Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:13
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

21:44 8.11.2020

Минск шаардык полициясы «уруксатсыз митингге» чыкканы үчүн он чакты адам кармалганын билдирди.

Баш калаада бул күнү мобилдик интернет иштеген жок. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү метро станциялары митингге бир саат калганда «жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн» деген жүйө менен жабылды.

«Демократия маршына» чыккандар оппозициянын ак-кызыл түстөгү желектерин көтөрүп жүрүштү. 7-ноябрда күч кызматкерлери Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып көчөгө чыккан ондогон дарыгерлерди кармап кеткен.

Ошол эле күнү дарыгерлердин акциясын чагылдырып жүргөн «Наша Ніванын» кабарчысы Екатерина Карпицкая жана МБХ-Медианын өкүлү Раман Папков да кармалган. Беларустагы журналисттер ассоциациясы билдиргендей, аларды «Окрестино» абагына которушкан. Уюм ушу тапта Беларуста кеминде 14 журналист камакта экенин билдирди.

Беларуста бийликке каршы элдик толкундоолор 13 аптадан бери өтүүдө.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес.

16:40 26.10.2020

Беларуста 26-октябрда айрым ири ишканаларда элдик иш таштоо башталды. Анын алдында, жекшембиде оппозиция лидери Светлана Тихановская жарандарды ушундай каршылык акциясын өткөрүүгө чакырган. 25-октябрда Минск баштаган бир катар шаарларда түмөндөгөн адамдар кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Күч түзүмдөрү демонстранттарды кууп таратып, ондогон адамдар камакка алынды. Беларуста 2,5 айдан бери президент Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар токтобой жатат.

«Элдик ультиматумдун мөөнөтү бүттү. Бүгүн жалпы элдик иш таштоо башталат - бул беларустардын эркиндиккке, зомбулукту токтотууга жана жаңы шайлоого карай таштаган кийинки кадамы. Мамлекеттик заводдордун жана мекемелердин жумушчулары, айдоочулар, шахтёрлор, мугалимдер жана студенттер таң эртеден тартып иш таштап жатат», - деди Тихановская 26-октябрда.

Азырынча кайсы ишканалар, канча жумушчу иш таштаганы так белгисиз. «Минпром» ишканасы жумушчулары мындай акцияга катышып жатканын жокко чыгарды. «Азаттыктын» беларус кызматы «Гродно Азотто» 150дөй жумушчу иш таштаганын, 13 киши камакка алынганын жазды. «Белнефтехим» ишканасынын жетекчилиги айрым активист жумушчуларды киргизбей койгону белгилүү болду. Анын алдында бул жумушчулар оппозициянын иш таштоо тууралуу демилгесин колдой турганын айтып видео кайрылуу таратышкан эле. «Атлантада» жумушчулардын жүрүшү болду. Минскиде Башкаруу академиясынын айрым студенттери иш таштаган жумушчуларга тилектештик билдирип чыгышты. Ушундай эле акцияны Беларус улуттук техникалык университети да өткөрдү.

Минскиде жекшембидеги нааразылык акциясына айрым бир маалымат булактарына ылайык, 100 миңдей киши катышты. Милиция жаш агызган каражаттарды, кулак тундурган гранаталарды колдонуп, демонстранттарды кууп таратты.

18:31 25.10.2020

Өткөн күндөрдүн хронологиясы

  • 23-октябрда Башкы прокуратуранын бир нече адиси кызматынан кетишти. Алардын арасында бөлүм жетекчилери жана орун басарлары бар.
  • 22-октябрда Беларустун Ички иштер министрлиги “нааразылык акциялары террордук опузага” айланганын билдирди.
  • Европа парламенти Андрей Сахаров атындагы быйылкы сыйлыгын Беларустун демократиячыл өзгөрүүлөрдү талап кылган оппозициячыл күчтөрүнө ыйгарууну чечти. Сыйлыкка татыктуу болгон оппозиционерлердин арасында Светлана Тихановская, Мария Колесникова, Вероника Цепкало жана Нобел сыйлыгынын лауреаты Светлана Алексиевич да бар.
  • Александр Лукашенко Минскиде Орусиянын тышкы чалгын кызматынын башчысы Нарышкин менен жолугушуп, “маалымат үчүн” ыраазычылыгын билдирди. “Биздин айланабыздагы жагдай оңой эмес, мен Союздук мамлекет тууралуу айтып жатат”, - деди Лукашенко Нарышкинге.
  • Оппозициянын Координациялык кеңеши Беларустун экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын сунуш кылды. Саясий кризистен кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү боюнча пландын алкагында Координациялык кеңеш кредиторлордон Беларустун мамлекеттик карызын төлөөгө мораторий сурашат.
  • ИИМ Беларуста ушул жылдын сентябрь айынан бери 13,5 миң адам башка өлкөлөргө кетип калганын билдирди.
  • Укук коргоочулар Беларустагы 102 кишини саясий туткун катары таанышты.
  • Президенттикке талапкер Светлана Тихановская 21-октябрда “элдик ультиматум” аткарылбаган учурда иш таштоого катышкандардын баарына кепилдик бере турганын айтты.
  • 20-октябрда Тихановская күч кызматкерлерин “эл тарапка өтүүгө” чакырды.
  • Минскидеги сот Nexta​ Live телеграм-каналын жана Nexta логотибин экстремисттик деп тапты. ИИМ бул каналдын тарткан тасмаларын бөлүшкөн адамдар айып төлөй турганын билдирди.
  • 19-октябрда Минскинин прокурору нааразылык акциялары маалында бюджетке 350 миң доллар зыян келтирилгенин билдирди.
  • 18-октябрда Беларустун КГБ башчысы өлкөдө чагымчыл акциялар даярдалып жатканын билдирди.
  • Беларус оппозициянын лидери Светлана Тихановскаяга өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү бузууга жана бийликти басып алууга үндөгөн деген негизде мамлекет аралык издөө жарыяланды.
18:31 25.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG