Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Ишкерлер жоопкерчиликти үйрөнө элек


Ысык-Көл. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Ысык-Көл. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүүсүз өлүмүнөн кийин мамлекеттик органдар көлдүн жээгиндеги эс айлуучу жайлардын коопсуздук маселесине көңүл бурууда. Алар пансионаттарда атайын текшерүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бирок мындай текшерүүлөр буга чейин деле болуп, анын көбү "бармак басты, көз кысты" принциби менен аяктаган.

Ишкер Жумадыл Эгембердиев тоонун чокусуна эс алуучу жай кураарда баарынан мурда агындыларды тазалоо системасын орноткон.

- "Тоонун башында туруп ага эмне баш ооруттуң? Аң казып эле койсоң сени ким соттомок эле? Бул кымбат техниканы орноткондон көрө текшерип келгендерге анча-мынча акчасын берип койсоң арзан түшмөк да” деп мени шылдыңдап жүрүшпөдүбү.

Мындай айткандардын да жөнү бар. Ошол эле Бишкек - Ысык-Көл, Бишкек - Ош жолундагы каз-катар тизилген тамактануу жайлары, көлдөгү пансионаттар, тоо боорундагы эс алуу жайлары агындысын кайда төгүп жатканын бир кожоюн өзү билет. Мындай жоопкерчиликсиз ишкерликти тескеген мамлекеттик органдар андан бетер жоопкерчиликсиз экенин айткан ишкер "буларды Кудайга койгондон башка арга жок" деп кейиди.

- Экология менен эсептешпегендерди Кудай урат! Ошол миллиондору чыгат, бир күнү!

Көл жээгиндеги таштанды. (Архивдик сүрөт)
Көл жээгиндеги таштанды. (Архивдик сүрөт)

Бирок мындай экологиялык маселелер көпчүлүгүбүз үчүн абстракттуу, бизге такыр тиешеси жок нерседей сезилет. Чанда гана бир кыргызстандык сатып алып жаткан товары же кызматы экологияга зыян келтирбей даярдалганына көңүл бурушу мүмкүн. Айталы, ошол эле "Zara h&m" бренддери "балдардын эмгегин аёосуз колдонот" деген дооматтардан кийин, өнүккөн өлкөлөрдө сатылган товарлары азайып, чоң чыгымга учураганы белгилүү.

Кыргызстандыктар балдар эмгеги, экология деген маселелерге баш оорутмак түгүл жеке өзүнүн коопсуздугу жөнүндө деле ойлонбойт. Кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин каргашалуу өлүмүнө чейин "көл жээгиндеги пансионаттар коопсуздук чарасын көрдү бекен, анда кесипкөй куткаруучу, биринчи жардам көрсөтө ала турган медайым бар бекен" деп суроо оюбузга да келген эмес. Болбосо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жыл башынан бери өлкөдө 80 киши сууга чөгүп өлдү. Бирок ушундай статистикага карабай, өзүбүз барып эс ала турган эс алуу жайларындагы коопсуздук маселесине көңүл буруп, аны талап кылгандар жокко эсе.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- Сиз экөөбүз ойлонобузбу, өзүбүздүн коопсуздукту? Ойлонгон жокпуз да. Ишкерлерди бир беткей эле "жоопкерчиликсиз" деп айтууга болбойт, бирок талап болбосо жоопкерчилик да аз болот, - деди ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов.

- Кыргызстанда жоопкерчилик маселеси каргашалуу окуялардан кийин гана эске келет. Мына азыр мамлекеттик текшерүү органдары көл жээгиндеги эс алуучу жайларда коопсуздук жагын улам-улам текшерүүдө. Бирок бул текшерүүлөр, тилекке каршы, эскертүү берип, тартип бузулган учурларды оңдоого чакыруу аракети эмес, болгону ишкерди колго чаап, андан өз пайдасын табуу менен чектелет.

Ишкер көп учурда текшерүүлөр "бармак басты, көз кысты" принциби менен аяктарын белгиледи.

Мен ошондой текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен пансионаттар жабылып, имараттар түрттүрүлгөнүн бир да жолу көргөн жокмун.

- Мамлекеттик текшерүү деген пара. Мен ошондой текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен пансионаттар жабылып, имараттар түрттүрүлгөнүн бир да жолу көргөн жокмун. Мен тигил же бул курулуш объект мыйзам бузуу менен курулуп жатканын, ал тургай курулуш жүрүп жаткан маалда өрт чыккан объектилерди өз көзүм менен көргөм, бирок алардын биринин да иши токтогон жок. Демек мамлекеттик текшерүү - бул чечкиндүү чара эмес. Албетте, коомдун көксөөсү канып калышы мүмкүн, "бизнес пара берип болсо да зыян тартты, чөнтөгү жукарды" деп. Бирок мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдө мындай компаниялар коом тарабынан жазаланып, кардардын күчү менен эле рыноктон чыгып калат, - деди ишкер Данияр Аманалиев.

Данияр Аманалиевдин баамында, ишкерлер бир гана шартта жоопкерчиликтүү болот, ал – базар экономиканынын өнүгүшү. Базар экономикасы – бул оюндун шарттарынын ачыктыгы жана тактыгы. Мындай шартта рынокко кесипкөй оюнчулар келип, алар кардарларды сапаттуу тейлей баштагандан кийин кардардын талабы күчөп, бул бизнести чоң жоопкерчиликке түртөт:

Данияр Аманалиев.
Данияр Аманалиев.

- Ошол эле Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын карасак, ал тармакта бир да кесипкөй компания иштебейт. Демек, атаандаштыкка шарт түзүлгөн жок. Убагында жерлерди аткаминерлер менен алардын жакындары ээлеп алышкан, анан бири-бирине сатып келатышат. Демек ошол эле журналисттин өлүмүнө ушул коррупциялык чынжырчага аралашкандардын баары жооп бериши керек.

Анын үстүнө көптөгөн постсоветтик өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да ишкерлик саясат менен чиелешип кеткен. Ошол эле көл жээгиндеги эс алуучу жайлардын кайсынысы кайсы аткаминерге же депутатка таандык экени расмий айтылбаса да коомдо ачык эле талкууланып жүргөн жайы бар.

Назгүл Коңурбаева, экономикалык кабарчы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG