайын качан кулап калат деп карап жүрдүм. Аны 1982-жылы Түптөн көчөт алып бара жаткан Авлетим токой чарбасынын кызматкерлери отургузуп кеткен. Үч кошкондо май куюучу жай бар эле. Ошол жерге токтоп, соопчулук үчүн деп он чакты карагай тигишкен. Кийин жол салынганда жар боорунда өскөн бирөө гана аман калды. Ошол карагай турган жарга жакын жерге былтыр көчөт тиктим. Суусамырда арча-карагай, четин, моюл (черемуха) жакшы өсөт. Азыр, билесиңер, жайлоону алтыгана каптап кеткен. Аны чаап дагы, дары сээп дагы көргөнбүз. Болбоду. Көрсө алтыгана жайлоонун экосистемасы тура. Жер деградация болгондо өзүн ошентип коргойт экен. Аны билгенден тарта бул бадалды сактап калууга аракет кыла баштадым. Алтыгана көлөкө түшкөн жерден качат экен. Демек, аны бак-дарактын жардамы менен жайылтпай кармап калсак болот. Андан тышкары Токой чарбасы берген көчөттөрдү бардык облустарга акысыз таратып жатабыз. Арасында жаңгак, мисте бар".

"Жашыл мурас" өнөктүгү алкагында тигилген көчөттөр. Ош облусу.
"Жашыл мурас" өнөктүгү алкагында тигилген көчөттөр. Ош облусу.

Гамал Сооронкулов ошол эле маалда табигый токойлор корголбой, көңүлдөн тыш калып жатканын белгиледи. Ал муну жергиликтүү бийликтин жана элдин экологиялык сабаты жоктугуна байланыштырды.

"Европанын токойлорун макташат. Бирок алардын 80% токою кол менен отургузулган. Бизге токойлорду табият өзү тартуулаган. Мисалы, Таласта Борбор Азиядагы суу боюндагы жайылма токойлордун эң чоңу жайгашкан. Ачыгын айтуу керек, акыркы кезде каралбай калды. Мал тебелеп жатат. Куурап калган бак-дарактар көп. Эң чоң көйгөй, токой арасындагы таштанды. Кечээ эле токойдо от жагып отурган балдарды кармап алдым. Бир айда ушул өрөөндөгү үч өрткө күбө болдум. Бири өткөн апталарда ушул токойдо чыкты. Андан кийин Тай-Жоргодо суу жээгиндеги токой өрттөндү. Үч күн мурда Кара-Коюн деген жайлоодо өрт чыкты. Мал жаябыз деген балдар камыш өрттөп, жалын ары жайылып кетиптир".

Эколог Гамал Сооронкулов муну менен катар кайдыгер мамиленин, сабатсыздыктын айынан Суусамырдан Таласка бурулган жерге үч жыл мурда отургузулган карагайлар куурап калганын кошумчалады.

"Бак тигүү башаламан болуп кетти"

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматында, былтыр "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында 8,141 млн даана көчөт тигилген. Анын 67% гана көктөгөн.

География илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Абдыжапар Аккуловдун белгилешинче, Кыргызстанда эгемендик алган жылдардан бери эле көчөт отургузуу жараяны жүрүп келет. Бирок алардын ичинен көктөп кеткени аз. Көбү жыл айланбай куурап, ордуна жаңысы отургузулат.

Аккулов куру кыйкырык менен башаламан иштөөнүн айынан көчөттөрдүн көбү өнбөй калганына токтолду.

Абдыжапар Аккулов.
Абдыжапар Аккулов.

"Акаевдин тушунда Тоо саммити уюштурулуп, тоолорду көрктөндүрүү идеясы айтылган. Ошондон берки отчетторго ишенсек, Кыргызстан эбак жунгли болуп кетмек. Бизде эми агротехника сакталбайт да. Кайсыл жерге кандай дарак өнөт, ал тоону коргойбу же талааныбы, же шаарды көрктөндүрөбү дегенге көңүл бурбайбыз. Ылдыйкы зонада өсө турган бакты тоого, тоодо өсө турганын шаарга тигип жатабыз. Адаптациялык шарттарга карап, сабаттуу агротехника жүргүзбөгөнүбүз үчүн көчөттөр куурап калууда. Миң көчөт тигилсе, анын 50% деле көктөбөйт. Отургузгандан кийин асыроо дагы агротехникага кирет. Уюштуруу ишине маани берилбегени үчүн көчөттү отургузгандан кийин унутуп калабыз, аны мал жейт, адам тебелейт. Дарак тигилгенден кийин ага жок дегенде үч жылдай камкордук кылып, баладай караш керек. Ошол учурда тамыр жайып алса, андан кийин жашоо үчүн өзү күрөшө баштайт".

Эколог климаттын өзгөрүшү менен мурда белгисиз жаңы зыянкечтердин түрлөрү пайда болушу мүмкүн экени, андыктан сырттан көчөт же урук алып келүүдө этият болууну эскертти.

"Убагында Өзбекстандан арзыбаган акчага арчаларды алып келип, тендер аркылуу тигип жүрүштү да. Азыр да чек ара ачык, аткезчилик жол менен түрдүү көчөттөр кирип жатат. Алардын көбүн эккенибиз менен өнбөй калууда. Анткени биздин шартка ылайык эмес. Эгер көзөмөл болбосо алар менен кошо айрым оорулар, зыянкечтер да келиши мүмкүн. Кайсыл жактан көчөт алып келбейли, алардын жоопкерчилигин да карашыбыз керек", - деди Аккулов.

Аккуловдун айтымында, учурда ОшМУда 3,5 гектарга жакын инновациялык питомник түптөлүп жатат. Ал жерде эгилген көчөттөрдү элге акысыз таркатуу пландалууда.

Ал эми Бишкектин тургундарына көчөттү жашыл чарбалардан сатып алышат. Мэрия ишембиликке чыккандарга карагай, гледичия, эмен, клен, липа, терек, бадал көчөттөрүн отургузууну сунуштап келет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин былтыр берген маалыматында, 2023-жылы 15 миллиондон ашуун көчөт импорттолгон.

"Карагай эле тиге беребиз"

Соңку эки жылда Бишкекте жана Ошто инфратүзүм үчүн бир катар дарактар кыйылды. Алардын ордуна канча көчөт тигилгени азырынча беймаалым.

Бул маселе 8-апрелде Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин өткөн жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мэрияны сынга алды.

"Рамиз Алиев мырза, (Бишкек шаарынын вице-мэри – ред.) былтыр 10,5 миң түп көчөт тигилиптир. Канчасы көктөдү? Билбейсиз. Анткени бакты сатып алып, жаңы күрөк, мээлей сатып алып, сулуу кийинип, сүрөткө түшүп, ошол боюнча сөз жүзүндө калат. Мунун баары отчет үчүн гана жасалат. Бирок отургузулган бактын көктөшүн көзөмөлдөгөн эч ким жок. Ошол 10,5 миң түп көчөттүн канчасы көктөгөнүн тактап, бизге маалымат берип коюңуз. Бакты кыюу оңой, анын ордуна кайра көчөт тигип, аны багып чоңойтуу көп убакытты жана көңүлдү талап кылат", - деди депутат.

Жыйынга катышкан вице-мэр Рамиз Алиевдин айтымында, ушу тапта Бишкек мэриясынын балансында 173 миң бак бар. Ал тигилген көчөттөрдүн баары эле куурап жатат дегенди четке какты.

Рамиз Алиев муну менен катар "Бишкекжашылкурулуш" менен биргеликте бак-дарактарды сугаруу үчүн инновациялык каптарды сынап көргөнү белгилүү болду.

Эгер ал ишке кирип калса, тамчылатып сугарууну камсыз кылып, нымдуулуктун талап кылынган деңгээлин үч күн бою кармап турууга мүмкүндүк бере турганы айтылды.

Бишкек
Бишкек

2023-жылы "Арча демилгеси" коомдук фонду Бишкектеги жашыл аймак 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектарга кыскарганын билдирген.

Соңку жылдары Бишкек баштаган калааларда кыйылган дарактардын ордуна туя же ийне жалбырактуу карагайдын көчөттөрү отургузулуп жатканын көрүүгө болот.

Айыл чарба адисти Манас Саматов шаарларда көлөкө бере турган, декоративдик бактар отургузулушу керек деген пикирде:

Манас Саматов
Манас Саматов

"Бизде шаарларды биологиялык өмүрү бүткөн дарактар каптап кетти. Алардын көбү картайып, ооруп жатат. Көбү шаарга ылайыктуу эмес. Дүйнөдө шаарларда көлөкө берчү, декоративдик дарак өстүрүүгө маани беришет. Бийиктиги алты-он метр келген, пайдалуу дарактар көп эле. Ошолорду отургузуу керек. Бирок бизде арча өстүрүү модага айланып кеткендей. Дүйнөдө питомник деген өтө кымбат, илимий мекеме. Анткени өсүмдүктүн кандай түрү болбосун, сапаттуу көчөт чыгарат. Ар бир көчөт дизайнды, ирригацияны эске алуу менен отургузулууга тийиш. Тилекке каршы, бизде дыйканчылыкка, багбанчылыкка маани берилбейт. Ошол себептүү башаламан иштер көп болуп жатат".

Бишкектин "Жашыл чарба" муниципиалдык мекемеси 2023-жылы өз карамагындагы 236 миң бак-дарактын 30% тегерегиндегиси дарылоого муктаж экенин, карт дарактарды курт жеп, илдетке чалдыгып жатканын билдирген.

Абдыжапар Аккулов жакында Ош шаарында төрт миңдей дарактын кыйылышына алардын ооруп, чирип калганы себеп болгонун айтууда.

"Азыр Ошто 4 миңдей дарак кыйылды. Мен муну туура деп эсептейм. Анткени 1990-жылдардын соңунда шаар бийлиги ортосунан кыя чаап отуруп, басымдуусу регенерация касиетин жоготуп койгон. Көбү ооруп, куурап, авариялык абалда турган. Колдон келсе андан да көбүн кыйыш керек. Сабаттуу агротехника, адистер болсо мындан жакшы бак-дарактарды отургузуп, жашылдандырса болот. Ош эле эмес, Бишкекте деле жашыл массивдердин түрү жарды. Бадал дегенди такыр эле унутуп калдык. Төмөнкү, ортоңку, бийик ярустуу ландшафт дээрлик жок. Көчөт тигүүдө беш-алты жыл алдыга караган стратегия болушу керек. Мисалы, Ошто ийне жалбырактуу карагайларды отургуза беришет. Анын радиусу беш-алты метрди камтыйт. Эртең ал чоңойсо тамыры тротуарга, андан ары жолго жайылат. Бишкекте деле ушул абал, суу жетпегенден бактардын көбү куурап турат. Эми алардын ордуна кайра эле эмен, липа, клен, ясен, кайрагачтын жаңы түрлөрүн отургузса болот. Оштун климатына мажүрүм тал, каштан ылайык келет. Калаада бадал, тал-терек, арча-карагай баары композиция болуп турушу керек".

Бишкекте тигилген ийне жалбырактуу карагайлар.
Бишкекте тигилген ийне жалбырактуу карагайлар.

Токой мөңгүлөрдү сактайбы?

Март айында жарыяланган БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын Атласында Борбор Азия аба температурасы жогорулап жаткан аймак катары көрсөтүлгөн. Бул өз кезегинде мөңгүлөрдүн эришин тездетип жатканы айтылган.

Атласта Кыргызстанда 2000-жылдары 0,5 млн гектар токой болсо, 2023-жылы аянт кеңейип, 1,5 млн гектарга жеткен. 2040-жылы алардын санын дагы 10% көтөрүү каралып жатканы жазылган.

Өткөн жумада Каныбек Туманбаев жетектеген президенттин иш башкармалыгы мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн өлкө боюнча 7 млрд дарак отургузуу демилгесин көтөргөн.

Бирок ага удаа эле вице-премьер-министр Эдил Байсалов 24.kg агенттигине маалымат берип, өкмөттүн мындай планы жок экенин билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жылына 7-8 миллион көчөт отургузулат, жакынкы жылдары анын санын карбон насыяларынын эсебинен 30-40 миллионго чыгаруу каралып жатат.

Байсалов жашыл чарбалардын мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан ишти кыйынчылык коштоп жатканын, 2050-жылга чейин токой аянттарын кеңейтүү үчүн 800 млн дарак отургузуу керектигин кошумчалаган.

Дегеле токой аянттарын көбөйтүү мөңгүлөрдүн эришине тоскоол боло алабы? Бул суроого гляциолог Бакыт Эрменбаев мындай жооп узатты:

"Дарак отургузганда эле климаттын өзгөрүшү токтоп калбайт. Буга экология өзгөрүп жатканда коомчулуктун ага адаптация болушун жеңилдетүү деп гана карашыбыз керек. Абаны тазалоо, нымдуулукту кармоо, жер кыртышын сактоо үчүн көрүлүп жаткан комплекстүү чаралардын бири гана. Жалпысынан айтсак, климаттын өзгөрүшү менен жашыл масса өйдө карай жылганын байкап жатабыз. Мөңгү артка чегинген сайын жашыл масса өйдө карай жылат экен. Мисалы мен изилдеген Кара-Баткак мөңгүсү 3300 метр болсо, азыр 3000 метрде карагайлар пайда болду. Мурда аны 2700 метрге чейин гана өсөт деп эсептешчү. Ал өсүмдүктөрдү каттап жатабыз".

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандагы жалпы токой аянты өлкө аймагынын 6,3% ээлейт.

2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы 1650 гектар жерге көчөт тиккен. 2025-жылы 2500 гектар жерге көчөт отургузуу пландалган.

Мурдагы жылдары БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба программасы өлкөдөгү токойлор менен жайыттарды калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 29 миллион доллардан ашуун грант бере турганы кабарланган.

2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн глобалдык климаттык саммитте Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыян газдарды 44% кыскартып, 2050-жылга чейин көмүрдөн толук баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн жарыялаган. Кыргыз бийлиги мамлекеттик карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу сунушун жыл сайын кайталап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG