Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:00

Чет элдиктерди кызыктырган Керевшин керемети


Керевшин капчыгайындагы чокулар
Керевшин капчыгайындагы чокулар

Баткендеги Керевшин капчыгайын альпинисттер "Азия Патагониясы" деп атап коюшат. Анткени ал жер жашыл шалбаасы, агын суулары жана шамалы менен Түштүк Американын тоолорун эске салат. Керевшинге келген альпинисттер менен экстремалдык спорт сүйүүчүлөрдү ишкер Жунус Каразаков тосуп алып тейлейт.

Баткендик ишкер Жунус Каразаков 15 жылдан бери экстремалдык тоо спортун сүйүүчүлөр менен иштешет. Анын башкы максаты Баткен облусунда туризмди өнүктүрүү, аймакка туристтерди тартуу, ошондой эле Керевшин аймагын дүйнөдөгү альпинисттерге, аска-ташка чыккандарга кеңири таанытуу.

Жунус Каразаков негизинен чет өлкөлүк альпинисттердин, тоо туризмине кызыккандардын Кыргызстанга келип-кетүүсүн уюштуруп берет. Анын бул жолку коноктору - Эквадор өлкөсүнөн келген аскага чыккан альпинисттер.

Алар Баткенге келгенде бир күн айылда түнөп, азык-түлүгүн камдап, эс алышат. Эртеси таң азандан жолго аттанышат.

"Азыр саат беш жарым болуп калды. Базалык лагерге жетүү үчүн эрте жөнөйбүз. Себеби, Эгиз-Жарга үч саатта жетебиз. Андан ары дагы сегиз саат жол жүрүү керек", - деди Жунус.

Эми Жунус коноктору менен машинеге түшүп, аларды Керевшин капчыгайынын кире беришине алып барат. Ал жерден альпинисттер малчылардын аттарына жүгүн артып, өздөрү жөө-жалаңдап жалама зоого жакын барып конушат.

Баймырза Мыктарали уулу - туристтерди зоокаларга чейин жеткирген жергиликтүү гид. Анын баамында жыл сайын бул жакка орто эсеп менен 100-200 адам келет.

Баймырза Мыктарали уулу
Баймырза Мыктарали уулу

Эквадордон келген тоого чыгуучу туристтер Дамарис менен Николастын негизги максаты Слесов чокусун багындыруу экен. Эгер мүмкүнчүлүк болсо Керевшиндин дагы башка чокуларына чыгууну көздөшөт.

"Кыргызстанга келгенибизге үч күн болду. Тоолор керемет. Шумдуктуудай кооз экен. Капчыгайга кирип, зоолорду көрүүгө ашыгып турам. Азияга биринчи жолу келишим. Бул жерди ал Николас досунан угуп, көптөн бери келсем деп эңсеп жүргөн", - деди Дамарис бизге.

Эквадордон келген Дамарис менен Николас
Эквадордон келген Дамарис менен Николас

"Элиңер сонун экен, меймандос. Бул жерге биринчи жолу келишим. Алдыда дагы эмнелерди көрөбүз деп дегдеп турам. Ак-Суу өрөөнү [Керевшин] тууралуу эки-үч видео көргөм. Бул жерде тоого чыккан кандай сонун экенин айтып бүтпөйсүң го. Альпинизм, зоокалар - ажайып дүйнө", - деген Николастын айлана-теребелге суктанып турганы көрүнөт.

Дамарис менен Николас эми жыйырма күнчө Керевшинде болушат.

Жунус коноктору менен ушул капчыгайда коштошуп, Баткен шаарына кайтат. Ал азыр Керевшин аймагында глэмпинг (табият койнунда эс алуу үчүн бардык шарттары бар жай) куруу иштерин аяктап калыптыр. Аны менен бирге бул аймакка Starlink спутник интернетин орноткону турат.

"Starlink буюртма бердик. Спутник байланыш, Вотсап, акысыз интернет болот. Элдин баары ошону колдонот, негизи өзүбүздүн кызмат көрсөтүүбүзгө ыңгайлуу болот. Ошону менен катар, туристтер үчүн базалык лагерде байланышты камсыздоого аракет кылып жатабыз", - деген Жунус алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Starlink – бул SpaceX компаниясы дүйнөдөгү интернет кымбат же таптакыр жеткиликсиз болгон аймактарга жогорку ылдамдыктагы, кең тилкелүү байланышты жеткирип турган глобалдык спутник системасы. АКШда Илон Макс негиздеген SpaceX – спутник системаларын изилдөө, иштеп чыгуу жана өндүрүүчү компания.

"Июлдун биринен баштап биз ал жерге глэмпинг коёбуз. Мындайча айтканда, тамактанганга шарты бар. Ичинде же сыртында жуунуу жайы, ажатканасы болот. Учурда балдар эсептеп жатат. Буюрса, 1-июлдан баштап ишке киргизебиз деген ниеттебиз", – дейт жергиликтүү ишкер.

Талаадагы глэмпинг
Талаадагы глэмпинг

Глэмпинг – мейманкананын жөнөкөй шарттары бар талаа-түздөгү кемпингдин бир түрү. Көбүнчө жуунуучу, уктоочу жайлары, ашканасы жана ажатканасы болот.

Керевшинге кесипкөйлөр гана келет. Өзүнө ишенгендер, ушул жерди багындыра алам дегендер гана келишет. Тактап айтканда, үйрөнчүктөр бул жердеги чокуларга чыккандан айбыгат. Ал үчүн атайын даярдык, талбас эмгек талап кылынат.

Жунус келечекте тоого кызыккан ким болбосун баары үчүн шарт түзүүнү пландап жатыптыр. Ишкер мындай багыттар Баткен облусунда ондоп саналарын белгилейт:

"Чек ара маселеси чечилсе, көптөгөн туристтер келет. Казакстандан келген альпинисттер бар. Өзбекстандан жок. Ошондуктан азыр Кык жайлоосуна куруп жаткан глэмпингибизге өзбек туугандар көңүл бурсун, ушул жерде эс алышсын, аптаптан качкандар ушул жакка да келишсин деп куруп жатабыз".

Керевшин капчыгайындагы чокулар
Керевшин капчыгайындагы чокулар

Керевшин капчыгайы Баткен районунун аймагында Түркстан кырка тоосуна жакын жайгашкан. Бул кооз жерди "Азия Патагониясы" деп атап коюшат. Анткени жашыл шалбаасы, агын суулары жана шамалы менен Түштүк Американын тоолорун элестетет.

Бул аймак альпинизм менен алектенгендердин сүйүктүү жери болуп калган. 2016-жылы эл аралык Альпиниада өткөн.

Керевшин капчыгайында Асан (4230 м), Үсөн (4378 м), Пирамида (5509 м), Котов чокусу, Сары дубал, Слесов чокусу жана башка белгилүү чокулар орун алган.

Соңку жылдары керемет жер Керевшинге каттаган туристтердин жана экстремалдык эс алууну сүйүүчүлөрдүн саны өсүүдө.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG