Тагайбек Турдукулов Памирде большевиктер ыңкылабынан кийин туулган. Коммунизм доорун башынан өткөргөн 72 жаштагы аксакалдын уулу азыр топоз багып, турист тосуп, жаңы доорго күбө болуп жашап жаткан чагы. Мургаптын Корумду жайлоосундагы боз үйүндө аксакал менен Жаңыл Жусупжан баарлашты.