Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:00

Түркияга бара албаган түркмөн кыздары


Түркмөнстан аэропортундагы паспорт көзөмөл
Түркмөнстан аэропортундагы паспорт көзөмөл

Ашхабад аэропортунда Түркмөнстандын миграция кызматы Түркияга окууга бараткан студент кыздарды учакка отургузбай, өлкөдөн чыгарбай койду. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматына соңку эки аптадан бери маалыматтар түшүп жатат.

Түркмөнстандагы саясий кырдаалга байланыштуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы маалымат бөлүшкөн кишинин атын жашыруун калтырган.

- Бул эки-үч күн мурда болду. Менин карындаштарымдын бири Түркиядагы университеттеги окууга өткөн. Ал жакка бара жатканда рейстен түшүрүп, алып калышты. Миграция кызматы "азыр кыздар сыртка чыгарылбайт" дегенден башка түшүндүрмө берген жок. Аэропорттогу бир киши бизге карындашын Түрмөнстандан айла-амал менен чыгарып кетүүгө аргасыз болгонун айтты. Болбосо, кыздардын бардык документтери, визасы болгон. Карындашым ошол эле маалда эркек балдар тоскоолдуксуз өтүп жатканын көрүптүр.

Ушундай эле кырдаалга дагы бир студент кыз дуушар болгон. Ал ата-энесин ээрчитип Миграция кызматына барганда, “үстүдөн ушундай буюртма келди” дешип, чет өлкөгө кетүүгө уруксат берген эмес. Кыз бул тууралуу редакцияга жашыруун кат аркылуу билдирген.

Ашхабад, Түркмөнстан.
Ашхабад, Түркмөнстан.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын башчысы Фаррух Юсуповдун айтымында, бийликтин бул чечимине түшүнүү кыйын.

- Ашхабаддын аэропортунда ойго келбеген окуялар болуп жатат. Кырдаалды түшүнүү кыйын. Эмнеге мындай кылып жатканы да белгисиз. Аэропортто соңку кезде жаштарды өзгөчө текшере баштады. Бир-эки ай мурда «отузга чыга элек жаштарды жакшылап карагыла» деген буюртма түшкөнү айтылган. Андан кийин 40 жашка чейинкилердин баары катуу текшерилип жатат дешти. Соңку чектөө боюнча айтсам, студент кыздарды чыгарбоого ким буйрук бергени белгисиз. Өткөндө түркмөн бийлигинин чектөөлөрү чет жакта окуган жаштарга терс таасирин тийгизгени айтылган. Анын айынан окуу акысын төлөй албай калган айрым түркмөн кыздар сойкулукка барып жатканы тууралуу маалыматтар да чыккан. Бул балким ошого реакция болушу мүмкүн. Эми расмий маалымат жок болгондуктан, ар ким ар кандай гипотеза кылып жатат.

Айтылгандай эле, өлкөдөн чыгарбай коюу – Ашхабад аэропортунда бат-бат кайталанып турган көрүнүш. Элдин бир тобу буга моюн сунуп унчукпайт. Бирок ачуусу келип, нааразылык билдиргендер да жок эмес.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын башчысы Фаррух Юсупов айткандай, бийлик чечимине каяша айткандар үчүн Түркмөнстандын жазасы катуу.

- Бир нече ай мурда Ашхабад аэропортунда нааразычылыгын катуу-катуу айткан аял тууралуу видео интернетке тарап кеткен. Кийин ал аял узак мөөнөткө камалып кете жаздаганы тууралуу маалымат чыкты. Бирок биз аны ырастай алган жокпуз. Ага чейин бир киши бизге интервью бергени үчүн эле 20 жылга эркинен ажыратылган.

Түрдүү себептен улам өлкөдөн чыкпай калган адамдар көбөйгөндүктөн аэропортто шылуундар пайда болгон.

Алар учпай калган жүргүнчүгө миграция кызматындагы тааныштары аркылуу кетүүгө жардам берүүнү убада кылган. "Кызматы" үчүн алар 600дөн 1000 долларга чейин сурап, акчаны алган соң, паспорт-билеттер менен кошо жигин билдирбей кетишкен. "Азаттыктын" түркмөн кызматына мындай окуя болгону тууралуу буга чейин эки киши айтып берген. Анткен менен милиция бул тууралуу расмий маалымат берген эмес.

Эске сала кетсек, 2009-жылы түркмөн бийлиги Бишкектеги Америка Университетинде окуган түркмөнстандык студенттерди тышка чыгарбай, Кыргызстанда окуудан баш тартууга үндөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG