Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Бекназаров: Акаев "академиялык арамзалык" кылып жатат


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

"Кумтөр иши" боюнча экинчи жолу Бишкекте сурак берип кеткен Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "бардык айыптоолордон кутулганы" тууралуу орусиялык басылмага маек курду. Улуттук коопсуздук комитети Акаевге жаңы айыптоолор коюлганын билдирди. Ал тапта 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү суракка чакырыла баштады.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин Башкы прокуратураны башкарган, 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Азимбек мырза, Аскар Акаев "Кумтөр" жана башка иштер боюнча бардык айыптоолордон кутулганын билдирди. Атайын кызмат Акаевдин айтканын жокко чыгарган билдирүү таратты. Сизде кандай ой пайда болду?

- Акаевдин айтканы боюнча УКМК расмий жооп берди. Тергөө бүтө элек экен. Акаевдин интервьюсун кезектеги “академиялык арамзалыгы” деп эсептейм. Анын Кумтөр алтын кени боюнча өз күнөөсүн өкмөт башчыларына шылтап, өзүнүн башын сактап калмай адаты 1993-жылы Чынгышевди садага чапканда башталганын Жогорку Кеңештин архивинен же ошол стенографиялык жазуудан алган менин “Мен кыргызмын” деген 1-китебимдин 370-бетинен окусаңар болот. Жалган десеңер, Турсунбек Чынгышевден, Феликс Куловдон, Рамазан Дырылдаевден, Жумагул Сааданбековдон сурагыла. Ошондо да “мен Бирнштейн үчүн өз указым менен ага ишенип атайын алтын корунун, кендердин тагдырын чечкен комитет түзүп берип, өкмөттү контролдобой ката кетириптирмин” деген.

Анан Чынгышевдин ордуна Жумагуловду коюп алып, ага "өндүрүлгөн алтынды эмес, түшкөн таза кирешени бөлөбүз" деген. Башкы макулдашууну 1994-жылы 3-майда түндө Жумагулов Парижге учуп жатканда аэропорттон эле кол койдурган. Калп десеңер, Жумагулов тирүү, андан сурагыла. Кумтөр заводун ишке берүүдө техникалык-экономикалык негиздемеси жок заводду кабыл алдырып, 176 млн. доллар ашыкча баалаткан, ишенбесеңер Орозбек Дүйшеевден сурагыла.

2005-жылы толук Кыргызстанга өтө турган Кумтөрдү 2003-жылы өзү “реструктуризация” шылтоосу менен Николай Танаевге кол койдуруп, "Центеррага" бердирткен. Ал боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч комитетинин, палатанын чечимдери баары бар, депутаттар да тирүү. Ошол Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде 2005-жылы Март революциясынан кийин апрель айында кылмыш иш козголгон. Танаев качып бараткан жерден кармалып камалган, үч күндөн кийин үй камагына чыгарган башкы прокурор Азимбек Бекназаров да тирүү. Ошондо Танаев кандай көрсөтмө бергени да белгилүү. Көзү өтүп кеткен Танаевге күнөө койгонун да кудай кечирбейт.

Акаевдин “билбей калыптырмын, ката кетириптирмин” дегенине 1990-жылы ал бийликке келгенде жаңы төрөлгөн, 2005-жылы бийликтен кеткенде 15ке чыккан, азыр иши жок темселеп чет өлкөлөрдө жүргөн 30 жаштагылар же андан төмөнкүлөр эле ишенбесе, калган акыл эстүү адам ишенбейт. Анткени Кумтөр маселеси 30 жылдан бери саясат чордонунда болуп келди. Бардык революциялардын башкы талабы болду. Кыргыз коррупциясынын туу чокусу.

Канчалык “Садыке, Камчыке, Путике” дебесин элдин ырыскысы, убалы аны жөн уктатпайт, кутултпайт. Аны куткарам дегендер өзү тутулат. Барскоон суусуна төгүлгөн цианид боюнча, Цюрихке чыгарылган 2 тонна алтын, Орусиядан алып келбей койгон 14,5 тонна таза алтын боюнча жооп бердиби? Жок!

Кайсы айыптар алынганы жөнүндө Акаев айтпаптыр. Мен билгенден азыр Башкы прокуратура отурган аянты 20 гектар биринчи президенттин мейманканасын куруу үчүн, азыркы Манас академиясы олтурган биринчи президенттин үйү жана китепканасы үчүн, Ала-Арчадагы биринчи президенттин эс алуучу үйү үчүн мыйзамсыз бөлүнгөн, жумшалган бюджеттик каражат боюнча Акаев жооп бердиби? Жок, жооп бере элек.

Азыркы "Азия Молл" дүкөнү жайгашкан мурдагы “Инструментальщик” стадионун Акаев түрктөргө бекер бердиргенин 30 жаштагылар билеби? Бишкекте Ленин, Фрунзе ж.б. ондогон завод-фабрикалар болгонун, аларда үч нөөмөттө миңдеген жаштар иштегенин, миллиондогон мал-мүлкү бар ири айыл чарбасы болгонун, анда дээрлик айыл эли иштеп жашаганын азыр 30га чыккандар кайдан билсин. Анткени алардын орду да жок!

Аны ким тыптыйпыл кылды? Март, апрель жана октябрь революцияларыбы? Жок, Акаев жана анын командасы, анын жолун жолдогондор жок кылды, ошол үчүн революциялар болду. Акаев ушул кылмыштары үчүн жооп бердиби? Жок! Ал аны “улуу реформам” деп эсептейт. Өзүнүн кабинетинде администрация башчысынан, каржы министринен 500 миң доллар пара алганы боюнча жооп бердиби? Жок!

Мен баарын айтып бүтүрө албайм. Булар Акаевдин айрым гана кылмыш иштери. Азыркы Кыргызстандын бийлигиндегилер, мурдагыларга окшоп, Акаевдин аракеттерине толук баа бербей кезектеги саясий катачылыкты кетирбейт деп ишенип туралы, тергөө жүрүп жатат дешпедиби?!

- Аскар Акаев 2005-жылдагы Март ыңкылабын "мамлекеттик төңкөрүш" деп атады. Сизди ал окуялардын "бульдозери" болгон дегенди өзүңүз деле угуп жүрөсүз. Акаевдин айтканына кандай баа бере аласыз?

- 2005-жылдын Март ыңкылабын Акаев эле эмес, бир топ акаевчилер, айрым орусиялык саясатчылар, окумуштуулар да төңкөрүш деп эсептешет. Ошол эле учурда дээрлик дүйнө жүзүнүн көпчүлүк саясатчылары, окумуштуулары Кыргызстандагы Март ыңкылабы заманбап, түстүү революция катары бааланып “Жоогазын революциясы" деп дүйнөлүк тарыхтан ордун тапканын окумуштуу Акаев мойнуна алышы керек.

- Акаевдин келиши, андан айыптоолордун алынышы - мындан кийинки кадам кандай болушу мүмкүн? Эми чет элде жүргөн Курманбек Бакиев келиши мүмкүн деп суроо туудурбайбы?

- Акаевден айыптар алынды деп бүтүм чыгаруу эрте, тергөө иштери бүтө элек, ал тууралуу тергөө органдары расмий билдирүү жарыялады. Атайылап коомдук пикир жаратып жатканы үчүн, анын бөгөт чарасын тергөө органдары караш керек. Акаевдин мындай чагымчыл билдирүүлөрү, саясий туруктуулукка өз залалын тийгизбей койбойт. Курманбек Бакиевдин маселеси дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Акаев ошону билип атайын ушундай жалган билдирүүлөрдү айтып жатат. Алар үчүн Кыргызстанда тынчтык болбош керек. Тергөө органдары ыкчам чара көрбөсө, Талгарбекову илгеркидей “Акаевди орустардын генаралдары коргойт” дебесе болду.

- Учурда 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, ошол учурдагы губернаторлор суракка алынып жатат. Сизге чакыруу кагазы бардыбы?

- Эгерде кылмыш иш козгоого реалдуу объективдүү негиз болуп, жаңы кылмыш иш козголсо, акыйкаттык, чындык үчүн тергөө ишинин жүргөнүнөн чочулабаш керек. Бирок саясат үчүн, же өч алуу үчүн, же башка кызыкчылыктар үчүн козголсо, анын эки учу болот. 2010-жылкы июндагыдай окуялар менен ойноо, айыгып бараткан жараны чукуп ырбатканга барабар. Июнь окуясынын тергөө иштерин көзөмөлдөгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары мен кимге болсо да "өчкөн отту күйгүзбөгүлө" деп эскертет элем. Мен муну Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгонум үчүн айтып жатканым жок. Июнь окуясын менчелик эч ким ичинен жакшы билбейт. Көп нерселер эки элдин ынтымагы, элдин жарашып жатканы үчүн эле ачыкка чыгарылган эмес, чыгарылбайт дагы. Азыркы бийлик башындагылар өздөрү дагы түштүктө болушкан, муну абдан жакшы түшүнүшөт деп ойлойм.

Ооба, кайсы бир күчтөргө жеке таарыныч, өч алуу үчүн же Кыргызстанда дагы бир тополоң болсо дегендерге бул окуяны чукуп туруу керектир, бирок мамлекетчил саясатчылар үчүн бул от менен ойноого барабар. Июнь окуясын кайра башынан тергөө эч нерсе бербейт. Баары убагында ар тараптуу, эл аралык, мамлекеттик, парламенттик деңгээлде да иликтенген.

Жүздөгөн кылмыш иш козголуп, айрымдары сотко жеткен, айрымдары кыскартылган же өндүрүштөн убактылуу токтотулган. Ошол токтотулган, кыскартылган иштерди кайра жандандырууга негиз болсо ошол иштерди тергөө калыбына келиши мүмкүн. Эгерде кайсы бир Убактылуу өкмөттүн мүчөсүнүн же кайсы бир губернатордун жеке кылмышы болсо да суралсын. Мисалы, мен сурактан качпайм. Чакырса барам, көрсөтмө берем.

- 10-15-жыл мурдагы окуяларды кайрадан козгоонун себеби эмне?

- Биз өтө саясатташып кеткен элбиз. Бийликке келген инсандар кайсы бир саясый окуянын кесепетинен бийликке келип жатат. Кээде мамлекетчилдик позицияны пенделик позиция жеңип кеткен учурлар бар. Экинчиден, саясий люстрация боло элек. Адам өлтүргөнгө катыштыгы бары деле, кыргыз жерин саткандары деле, ууруларыбыз деле соттуулугун жойдуруп алып саясатта жүрөт. Үчүнчүдөн, саясий коррупциядан Кыргызстан арыла элек. Саясатта Акаевдин короосунда “төрөлүп” Бакиевдин короосунда “жетилип”, Атамбаевге, Жээнбековго анан бүгүн Жапаровго "ак кызматтарын" өтөп жаткан саясатчыларыбыз көп. Анан кантип 10-15 жылдык окуялар унутулсун? Оомалуу-төкмөлүү заман деген ушул.

- "Кумтөр иши" кандай аяктайт деп ойлоп жатасыз?

- Менин жеке пикиримде, оболу Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдерди денонсация кылып, анан дароо тышкы башкаруу киргизүү керек болчу. Кумтөр боюнча эл аралык деңгээлде соттук териштирүү, тергөө иштери жүрүп жатат. Биз Кыргызстандын жарандары эгемен укугубузду коргоп, өз кен-байлыктарыбызга кандай болбосун өзүбүз ээлик кылышыбыз үчүн азыркы бийликтин аракеттерин ар тараптуу колдошубуз керек. Болбосо, бизди ким эл деп эсептейт. Эл болбой калбайбызбы?

- "Кумтөр иши" боюнча көрсөтмө бердиңизби?

- Жок. Өзүм кайрылгам, Кумтөр боюнча кылмыш иш козготкон, тергөө ишин жүргүзгөн прокурор катары сурагыла деп. Чакырган жок. Июнь окуясы боюнча да чакырышкан жок, чакырса барам.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG