Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Беларустагы толкундоого алты апта болду


Беларус президенти Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып көчөгө чыккандар. 20-сентябрь, 2020-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып көчөгө чыккандар. 20-сентябрь, 2020-жыл.

20-сентябрда Беларуста президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган «Адилеттик жүрүшү» өттү. Минскиде демонстрацияга түмөндөгөн адамдар чыгышты.

Ак-кызыл түстөгү желектерди кармаган миңдеген адамдар 20-сентябрда Минскидеги Эгемендик аянтына чогулушту. Алар президент Александр Лукашенкону кызматтан кетүүгө үндөгөн ураандарды чакырып жатышты. Бийлик «Адилеттик жүрүшүн» утурлай калаанын борборуна аскердик техника каражаттарын жана автозактарды алып келип койгон.

Каршылык акциялары Беларустун бир катар шаарларында өттү. Брестте демонстранттар менен полиция кагылыша кетип, күч түзүмдөрү жарандарды көздөй жаш чыгарчу газ чачышты. Ошондой эле полиция асманга карай ок атты.

Минскидеги жүрүштө 160тай, ал эми Гомел, Гродно, Брест жана башка шаарларда 60тан көп адам кармалганын «Вясна» укук коргоо уюму кабарлады.

Баш калаада бир канча саат бою Интернет жакшы иштеген жок.

Жалпы кармалгандардын саны 12 миңге жетти

Беларуста ири каршылык акциялары 9-август күнү президенттик шайлоодо Александр Лукашенко утканы расмий жарыялангандан бери токтобой келет. Андан бери демонстрацияларга чыккан 12 миңдей адам кармалганын «Вясна» укук коргоо борбору билдирди. Кармалгандардын көбү кыйноого кабылып, тепки жеген. Аталган уюмдун башчысы Алесь Беляцкийдин айтымында мынча адам Беларустун тарыхында кармалып көргөн эмес.

«Бул болуп көрбөгөндөй масштаб, - деди ал. - Адатта 2006-жылы же 2010-жылы репрессияга кабылган үч миңдей адам катталчу. Баарынан кооптуусу бул кылмыш иштеринин ачылып жатканы. Азыр саясий мүдөө менен убактылуу тергөө абагында отургандардын же тышка чыкпоого кол коюп бергендердин саны 300дүн тегерегинде».

«Вясна» укук коргоо борборунун башчысы Алесь Беляцкий.
«Вясна» укук коргоо борборунун башчысы Алесь Беляцкий.

Кармалгандардын арасында оппозициянын лидерлеринин бири, Координациялык кеңештин мүчөсү Мария Колесникова да бар. Ал ушул тушта Жодина шаарындагы тергөө абагында отурат.

Колесниковага «улуттук коопсуздукка доо келтирген чакырык таштаган» деген айып коюлган.

Учурда Литвада жүргөн оппозиция лидери Светлана Тихановская акцияларга чыгуудан коркуп жаткандарга кайрылып, аларды кыймылга башка жолдор менен жардам берүүгө чакырды. Ал желек тигип, кармалып чыккандарга көмөктөшүп, өз сунуштарын берип турууга үндөдү.

«Биздин өлкө толугу менен өзгөрдү, азыр баары мааниге ээ. Эгер силер бүгүн көчөгө чыкпасаңар да жаңы Беларуска карай кадамды эртең таштасаңыз болот. Өлкөбүздүн келечегине таасир тийгизе турган аракетти ар бир адам жасай алат. Бири-бирибизге жардам берүү менен күчүбүздү көрсөтө алабыз», деп жазды ал «Телеграмдагы» каналында.

Демонстранттарды кармоого тиешеси бар ИИМ кызматкерлеринин маалыматтары жарыяланды

«Nexta Live» «Телеграм» каналы 19-сентябрдын кечинде каршылык акцияларынын катышуучуларын кармоого тиешеси бар деп эсептелген Беларус Ички иштер министрлигинин миңден ашуун кызматкеринин маалыматтарын жарыялады. Каналдын авторлору ырастагандай, маалыматтарды алууга «кибер-партизандар» жардам берген. Жарыяланган документте кызматкерлердин аты-жөнү, туулган күндөрү, кайсы жакта кандай кызмат өтөгөнү жана кандай наамдарды алганы жазылган.

Ошондой эле министрликке караштуу террорчулукка каршы күрөш боюнча атайын бөлүмү - «Алмаздын» кызматкерлери деп айтылган жети адамдын тизмеси өзүнчө жарыяланды.

Бул маалыматтардын чын-төгүнү белгисиз.

Ички иштер министрлиги маалыматтарды сыртка чыгарууга тиешеси барлар аныкталып, жазаланарын билдирди.

Беларусту 26 жылдан бери башкарып келген 66 жаштагы Лукашенко толкундоо үчүн АКШ баштаган бир катар Батыш мамлекеттерин күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG